Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы Мамлекеттик тарых музейин оңдоого кеткен чыгымды текшерип жатат. Эки күн мурда парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары музей тендерсиз жана долбоордук-сметалык документациясы жок эле оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөнүн билдиришкен.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, тарых музейинин реконструкциясы 12,8 млн евро (1,2 млрд сом) түрк грантынын каражатына жүргүзүлүшү керек болчу. Келишимге ылайык, түрк тарап үч жыл ичинде Кыргызстанга каражат которуп турмак.
Бирок 3,4 млн евро гранттык каражат музейдин тышына коротулгандан кийин өкмөт кийинки транштын которулушунун «мөөнөтүн күтпөстөн», оңдоо ишин бюджеттин акчасына бүтүрүүнү чечкен.
Жалпысынан бюджеттен музейди оңдоп-түзөөгө 19 млн евродон ашуун (1,5 млрд сом) бөлүнгөн. Музейдин реконструкцияланышын текшерүү уланып жатат, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.
Музейди оңдоонун баасы
Оппозициячыл «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары 26-майда тарых музейин тендерсиз жана долбоордук-сметалык документациясы жок эле оңдоп-түзөөдөн өткөнүн маалымдашкан. Андан сырткары, эл өкүлдөрү музейди жасалгалоого 8,7 млн сом кеткенин айтышкан.
Депутаттар көрсөткөн документтерге ылайык, консультациялык-дизайнерлик иштерге 394 миң евро кеткен. Музей үчүн эмеректин баасы 366 миң евро турган, ал эми аны Европадан алып келишкен. Ат жабдыктарын демонстрациялоо үчүн аттын эки фигурасы 28 миң еврого сатылып алынган.
Музейдин реконструкциясын Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев жана ага жакын адамдар менен байланыштырууда. Оңдоо иштери ал президент болуп турган кезде 2016-жылы башталган. Процессти президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басарлык кызматын ээлеп турган Сапар Исаков тескеген. Реконструкция иштерин 2016-жылдын 31-августуна чейин бүтүрүү пландалганы менен оңдоо иши бүгүнкү күнгө чейин уланып атат.
Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын январында реконструкциянын жүрүшүн текшерип, музей үстүбүздөгү жылдын мартында ачылат деп убада кылган.
Музейдин реконструкциясына байланыштуу суроолор ЖЭБди жаңыртууга кеткен 386 млн кытай насыясынын максаттуу пайдаланылышы боюнча депутаттардын иликтөөсүнүн кийин пайда боло баштаган. Депутаттык комиссия баалар кымбаттатылганын аныкташкан жана алар башка реконструкция болгон объекттерди да текшерүү керектигин билдиришкен.
Парламенттин депутаттары ЖЭБди жаңыртуудагы мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликти Атамбаев тартышы керек деп эсептешет. Алар жада калса экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу механизмин иштеп чыгууну да сунуш кылышкан.
Атамбаевдин учурунда жүзөгө ашырылган долбоорлорду текшерүү президент алмашкандан кийин гана мүмкүн боло баштады. Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда коррупцияга каршы күрөш жана сот реформасы маселелерине байланыштуу пикир келишпестиктер жаралган, бирок эки саясатчы тең өздөрүнүн ортосундагы кандайдыр бир араздашууну четке кагышууда.