Зайналиев бейтапты карап жатат. Архивдик сүрөт

Бейтаптарды альтернативалык ыкма менен «даарылаган» табып Хашим Зайналиев Бишкекте ишин улантууда. Ошол эле учурда кыргыз милициясы ал өз ишмердигин токтотуп, Кыргызстандан кеткенин айтып жатат. 2016-жылы күзүндө Зайналиев бейтаптарынын биринин көкүрөгүн наркозу жок кесүүгө аракет жасап, натыйжада оорулуу каза тапкан. Азыр бул жөнүндө эмнелер белгилүү?

Окуянын буга чейинки тарыхы: 2017-жылы жайында табып Хашим Зайналиев Бишкекте өз клиникасын жапкан. Бул анын операция жасаган столунда көкүрөк бези менен ооруган аял кайтыш болгондон кийин болгон — табып анын көкүрөгүн наркозу жок кесип салууга аракет кылган. Анда милиция Зайналиевге каршы «мыйзамсыз дарылоо» үчүн кылмыш ишин козгоп, бирок табып ошол бойдон жазага тартылган эмес.

Азыр эмне болуп жатат?

Хашим Зайналиевдин фэйсбуктагы барагында кыргызстандыктар табыптан ар кандай оорулардан айыктырууну суранышкан посттор байма-бай пайда болуп турат. Андан сырткары, YouTube видеохостингинде Зайналиев өзү айыктырган бейтаптар жөнүндө айтып берген видеолор чыгарылып турат.

Өзүн бейтап деп тааныштырган «Клооптун» журналистин Зайналиев Бишкектин «Көк-Жар» конушунда кабыл ала турганын айтты. Кабыл алуунун баасы жөнүндө суроого ал «Өзүңөр билесиңер да» деп жооп берди.

Фэйсбуктун колдонуучулары да табып адамдарды дал ушул эле райондо «дарылоону» улантып атканын жазышууда.

Зайналиев жана анын жардамчысы Бейшенбек Бекешов «Клооптун» кабарчысына бул посттор боюнча комментарий берүүдөн баш тартып коюшту. Ошондой эле, алар табып адамдарды даарылоону улантып жатабы же жокпу жана ал бул ишмердүүлүктү Кыргызстанда жүргүзүп жатабы же башка жактабы деген суроолорго да жооп беришкен жок.

«Мен силерге эч нерсе айтып бербейм, анткени силер (журналисттер) баары бир чындыкты айтпайсыңар. Силер эл душманысыңар, силерге эч нерсе айтпайм», — деди Бекешов.

ССМ менен ИИМде эмне деп жатышат?

ССМдин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клоопко» Зайналиевдин медициналык ишмердик кылууга лицензиясы жок экенин айтты.

«Анын лицензиясы жок. Лицензияны медициналык билими барлар эле ала алышат, ал эми Зайналиевде медициналык билим жок. Саламаттык сактоо министрлиги ага медициналык ишмердик жүргүзүүгө [лицензия] берген эмес, биз бул жөнүндө эки жылдан бери айтып келебиз. Биз аны жаба алган жокпуз», — деди Айгерчинова.

Бишкек ШИИБнен билдиришкендей, акыркы маалыматтар боюнча Зайналиев ишмердигин токтотуп, 2017-жылы Бириккен Араб Эмираттарына кеткен жана мүмкүн ал ошол жактан даарылоосун улантууда.

Зайналиев эмнеси менен белгилүү?

Хашим Зайналиев — Бишкекте өзүнүн клиникасын иштетип келген табып. Ал жерде Зайналиев өз бейтаптарын салттуу эмес ыкмалар менен «даарылап» турган. Ал чөптөрдү пайдаланып, онкологиялык оорусу бар аялдардын жатынына ийне сайып дарылаган.

Зайналиев жөнүндө 2016-жылы күз айларында айтып чыгышкан — табып көкүрөк бези менен ооруган бейтапты наркоз сайбай туруп эле кесип салууга аракет кылгандан кийин кайтыш болуп калган.

Табып өзү аялдын туугандары бейтаптын көкүрөгүн кесип салууну өтүнүшкөнүн, ал мындай кадамга бир топтон кийин макул болгонун айткан. ИИМ «Мыйзамсыз даарылоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, бирок каза тапкан бейтаптын туугандары ошол бойдон милицияга арыз менен кайрылбай коюшканы үчүн ишти токтотуп койгон.

Анда ССМ милиция менен биргеликте табыптын клиникасын жабууга аракет кылган, бирок анын 16 бейтабы Улуттук онкологиялык борборго көчүүдөн баш тартып, табыпты коргоп туруп алышкан.

Бирок 2017-жылы жайында ал өз клиникасын жабууга аргасыз болгон, анткени имаратты ижарага берген адам Зайналиев менен ижара келишимин узартуудан баш тарткан. Ошол кезде Зайналиевдин жардамчысы «Клоопко» табып өз ишин Жакынкы Чыгышта улантмакчы болгонун маалымдаган.

Авторлошу: Айсымбат Токоева