Сүрөт: «Алга» футбол клубу

Кант шаарында 20-май күнү өткөн «Алга» менен «Алайдын» матчы мушташ менен коштолду. Оюндан кийин «Алай» клубунун оюнчуларын сабоого шектелип Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Милиция окуяны иликтөөгө алып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ушул жана Топ-Лиганын жүрүшү боюнча башка жагдайлар тууралуу материалыбыздан окуңуз.

Кыргызстандын футбол боюнча башкы чемпионаты болгон Топ-Лиганын 9-турунда «Алай» менен «Алга» клубу 20-май күнү Кант шаарында жолугуп, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Матчтын эртеси күнү, 21-майда, коомдук тармактарда Оштун «Алай» клубунунун чабуулчусу Алия Силланын бети шишиген жана ушул эле команданын коргоочусу Шухрат Рахмановдун мурду канжалаган сүрөттөрү чыгып кеткен.

Ошондой эле, сүрөттөргө удаа эле интернетте эки тасма да тарап, анын биринде футболчулар оюн учурунда жаңжалдаша кеткенин көрүүгө болот. Экинчисинде болсо ондогон кишилер Кант шаарындагы футбол талаасынын жанында чогулуп араздашкан. Видеодо «Алайдын» оюнчулары тынчсызданып, белгисиз бирөөлөрдөн качууга аракет жасаганы байкалат.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы матчтан кийин жаңжал болгонун «Клоопко» ырастады. Мекеменин басма сөз катчысы Нургүл Нусупованын маалымдашынча, «сабалган» футболчулар арыз менен кайрылышып, жаңжалга шектелген киши кармалган.

«“Ур-токмоктоого” шектелген киши 21-майда кармалып, ал Бишкектин 41 жаштагы тургуну болуп чыкты. Ошол эле күнү ал Оштун жашоочулары сабады деп каршы арызын жазган» — деп билдирди Нусупова.

Чуй облустук милициясынан кошумчалашкандай, учурда эки тарап тең соттук-медициналык экспертизадан өтүп жатышат, анын жыйынтыгында окуянын чоо-жайы белгилүү болмокчу.

Коомдук желеде тараган тасма боюнча «Алга» командасынын басма сөз кызматы комментарий берип жатып ызы-чууга «Алганын» сүрөөнчүлөрүнүн тиешеси жок экенин маалымдаган. Ал эми «Алай» клубу болсо, чыр-чатак боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан. Бирок 22-майда, Ош шаарынын командасы Кыргызстандын футбол федерациясына (КФФ) арыз менен кайрылып, окуяны териштирүүнү өтүнгөн.

Тартип комитети оюнчулар менен машыктыруучуларга кандай чара колдонду?

Кыргызстандын футбол лигасы тараткан маалыматка ылайык, КФФнын Тартип комитети эки клубдун жүйөсүн угуп Дисциплинардык кодекстин негизинде төмөнкүдөй чечим чыгарды:

Стадиондо, ага жакын жайгашкан аймакта коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууда тийиштүү чараларды көрбөгөндүгү үчүн «Алга» футбол клубуна 50 миң сом өлчөмүндө айыппул тагылды.

Оюнда комиссарлык милдетти аткарган Андрей Ситоленкого алдыда боло турган үч матчты тейлөөгө тыюу салынып, «Алай» клубунун чабуулчусу Алия Силла оюн учурунда «агрессивдүү» болгону үчүн 10 оюнга четтетилди.

Ал эми матчты тейлеген рефери Тимур Файзуллин Топ-Лиганын 2018-жылдагы оюндарында эми калыстык кыла албайт.

КФФнын Эксперттик-аналитикалык комиссиясы чыгарган бүтүмгө ылайык, калыстык кылган Файзуллин «Алга» — «Алай» беттешинин 52-мүнөтүндө (айып соккусу учурунда) «Алганын» чабуулчусу Алмазбек Мирзалиев менен «Алайдын» футболчусу Алия Силланы туура эмес жазалаган. Ал араздашкан эки футболчуга кызыл карточканын ордуна сарыны берүү менен конфликтти жайгарып койгон.

Тартип комитети арбитр Файзуллиндин «туура эмес чечимдери» беттештеги Силланын агрессивдүү жана чагымчыл кадамдарын шарттаган деп чечим чыгарды. Бирок Калыстар комитети «Алайдын» футболчусунун кайсы кадамдары агрессивдүү жана чагымчыл болуп аныкталганы туурасында комментарий берүүдөн баш тартты.

Калыстар жана Тартип комитеттеринин чечими чыккандан кийин эки клуб тең нааразычылыгын билдирип, чечим боюнча комментарий берген эмес. Ошондой эле, алдыда өтө турган 10 оюндан четтетилген Алия Силла да өзүнө карата чыгарылган чечим боюнча кандайдыр бир билдирүү тарата элек.

Топ-Лиганын көч башындагы «Алай» кантип акыркы орундарга түшүп калды?

«Алай» клубу ушуну менен 2018-жылдын эсебинен экинчи жолу чоң жазалоого туш болуп жатат. Буга чейин, 18-майда, Ош шаарынын «Алай» жана «Алай-2» футбол клубдарынын бир нече оюндарына техникалык утулуу жазылган. Ага клубдагы футболчулардын бири жасалма документке ээ болгону себеп болгон.

Тартип комитети мындай чечим чыгарууга «Алай-2» клубу өзбекстандык Русланбек Ташланкуловго жасалма документ берип, өлкө ичиндеги матчтарга катыштырып жүргөнүн жүйө келтирген.

Комитеттин чечими менен «Алай» клубунун мүдүрү Алмаз Сулаймановдун футболго байланыштуу ишмердүүлүгү бир жылга токтотулуп, ал 10 миң сом айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Ушундай эле жаза «Алай-2» командасынын машыктыруучусу Айбек Татановго карата да чыгарылды.

Ал эми «Алай» клубунун өзүнө 5 миң сом айыппул тагылып, команданын буга чейинки өткөргөн алты оюнуна жана «Алай-2» клубунун бир матчына техникалык утулуш жазылды.

Бул окуяга чейин Топ-Лиганын турнирдик жадыбалында 17 упай менен 1-орунда келе жаткан «Алай», алты оюндун жыйынтыктары жокко чыгарылып, 9-турдагы оюндардан кийин 4 упай менен 7-орунга түшүп калды.

Учурда Кыргызстандагы клубдар арасында өлкө биринчилиги үчүн өткөн оюндун 9-турунда 19 упай топтоп «Алга» алдыга озуп чыкты. Экинчиликти фаворит клубдан бир упай артта бараткан «Нефтчи» ээлеп турса, үчүнчүлүктү 16 упай менен «Дордой» жана «Абдыш-Ата» командалары багындырышты.

Топ-Лиганын быйылкы сезону эки клуб менен толукталды

Быйылкы сезондо Кыргызстандын чемпионатынын курамы эки команда менен толукталды. Алар Бишкектин «Илбирс» жана Оштун «Академия» командалары. Эки клуб тең 2018-жылы Кыргызстандын футбол федерациясы тарабынан ачылган, ошондуктан Топ-Лигада алгачкы жолу ойноого мүмкүнчүлүк алышты.

Топ-Лиганын 10-турдагы оюндары 8-9-июнь күндөрү өтөт. Быйылкы сезондогу оюндар ноябрь айында жыйынтыкталып, эң көп упай токтогон команда жеңүүчү деп табылат.

Топ-Лиганын былтыркы сезонунда алты клуб ойногон. Бүгүнкү күнгө чейин өлкө биринчилигин эң көп уткан «Дордой» клубу болуп саналат — Бишкектин клубу тогуз жолу жеңүүчү аталган.

Кыргызстандын футбол боюнча чемпионаты же Топ-Лига — бул өлкөнүн күчтүү командаларынын арасында өткөрүлгөн матч. Ал 1992-жылдан тарта өткөрүлүп келет.

Жыл сайын апрель айында башталган жогорку дивизиондогу чемпионат 28 тур менен өтүп, ноябрь айына чейин созулат.