Конституциялык палата экс-президенттин иммунитети жөнүндө маселени карайт

Экс-президент Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстандын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы юрист Нурбек Токтакуновдун экс-президенттин кол тийбестигин конституциялык эмес деп таануу боюнча өтүнмөсүн карап чыгат. Чечим кабыл алуу үчүн мекеменин жарым жыл убактысы бар.

Токтакунов «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, Конституциялык палата анын өтүнмөсүн 1-июнда өндүрүшкө алган. Мыйзам боюнча, кароо процесси беш ай убакытты алат, бирок соттун төрагасы аны дагы бир айга узартып коюшу мүмкүн.

Укук коргоочу Конституциялык палатага өз арызы менен 2018-жылы апрелде кайрылган. Анда ал мунун экс-президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси жок экенин айткан. Анын айтымында, мурдагы президенттер качандыр бир кезде жасашкан өз кылмыштары үчүн ар кандай куугунтуктан «түбөлүк корголгон».

«"Президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө" мыйзамга ылайык, экс-президенттин түбөлүк кол тийбестиги баары мыйзам алдында бирдей деген конституциялык принципке карама-каршы келет», — деп эсептейт Нурбек Токтакунов.

Ал экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө жалгыз эле маселе көтөрүп жаткан жок. Парламенттин депутаттары Исхак Масалиев жана Курманкул Зулушев 30-майда экс-президенттерди кантип кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектиги жөнүндө жазышкан мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышкан. Алар документте экс-президенттердин кол тийбестигинин деңгээлин азайтууну да сунушташууда.

Эгерде парламент бул документти кабыл алса, анда экс-президентти жоопкерчиликке тартуу иши Башкы прокуратура менен Жогорку Кеңешке жүктөлөт.


ТЕМА БОЮНЧА: