Видео: Ала-Букада тургундар Иштамберди кенин жабууну талап кылышты

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда 150гө жакын тургун Иштамберди тилкесинде жайгашкан алтын кенин казуучу ишканын жабылуусун талап кылышып митинг өткөрүштү. Чогулгандар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшкөндөн кийин тарап кетишкен.

Ала-Бука районунун Өрүктүү айыл аймагындагы Иштамберди тилкесинде 12-июнь күнү түшкө жакын 150гө чукул тургун Кытайдын «Фулл Голд Майнинг» фирмасынын ишмердүүлүгүн токтотуу талабы менен чогулушту. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук администрациясынын басма сөз катчысы Назима Алмазбекова «Клоопко» тастыктады.

«Жергиликтүүлөр кенден чыккан зыяндуу химиялык заттар элдин саламаттыгына таасир берип жатканын айтышып, ишкана жабылсын деген талапты коюшууда. Митингчилер 2 портер жана 5 жеңил машина менен саат 12:30 чамасында цехтин аймагына кирип барып, кытайлык кызматкерлердин тез арада чыгып кетүүсүн айтышкан. Жеринде алар менен өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү», — деди Алмазбекова.   

Алмазбекова кошумчалагандай, митинг алты саатка созулуп, Сатыбалдиев бул маселе боюнча эртең, 13-июнда, чогулуш өткөрүлө турганын билдирген соң эл тарап кеткен.

«Фулл Голд Майнинг» алтын өндрүүчү кытай компаниясынын жетекчилиги ушул жылдын 5-январында Иштамберди кениндеги 400 кызматкерди бошоткон. Ишканын вице-президенти Чи Шуань Тань компания мындай шарттарга барууга аргасыз болгонун жана банкрот болуу коркунучунда тураарын билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: