Президент Манас Арабаевди кызматтан алды

Манас Арабаев. Коллаж: «Жебе медиа»

Сооронбай Жээнбеков 15-майда Манас Арабаевди Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылык кызматынан алды. Мурдараак Арабаевди сот чечимдерине басым кылуу боюнча айыпташкан.

Арабаевди ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө жарлык 2018-жылдын 15-майында Кыргызстандын президентинин сайтында чыккан.

Мурдараак Сөз эркиндигин коргоо комитети президент Сооронбай Жээнбековго Манас Арабаев менен Алмаз Маткасымов тарабынан судьяларга басымы жөнүндөгү маалыматты текшерүү өтүнүчү менен кайрылган. Алар өз кайрылуусунда эл алдында айыптоолорду ачык карап, аларды кызматтарынан алууну талап кылышкан.

Арабаевге караганда Алмаз Маткасымов эч качан президенттик администрациянын кызматкерлеринин катарында байкалган эмес, ошентсе да аны ЖМК Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов менен болгон жакын байланышына ишарат кылып, Арабаевдин «орун басары» жана «серый кардиналы» деп аташкан.

«Адилет» укук коргоо уюмунун башчысы Чолпон Жакупова да башкы прокурорго текшерүү өткөрүүсүн өтүнүп, кайрылуу жазган. Жакупованын «Клоопко» айтышынча, анын көп жылдык тажрыйбасында мурдагы судья президенттин администрациясы тарабынан басым жана кийлигишүү болуп жатканы жөнүндө биринчи жолу ачык билдирип чыккан.

Арабаевди сот чечимдерине басымы үчүн мурда судья болуп иштеген Максуда Оморова айыптаган. Ал өзүнүн фэйсбук барагында кызы Гульчехра Оморованы «Ак үйдүн көрсөтмөсүн» аткарбай койгондугу үчүн судьялык кызматтан кетирип салышканын жазган.

Оморованын айтымында, президенттик администрациядагы көрсөтмөлөрдү Манас Арабаев жана Алмаз Маткасымов деген адамдар тескейт. Бул пост коомдук резонанс жаратып, укук коргоочулар менен парламентарийлер сотторго кылынып жаткан басымды териштирүүнү талап кылышкан.

Арабаев менен Маткасымовдун сотторго карата басымы жөнүндө 2016-жылы парламенттин депутаты Канатбек Исаев да айтып чыккан. Анын айтымында, «бардыгы Манастын жана анын орун басары Алмаздын телефон чалуусу менен чечилет». Анда президенттин администрациясы бул маалыматты четке каккан.

Манас Арабаевди соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматына 2015-жылы ошол кезде президент болуп турган Алмазбек Атамбаев дайындаган. Буга чейин ал ушул эле бөлүмдө эксперт болуп иштеген.


ТЕМА БОЮНЧА: