Жалал-Абад: Университетке президенттин агасынын ысымы берилди

Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетке 17-май күнү президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы Кантөрө Токтомаматовдун ысымы ыйгарылды.

Маркум Кантөрө Токтомаматовдун ысымы өзү негиздеген Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетке берилди.

Токтомаматов — өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы. Ал 2017-жылдын 28-апрель күнү, 70 жаш курагында инсульттан улам дүйнөдөн кайткан.

Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова «Клооптун» кабарчысына маалымдагандай, Токтомаматов окуу жайда 24 жыл ректорлук кызматты аркалаган.

«Ал 1993-жылдан 2014-2015-жылга чейин Эл аралык университетте ректор болуп эмгектенген. 2017-жылы 25-декабрда керек-жарак кооперативдик коомунун 5-токтому менен Токтомаматовдун ысымы аталган окуу жайга ыйгарылган», — деди Абылкасымова.

Эл аралык университеттин азыркы ректору Абдилбает Мамасыдыков аталган окуу жайга Кантөрө Токтомаматовдун ысымын ыйгаруу cунушу эки жыл мурда айтылганын «Клоопко» маалымдады.

«Окуу жайды негиздеп, 24 жыл башкарган Кантөрө Токтомаматовдун ысымын университетке ыйгаруу тууралуу маселени эки жыл мурда көтөргөнбүз. Кыргыз кооперативдик коомунан токтом чыккандан соң Юстиция министрлигинен кайрадан каттоодон өттүк», — деди Мамасыдыков.

Эл аралык университет — 1993-жылы кооперативдик техникум жана училищенин базасында ачылган жеке менчик окуу жай. 1993-жылы коммерциялык институт болсо, 2005-жылы Экономика жана ишкердик академиясы деп аталган. Өткөн жылдан тарта Эл аралык университет макамын алган.

Окуу жайда контракттык негизде 5 миң студент билим алат. Күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү аркылуу иш алпарган университетте 250 мугалим эмгектенет. Эл аралык университет студенттерге эки үлгүдө: Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик дипломдорун берет.


ТЕМА БОЮНЧА: