Тууну жерге төшөгөнү үчүн музейдин кызматкерине 10 миң сом штраф салынды

«Сулайман-Тоо» музей комплексинин менеджмент жана маркетинг бөлүм башчысына Ош шаардык соту 10-майда «мамлекеттик тууну мазактаганы» үчүн 10 миң сом айып салуу чечимин чыгарды.

Ош шаардык сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов «Сулайман-Тоо» музей комплексинин менеджмент жана маркетинг бөлүм башчысына «мамлекеттик тууну мазактоо» беренесинин негизинде 10 миң сом айып пул салынганын «Клооптун» кабарчысына маалымдады.

«Ош шаардык соту угузулган айыптар боюнча музейдин кызматкерин күнөөлүү деп тапты жана 10-майда 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө 10 миң сом айыппул салынды», — деди Осмонкулов.

«Сулайман-Тоо» музейдин жетекчисинин милдетин аткаруучу Хайрулло Ибайдуллаев бөлүм башчы өз каалоосу менен 20 күн мурда жумуштан кеткенин «Клоопко» билдирди.

Маданий жайдын ичинде желектин полго төшөлүп турганы тартылган сүрөт интернетке 2018-жылдын 9-январында тараган. Сүрөттү музейдин мурдагы кызматкери Аширали Маразыков жарыялап, ал 2017-жылдын сентябрында тарыхый комплекстин жер төлөөсүндө тартылганын айткан.

Ал эми музейдин ошол кездеги жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев Маразыковду ээлеген кызматынан кеткен үчүн «өч алууда» деп эсептеп, сүрөттөрдүн музейде тартылганын четке каккан.

Андан соң Ош шаардык милициясы өткөн жылдын октябрында «Мамлекеттик гербди же желекти мазактоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

«Музейдин 117-119-бөлмөлөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканда комплекстин ошол учурдагы менеджмент жана маркетинг бөлүмүнүн башчысы кампадагы желекти усталарга алып чыгып берген. Усталар тууну жерге төшөп, аны курулуш таштандыларын чогултууга пайдаланышкан», — деп маалымдаган шаардык милиция.


ТЕМА БОЮНЧА: