Бишкектин Орто-Сай базарынан бомба табылган жок

ИИМдин, тез жардам жана куткаруу кызматтарынын машиналары Орто-Сай базарынын жанында. Сүрөт: Айзирек Иманалиева/Kloop.kg

ИИМ менен УКМКнын кызматкерлери Орто-Сай базарынан эч кандай жардыргыч зат таппай, ал жактан курчоону алышты. Базар бомба тууралуу маалыматтын айынан үч саатка чукул курчоого алынган. Бул соңку эки ай ичиндеги төртүнчү билдирүү.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов «Клоопко» Бишкектин Орто-Сай базарынан курчоо алынганын билдирди. Базар мурдагыдай тартипте иштей баштады.

«Базардын аймагында эч кандай шектүү буюмдар табылган жок», — деди ал. Эми УКМКнын кызматкерлери бомба тууралуу жалган билдирүү кылган белгисиз адамды издеп жатат.

Бүгүн күн жарымынан кийин базардын кызматкерлери милицияга кимдир бирөө менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып базардын аймагына бомба койгондугун билдирген белгисиз адам тууралуу кабарлашкан.

Күч органдары базарды курчап, ал жактан бомбаны табууга аракет кылышкан. Базардын бүткүл кызматкерлери менен кардарлары эвакуацияланган.

Базардын айланасындагы курчоо. Сүрөт: Айзирек Иманалиева/Kloop.kg

«Бомба» тууралуу маалыматтар

Бул соңку эки айда Бишкекте «бомба» коюлгандыгы тууралуу төртүнчү билдирүү.

Милиция 26-апрелде Борбор Азиядагы Америка университетинде (БААУ) бомба издеп, бирок таппай койгон. Эртеси күнү «Бишкек Парк» соода борборунда жардыргыч зат коюлгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Ал эми 29-апрелде бомба Бишкектин темир жол бекетинде изделген. Бул учурдун бардыгында сапёрлор эч кандай бомба табышкан эмес.

Мыйзам боюнча, терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган маалымат тараткан үчүн штраф, кара жумушка тартуу же үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.