Табып Хашим Зайналиев өзүнүн Бишкектеги клиникасынын ишин токтотуп Кыргызстандан кетүүгө даярданып жатат.

«5-канал» кабарлагандай, Зайналиевдин клиникасы 10-июлда жабылат.

Табыптын жардамчысы Бейшенбек Бекешев Kloop.kgге курган маегинде клиника жабылганын тастыктады. Анын айтымында, июнь айында имараттын ээси Зайналиевге ижара келишимин узартуудан баш тарткан.

Бекешевдин айтымында, табып өзүнүн даарылоосун Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү бейтаптардын чакыруусу менен барып улантат.

«Бишкекте арабдар бар, Зайналиев алардын бир нечесин даарылап айыктырды. Андан кийин алар: "Бул жакта эмне кыласың? Андан көрө биз менен кет. Эң башкысы сен дарылап тур, ал эми сенин иштериңдиңдин баарын биз жайгарабыз" деп айткан», — деди Бекешев.

Табып Зайналиев 2016-жылы бейтаптарынын бири каза тапкандан кийин белгилүү болгон. Бейтап көкүрөк безинин өсмөсү менен жабыркаган, ал эми табып анын көкүрөк безин наркоз колдонбой кесип салган.

Анда милиция ага каршы «мыйзамсыз даарылоо» боюнча кылмыш ишин козгоп, бирок иш сотко жеткен эмес. Анткени каза болгон бейтаптын туугандары табыпка каршы коюлган күнөөлөрдү колдобой коюшкан.

Зайналиев өзү билдиргендей, каза болгон аялдын туугандары бейтаптын безин кесип салууга макулдугун беришкен. Ал узакка созулган эпке келтирүүдөн кийин алардын суранычына көнүүгө аргасыз болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлиги милиция менен биргеликте табыптын клиникасын жаап салууга аракет жасашкан, бирок табыптын бейтаптары аны жактап чыгышып, алар улуттук онкология борборуна көчүүдөн баш тартышкан.

Зайналиев өзү салттуу эмес даарылоо ыкмаларын колдонгону менен белгилүү. Ал онкологиялык оорулар менен күрөшүүдө ар кандай чөп дарыларды жана жатынга ийне сайып дарылоо ыкмаларын колдонот.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: