Атамбаев Исаковго, Кулматовго жана Артыкбаевге каршы иштерди «аңчылык» деп атады

AppleMark

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев билдиргендей, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду, Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовду жана КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаевди коррупция боюнча айыптоо «акыл-эске сыйбайт». Анын айтымында, «коррупция менен күрөшүү деген кыйкырыктардын астында өз пикири, өз позициясы барларга аңчылык башталган».

КСДПнын басма сөз кызматы 6-июнда мурдагы президенттин тарапкерлеринин, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун, экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун жана депутат Осмонбек Артыкбаевдин, кармалышына реакциясын билдирген Атамбаевдин кайрылуусун таратты.

Атамбаевдин ырастоосунда, Исаков да, Кулматов да атайын кызматтар айыптап жаткан чечимдерди кабыл ала алышмак эмес. Бишкектин Биринчи май райондук соту Бишкек ЖЭБди жаңыртууга байланышы бар бул мурдагы аткаминерлерди тергөө изоляторуна камакка алуу чечимин чыгарган.

Атамбаевдин айтымында, ЖЭБди жаңыртуу жана кытай грантын бөлүштүрүү боюнча бардык чечимдерди ал өзү жана өкмөт кабыл алган.

«Мындай чечимдерди кабыл алууда өлкө президентинин негизги ролу, мамлекеттик органдардын жана мамалекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигинин таңкыстыгы, мамлекет башчысынын тышкы саясаттагы милдеттери, ошондой эле Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясынын талаптарын ишке ашыруу менен шартталган», — дейт экс-президент.

Атамбаев Исаков менен Кулматовду коррупцияга каршы күрөшчүлөр деп атаган.

Мурдагы президенттин айтымында, Сапар Исаковдун өкмөтү төрт айда Кулматов «коррупциядан тазалаган» бажыдан түшкөн жыйымдардын эсебинен 5 млрд сом мамлекеттик бюджеттин профицитин камсыздаган.

Атамбаев Исаков менен Кулматовдун камалышын Сапар Исаков бажы кызматынын төрага орун басарлыгынан кетирген Раимбек Матраимовдун «достору тарабынан» болуп жаткан «өз пикири, өз позициясы барларга аңчылык» деп атаган.

«[...] өткөн 2017-жылдагы коррупция менен күрөшүүнүн алкагында, эч кандай куру кыйкырыгы жок эле бюджетке 9 миллиард сом кайтарылган болсо, ал эми бул жылдын көрсөткүчтөрү азырынча алда канча төмөн», — деп айтылат кайрылууда.

Атамбаев өз кайрылуусунда учурдагы президент Сооронбай Жээнбековду түзмө-түз сынга алган эмес, бирок УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын азыркы директору Сагынбек Исмаиловду Жээнбековду «опурталдуу жолго түртүп» жаткан «элпек досу» деп атаган.

Исаков менен Кулматовдун кармалышы

Бишкектин Биринчи май райондук соту Исаков менен Кулматовду 5-июнда камакка алган.

Исаковго Бишкек ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция иши боюнча айып тагылган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Исаков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турган кезде, Бишкек ЖЭБди жаңыртуу үчүн жалданмачыны тандоодо, «чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын сүрөмөлөгөн».

Ал эми Кулматовго Бишкектин Калыс-Ордо конушунда мектепти курууда Кытайдын ТВЕА компаниясынын грантынан 2 млн доллар мыйзамсыз пайдаланылган делип айып тагылган. Кытай бул грантты ЖЭБди жаңыртууга кеткен 386 млн доллар насыя менен биргеликте бөлүп берген.

Кулматов өзү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагыларга саясий куугунтук жүрүп атканын билдирген.

Бишкек ЖЭБди жаңыртуу боюнча териштирүүнүн өзү үстүбүздөгү жылдын январынын аягында бишкектиктердин көпчүлүк бөлүгүн жылуулуксуз калтырган ЖЭБдеги авариядан кийин башталган.

Анда Кыргызстандын бийлиги бир гана авариянын себептерин эмес, жылуулук борборун жаңыртуу үчүн 386 млн доллар өлчөмүндө кытай насыясынын чыгымдалышын да териштире баштаган (Кыргызстан насыя боюнча үстөк пайыздарды кошуп Кытайга 500 млн доллар кайтарып бериши керек).

Саясий тиреш

Бишкек ЖЭБи боюнча териштирүүлөрдүн бардыгы да өз кызматына 2017-жылдын ноябрынын аягында келген учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин командаларынын ортосундагы көмүскө тирештин шартында өтүп жатат.

Жээнбековдун президенттигинин жети айында жогорку кызматтарды ээлеген Атамбаевдин жакынкы үзөнгүлөштөрү кызматтарынан кол жууп калышкан — алардын арасында, мисалы, УКМКнын, Башкы прокуратуранын жана ИИМдин башчылары бар.

Атамбаевдин таянычы Сапар Исаковдун премьер-министрликтен кетиши эң эле чуулгандуу отставка болуп калган — бул 19-апрелде парламент тарабынан өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча вотумунун жыйынтыгында болгон. Исаков отставкага кеткенден кийин КСДП партиясында Атамбаевдин орун басары болуп дайындалган.

УКМК ЖЭБди жаңыртуу жөнүндө кылмыш иши боюнча Исаковду бир нече ирет суракка чакырган — биринчи сурактарда ал күбө болгон, ал эми 29-майда ага коррупция боюнча айып тагылган.

Исаков өзүн «таза» экенин билдирген. УКМКга биринчи жолу суракка чакырылгандан кийин аны кармоого бийликте эч кандай негиз жок экенин айткан. Ошондо экс-премьер тергөөнүн суроолоруна жооп бериши керектигине макул болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: