Кыргызстандын өкмөтү бир нече жылдан бери «Коопсуз шаарды» ишке берүүгө белсенип келет. Азырынча ал сыноо тартибинде иштеп жатат — шаар борборунун төрт кесилишинде жолдо эреже бузгандарды издеген камералар орнотулган.
Кыргыз өкмөтүнөн куралган делегация 2018-жылдын февралынын башында Дубайга сапар менен барган. Андан кийин ошол учурда өкмөт башчы болуп турган Сапар Исаков Бишкекте «Коопсуз шаар» Араб Эмиратындагыга караганда мыкты иштеп берет деп билдирген.
«Клооптун» кабарчысы Регина Им Дубайга барып, аткаминерлер менен сүйлөшүп, бул долбоор аларда кандай иштеп атканын билип келди.
Дубайдын «Коопсуз шаары» кандай иштейт?
Дубайдын жол жээктеринен бир дагы патрулдук кызматкерди кезиктирбейсиң — алар шаарда дээрлик жок. Алардын ордуна эреже бузууларды каттаган камералар орнотулган, ошондон кийин гана эреже бузуучуга айыппул чегерилет.
Шаарда дайыма мобилдүү топтор жүрөт. Алардын ар бири эки полициянын машинасынан турат. Алар дайыма башкаруу борборунан түшкөн чакырыктарга реакция кылууга даяр турушат. Ал эми башкаруу борборунда операторлор шаардагы бардык камераларды көзөмөлдөп турушат.
Бул борборлорго жарандардан маалыматтар түшүп турат. Мисалы, адамдар мобилдик колдонмо аркылуу укук бузуулар жөнүндө билдире алышат.
Анда эреже бузуунун түрүн баяндап, фото же видео кошсо болот. Андан сырткары, анда SOS баскычы бар — ал токтоосуз түрдө адамга жардам керектигин кабарлайт. Ал баскыч басылгандан кийин башкаруу борборунун оператору эмне болгонун билүү үчүн ал адамга байланышка чыгат. Ал учурда ага полициянын тобу жөнөп бара жаткан болот.
Күнүгө «Коопсуз шаар» башкаруу борборуна 10 миңге жакы билдирүү жана чалуулар келип түшөт.
Азыр Дубайдын полициясы шаарда «акылдуу» Smart police station деген полиция бөлүмдөрүн ачып жатат. Бул милициянын райондук бөлүмү сымал болот, бирок алардын башкы айрымасы ал жерде кызматкерлер жок болот.
«Адамдардын көбүнө эле полиция бөлүмдөрүнө бара берген жакпайт. Анткени ал жерде кылмышкерлерден тарта ар кандай адамдар бар. Ошондуктан биз бул "акылдуу" полиция участокторун түздүк. Ал жерде сиз полициянын кызматкери менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшө ала турчу жеке шарт түзүлгөн», — деп түшүндүрдү Дубай полициясынын башкы штабындагы жасалма интеллект бөлүмүнүн башчысы Халид Нассир Аль Разуки.
Бул бөлмөлөр көбүнесе оюн-зоок аянтчасы бар эс алуу бөлмөлөрүнө окшош. Бул жерде бир гана кылмыш жөнүндө кабарлабай, автосимулятордо айдоочулук жөндөмдү текшерип, кофе ичип же болбосо китепканадан бир нерсе окуса да болот.
Азыр Дубайда алгачкы «акылдуу участок» ачылган, бирок жыл аягына дейре алар шаардын ар бир 10 районунда пайда болушу керек.
Ал эми жакынкы күндөрдө дубай полициясы шаарды кайгуулга алып, чакырыктарга учма мотоциклдер менен бара башташат. Дубай полициясы Орусиянын Hoversurf компаниясынын өндүрүшүндөгү алгачкы ховер-байктарын сыноодон өткөрүп, учкучтарды даярдап жатат.
Кылмыштарды алдын ала айткыч
Бүгүнкү күнү Дубай полициясынын ири долбоорлорунун бири — бул жашоочулардын маалыматтарын хакерлердин чабуулдарынан коргогон, андан сырткары, кылмыштардын убактысын, катталган жерин, жада калса анын түрүн алдын ала айткан жасалма интеллект.
«Бизде ар кандай булактардан көптөгөн маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Кылмыштардын окуясын негизге алып, биз кылмыш боло турчу ыктымал жердин локациясын жана анын түрүн биле алабыз. Буга кылмыш жасалат деген 100 пайыз кепилдик жок, бирок бизге бул абдан жардам бериши мүмкүн», — дейт Аль Разуки.
Күн алыс Дубайдын полициясы өзүнүн мобилдүү топторун атайын түзүлгөн эмес маршруттар боюнча кайгуулга жөнөтөт — жасалма интеллект шаардын эң эле криминалдашкан аймактарын аныктап, полиция кызматкерлери дал ошол жерлерге жөнөп кетишет.
«Мурда полиция кызматкерлери белгиленген аймактарды кайгуулга алышчу. Алар кезметке чыгып, максатсыз эле автоунаалар менен чыгып кетишчү. Азыр эми система аларга кай жерге баруу керектигин көрсөтүп берет, анткени дал ошол жерде соңку 24 саат ичинде же акыркы жылдары кылмыштардын көбү жасалганы байкалган», — деп түшүндүрдү жасалма интеллект бөлүмүнүн башчысы.
«Коопсуз Дубай» системасынын бардык маалыматтары Дубай полициясынын башкы штабындагы дата-борбордо сакталат. Анын көлөмү — 1,8 петабайт (бул 1,8 млн гигабайттан ашуун), бирок аны 4 петабайтка чейин көбөйтүү пландалууда.
Дата-борбордун коопсуздук системасы күнүгө жүздөгөн хакердик чабуулдардын аракетин чагылдырат. Аларды көпчүлүк учурларда Кытайдын же Орусиянын хакерлери кылышат.
Полиция жана жашоочулар
Дубай полициясында 20 миңге чукул адам иштейт. Жергиликтүү полиция кызматкерлерин постсоветтик өлкөлөрдөгү укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен айырмалап турган биринчи нерсе — бул кызматкерлердин өз жумушуна жана адамдарга кылган мамилеси.
Дубай полициясында иштөө абдан кадыр-барктуу болуп саналат, ал эми шаар тургундары укук коргоо органдарынын кызматкерлерине чоң ишеним артуу менен мамиле кылышат. Полицияда жарандарды көбүнесе «кардарлар» деп аташат, бул деген полиция кызматкерлеринен жарандар сапаттуу тейлөө күтүшөт дегенди түшүндүрөт.
«Биз өз кызмат көрсөтүүбүздү жакшыртуунун үстүндө тынымсыз иштейбиз. Бизде өзүбүз атап жүргөн "Бактылуулукту өлчөгүч" бар. Бул өлчөгүчтү адамдар биздин кызматтын сапатын баалашы үчүн өзүбүздүн кардарларды тейлөө боюнча бардык түйүндөрүбүзгө орнотуп койгонбуз. Алар ыраазы же ыраазы эмеспиз деп баалашат», — дейт Аль Разуки.
Аль Разукинин айтымында, Дубай полициясы акыркы бир нече жылда айкындуулук жана тейлөөнүн сапаты деңгээли боюнча бир гана Дубайдын электр компаниясынан артта калып турат. Бирок ал 2-орун полиция кызматкерлерин жарандардын коопсуздугун сактап, аларга ыңгайлуулук түзүп берүүгө дилгир болууга мындан да көп аракет кылууга түрткү кылат деп эсептейт.
«Биздин офицерлердин ар кандай тармактарда теренигдери менен машыгууларынын жадыбалы абдан тыгыз. Бул кардарлар менен иштөө боюнча тренингдер жана тил үйрөнүү ийримдери болушу мүмкүн. Бизде кытай, немец, француз тилдеринде сүйлөгөн кызматкерлер абдан көп, жада калса биздин колдонмолор да алты тилде иштейт. Туристтердин көпчүлүгү биздин колдонмолорду өзүнө тааныш тилде колдоно алышат», — деди ал.
Дубай полициясы сары быйтыкчаны өзүнүн экинчи эн белгиси кылып алган. «Коопсуз шаарды» башкаруу борборунун тышында килейген быйтыкча бар, ал эми полиция кызматкерлеринин кызматтык формасында күлүмсүрөгөн кичинекей сары быйтыкча жабыштырылган.
«Биз муну жарандарга абдан жакындыгыбызды дагы бир ирет көрсөтүү үчүн кылабыз. Биз дайыма алардын тарабындабыз жана алар бизге ишене алышат», — дейт Аль Разуки.
Жолдордо өлүм саны баары бир жогору
Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору жөнүндө өлүм менен коштолгон жол кырсыктары жөнүндө байма-бай жазылган маалыматтардын шартында кеп кыла башташкан. Парламент бул аракети менен Кыргызстандын жолдорун коопсузураак кылууга үмүттөөнүү менен өкмөттөн анын ишке ашырылышына акча таап, тездетүүнү талап кылган.
Эгерде 2011-2016-жылдарга карата Дубай боюнча статистикага таянсак, анда жаңы технологияларга карабастан жолдордо кырсыктардын саны өсүп кеткен. Бул убакыт аралыгында жол кырсыктары көп катталып, ал эми жолдордогу өлүмдөрдүн саны 134төн 198ге чейин көбөйгөн.
Бул нерсени 3 миллиондук мегаполистин калкынын саны, анын менен кошо таранспорттун саны да өсүп жаткандыгы менен түшүндүрсө болот. Андан сырткары, Дубайдын инфраструктурасы жөө жүргөндөргө караганда автоунааларга шартталган — кээде коңшу кварталга чейин жөө жетүү абдан эле кыйын, анткени жол жээктерин авто жолдордун мамылары тосуп турат.
Бирок жаңы технологиялардын кириши менен жана кызматкерлерди окутуп үйрөтүүнүн шартында кылмыштардын саны кыскарып жатат.
Мисалы, 2013-жылы Дубайда 100 миң адамга карата кылмыштардын саны 58,6дан 36,4кө чейин кыскарган. Бул көрсөткүчкө ылайык, 2018-жылдын башында Дубай Numbeo базасынын эң эле коопсуз шаарлар тизмегинде 11-орунга чыккан. Numbeo базасынын тизмеги бүткүл дүйнө жүзү боюнча аны колдонгон адамдардын маалыматтары боюнча түзүлөт.
Дубайда чынында эле өзүңдү коопсуздукта экениңди сезип, коркпостон кечкисин сейилдеп, кум жээктерде жана соода борборлорунда жеке буюмдарыңды кароосуз эле калтырып койсоң болот.
Көп жылдан бери Дубайда жашап келе жаткан кыргызстандыктар мени менен жеке маектешүүдө көп эле жолу бир жерлерде унутулуп кеткен буюмдарды, баштыктарды, же телефондорду унутуп калышканын, бирок полиция аларды тез эле таап, кайтырып бергенин айтышты.
«Коопсуз» шаардан «акылдуу» шаарга
Аль Разукинин айтымында, Дубайдын өкмөтү полициянын ишине технологияларды 70-жылдарда эле киргизе баштаган. Бүгүн мамлекеттик кызматтардын бардыгын сайт же колдонмолор аркылуу алса болот.
«Бул бардык мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүлсүн деп жарлык чыгарган биздин вице-президент Мохаммед ибн Рашид Алдын тапшырмасы болгон. Биз [Дубай эмираты] кызматтарды электрондук форматта көрсөтө баштаган биринчи өкмөт болгонбуз. Анын мөөнөтү 2016-жыга чейин коюлган, а биз болсо аны 2016-жылы декабрда бүтүргөнбүз», — деп айтат ал.
Бүгүнкү күндө 8 миңге чукул камера бардык коомдук транспортту кошуп, жол коопсуздугун көзөмөлдөйт. Алар орнотулуп, кайгуул дрондору ишке берилгенден кийин өкмөт шаарды адамдар үчүн ыңгайлуу кыла баштаган.
«[«Коопсуз шаар» ишке ашырылгандан кийин] Дубай "акылдуу" болуп калышы үчүн стратегияны алмаштырган. Жада калса вице-президент кызмат көрсөтүүнүн бардыгы 24 саат, 7 күн мобилдик телефондордо жеткиликтүү болуп калышын өкмөттөн суранган», — деди Дубай полициясынын өкүлү.
Дубайдын ар бир тургунунда кайсыл өлкөнүн жараны экенине карабастан резиденттердин картасы бар. Аларда анын ээси тууралуу бардык маалымат сакталат: биомаалыматтар, мамлекетик төлөмдөр, айыппулдар жана башка төлөмдөр жөнүндө маалыматтар. Бул картанын жардамы менен адамдар мобилдик колдонмо аркылуу каалаган мамлекеттик кызматтарды колдоно алат.
Ал ортодо Кыргызстанда
Сапар Исаков отставкага кеткенден кийин 2018-жылдын апрелинде жаңы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт маанилүү бөлүгү коопсуздук деп саналган «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырууну улантаарын билдирген.
Бийлик апрелдин ортолорунда бир нече жол кесилиштеринде ЖКККББнын электрондук порталы менен байланышкан камераларды орноткон. Бул камералар каттаган бардык эреже бузууларды инспекторлор тариздеп, жол эрежесин бузган автоунаанын ээсине жөнөтөт. Азырынча бул камералар сыноо тартибинде иштеп жатат.
Алгачкы бир жарым айда бул камералар 80 миңден ашуун эреже бузууну каттаган. Сиздин атыңызга штраф катталганын же жогун азырынча сыноо тартибинде иштеп жаткан мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталынан текшерсе болот.
Бийлик жол коопсуздук системасынан тышкары мамлкекеттик кызмат көрсөтүүнүн жаңы ыкмаларын да сыноодон өткөрүп жатат.
Мисалы, өкмөт азыр 16 миң бишкектик колдонуп жаткан «Гибриддик почтаны» ишке берген. Бул почта бардык коммуналдык кызмат үчүн эсептерди бир дүмүрчөккө бириктирет.
Жалпысынан бийлик «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруунун баасын 60 млн доллар деп баалап жатат. Долбоордун башкы инвестору деп саналган «Хуавэй» компаниясы менен келишим үзүлгөндөн кийин өкмөт долбоорду жарым-жартылай өз күчү менен ишке ашырууну чечкен.