Аскар Эшимбеков «Электр станциялардын» башчылыгына келди

Аскар Эшимбеков. Сүрөт: «Электр станциялар» ишканасынын басма сөз кызматы

Эшимбеков «Электр станциялар» ишканасын башкармакчы. Ал Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын айынан кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча шектелип кармалган Узак Кадырбаевдин ордуна келди.

Аскар Эшимбеков «Электр станциялар» ишканасынын башкы директорлук кызматына 29-майда киришти. Ал энергетика тармагында 33 жылдан бери иштеп келет, буга чейин ал «Түндүк электр» ишканасында башкы директор болгон.

Ишкананын ага чейинки башчысы Узак Кадырбаев 2018-жылы апрелде «Электр станциялар» мекемеси башкарган Бишкек ЖЭБдеги авариядан кийин кызмат абалынан кыянат пайдануу боюнча шектелип кармалган.

Кадырбаев мекемени бир жылдай башкарган. Андан тышкары, УКМК ЖЭБди жаңыртуу боюнча топтун жетекчиси Темирлан Бримкуловду жана «Электр станциялардын» топ менеджерлерин, техникалык директор Алмаз Жусупбековду, башкы директордун экс-орун басары Бердибек Боркоевди жана мурдагы директор Салайдин Авазовду, кармаган.

Бишкектин жылуулук борборунда авария 2018-жылдын январында болуп, анын айынан шаардыктар бир нече күн жылуулуксуз калган.

Башкы прокуратура авария фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон, ал эми депутаттык комиссия авариянын себептерин жана аны жаңыртууга кеткен Кытайдын 386 млн доллар насыясынын сарамжалдуу пайдаланылышын иликтей баштаган.

Комиссиянын корутундусу

Депутаттык комиссия 2018-майда ЖЭБди жаңыртуу үчүн жабдуулардын баасы кымбаттатылган, ал эми кытай тарап коротулган 386 млн доллар жөнүндө деталдуу отчет берген эмес деген тыянак чыгарган. Документте келишимге кол коюуда Кыргызстандын кызыкчылыктары эске алынган эмес деп айтылат.

Депутаттар Башкы прокуратура келишимге кол коюуга катышкан адамдарга укуктук баа берүүнү, андан сырткары насыянын сарамжалдуу пайдаланылышын изилдөөнү токтом кылган.

Мындан тышкары, корутундуда президенттик аппараттагы тышкы саясат бөлүмүнүн ошол кездеги жетекчиси Сапар Исаков Кытайдын ТВЕА компаниясынын кызыкчылыктарын «сүрөмөлөгөн» деп айтылат.

Корутунду талкууланган парламенттин жыйынында депутаттар Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда конституция боюнча тыюу салынганына карабай келишимге кол коюуда өкмөттүн ишине кийлигишкен деп билдиришкен. Алар экс-президенттерди, анын ичинде Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча механизмдин иштелип чыгышы үчүн добуш беришкен.


ТЕМА БОЮНЧА: