Самарканддагы Регистан аянтындагы Шер-Дор медресеси. Сүрөт: Тариэль Малашев

Өзбекстан көптөгөн кыргыз туристтерин тартып, ал эми өзбек жарандары Кыргызстанга байма-бай келе баштады. Туристтик агым Өзбекстанда бийлик алмашкандан кийин көбөйө баштаган. Азыр эки мамлекет кантип байланышты чыңдап атканын жана эмне үчүн кыргызстандыктарга Өзбекстанда саякаттоо кызык экенин айтып беребиз.

Бишкектик Мээрим өзүнүн Өзбекстанга болгон сапары жөнүндө эстегенде анын көз алдына дароо эле байыркы Бухара шаарынын чет жакасындагы күмбөз тартылат. Ал жакта, анын айтымында, толугу менен тынчтык өкүм сүргөн.

«Биз ал жакка киргенде адамдар сыйынып, чымчыктар сайрап жатышты. Бизди коштогон гид чымчыктар да кечки сыйынууга келишкенин айтты. Ал жакта ушундай бир тынчтык өкүм сүрүп турду. Бул сыйкырдуу бир нерсе эле. Эч нерсе жөнүндө ойлонгон жокмун», — дейт ал.

Ыйык Бахауддин Накшбанддын күмбөзү Орто Азиянын Меккеси деп саналат. Бул жакка тилектердин аткарылышын жана күнөөлөрдүн кечирилишин сурап келгендер көп.

Мээримге Өзбекстанга барып, тарыхый эстеликтерди кол менен кармап көрүү качандыр бир кезде кыял гана болчу. Ал мунун баарын туристтердин кооз саякаттарына көз салып, интернеттен гана көргөн. Мээрим ал түгүл Самарканд Өзбекстанда жайгашканын да билбегенин айтат.

«Өзбекстан мен үчүн кол жеткис болчу, муну билчүмүн, бирок мен ал жакка абдан баргым келип, талпынчумун», — дейт ал.

Бухара эмирлеринин чебине карай жолдогу медресе. Сүрөт: Тариэль Малашев

Акыркы он жылда Өзбекстан кыргыз туристтери үчүн дээрлик кол жеткис болчу. Коңшу өлкөгө өз алдынча чек арадан өтүп кириш үчүн кыргызстандыктарга Өзбекстандагы туугандарынан расмий чакыруу алышы керек болчу, ал эми аба жолу аркылуу учактын билети чөнтөккө туура келчү эмес.

Буга эки өлкө ортосундагы бир топ жылга созулган араздашуу себеп болгон. Советтер биримдиги тарагандан кийин чек арага жакын жерлерди бөлүштүрүү жөнүндө маселелер чечилбей кала берген. Ар бир өлкө ар кайсы жылдары чыккан карталарга таянуу менен өз вариантындагы мамлекетттик чек араны сунуштап келишкен. Чек аранын 1378 чакырымы талаштуу болуп калган.

Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык араздашуунун айынан Өзбекстан 2010-жылы чек араны бир тараптуу жаап, кийинчерээк андан өтүүгө чектөө киргизген.

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов 2016-жылы дүйнөдөн кайтып, анын ордуна Шавкат Мирзиёев келгенден кийин абал өзгөрө баштап, ал эми Кыргызстан менен болгон мамиле тездик менен жылый баштаган.

Эки өлкөнүн бийликтери тең экономикалык кызматташуу жана чек аралар жөнүндө бир катар документтерге кол коюп, чоң делегациялардын сапарын уюштурушкан. Сүйлөшүүлөрдө президенттер чек аранын 80 пайыздан көбүн макулдашып, эки өлкөнүн ортосундагы каттамды жандантууну чечишкен.

Самарканддагы Улугбектин медресеси. Сүрөт: Тариэль Малашев

Кыргыз туристтери Өзбекстанга кантип барса болот?

Азыр кыргыз туристи Өзбекстанга барыш үчүн өзүнө ылайыктуу маршрутту тандап алса болот — өлкөлөр ортосунда темир жол жана авиакаттам иштеп турат. Ал эми 5-май күнү түз автобус каттамы ачылды — автобус Ташкенге күнүгө Бишкектин батыш автобекетинен чыгып, 50гө чукул адамды ташыйт.

Өзбекстанда кыргыз туристтеринин агымы өсүп жатат. Чек ара кызматынын статистикасы боюнча, 2016-жылы Кыргызстандан ал жакка 373 миңден ашуун адам, ал эми 2018-жылдын биринчи жарымында 478 миң адам барган.

Кыргызстандын туристтик компаниялары Өзбекстандын өкмөтү кыргыз туристтерине өлкөгө кирүүгө уруксат бергенден кийин 2017-жылдан тарта өзбек багыты боюнча жигердүү иштей баштаган.

Анда бир жылда Өзбекстанга 665,5 миң кыргызстандык чыккан.

Asia Expeditions компаниясынын жетекчиси Арлан Харов Өзбекстан багыты боюнча турларга суроо талап көп экенин айтууда. Компания ар түрдүү багыттарды сунуштайт: Ташкенге саякаттан тарта, өлкө ичиндеги башка турларга дейре. Харов эгерде мындай турларды алдын ала бекиттирип койбосо, орун калбай калат дейт.

Бухаранын базарында сайма сайып жаткан аял. Сүрөт: Мэрим Осмонова

Туристтерди ташыган автобус Өзбекстанга аптасына бир жолу чыгып, 40тай адамды толтуруп кетет. Сапардын баасы ар түрдүү, ал багытка жараша болот. Өзбекстандын баш калаасын 4500 миң сомго көрсө болот.

«Бул эң арзан турпакет. Ал "Менин сүйүктүү Ташкеним" деп аталат. Бул турпакетке жашоо, эртең мененки тамактануу жана көчүп-конуу кошулган. Туристтер үч күнгө барышат», — дейт Харов.

Бирок туристтик компания менен сапар тартуу бардыгынын эле көңүлүнө туура келе бербейт.

Бишкектик Хусан Өзбекстанга үч күндүк тур сатып алган. Ал тур учурунда бош убакыт кыйла эле аз болгонун айтууда.

«Программа абдан тыгыз түзүлгөн. Мен аз убакыттын ичинде көп нерсени көрүп чыктым. Эч нерсеге убакыт жетпей атты, өзүм ары-бери басып, эс алууну кааладым. Чынын айтканда, бул жакшы эмес. Анткени номерге чарчап келесиң», — деп эстеди ал.

Анын айтымында, Бишкекке келгенде бул саякаттан эс алууга туура келген, анткени маалыматтын көптүгү менен бир жерден башка жерге баруу чарчатып когон.

Бухара эмирлеринин чеби. Сүрөт: Тариэль Малашев

Чек арадагы кезек жана башка көйгөйлөр

Мээрим Өзбекстанга саякатын өзү уюштурууну чечкен. Ал «турларды кызыксыз жана эриктирме» деп эсептейт.

Ал жер транспорту менен барууну каалаган эмес, анткени узак жол жүрүү чарчатып коёт деп эсептейт. Жолду кыскартуу үчүн ал Бишкектен Ошко учак менен барып, ал жактан Өзбекстанга кеткен.

Апрелдин таңында Мээрим кыргыз-өзбек чек арасына келген. «Достук» өкмөрмө бекети толуп калган. Ал адамдар тиричилик техникалары жана башка товарлары менен турган чоң кезек күтүүнү көргөн. Алардын көпчүлүгү кийинчерээк белгилүү болгондой, бул жерде суткалап турушкан жана ошол эле жерде эшикте укташкан.

Өткөрмө бекеттеги кезек эркектердики жана аялдардыкы болуп экиге бөлүнөт — бул жерде аялдарга эркектерге жакын жологонго болбойт. Ал жерде Мээрим үч сааттан ашык турган жана эгерде өзүн жаман сезип калбаса, тура да бермек экен.

«Менин бутум ооруп, курбумдун абалы начарлап кетти. Өзбектер абдан адамгерчиликтүү келишет экен. Биздин абалды көрүп, өткөрүп жиберишти», — дейт ал.

«Достук» өткөрмө бекетиндеги көрнөк. Сүрөт: Эрнист Нурматов/RFE/RL

Өзбекстанга жер транспорт менен барууну тандап алган туристтердин көпчүлүгү өткөрмө бекеттеги көйгөйлөргө тушугушат. Мисалы, эгерде адам сакалчан болсо, анда аны бажычылар кармалып турууну суранып, «сүйлөшүүгө» ээрчитип кетиши мүмкүн.

Жеке ишкер Тариэл Малашев эжеси Самарканддын сүрөт тартылган китепти белек кылгандан бери Өзбекстанга барып келүүнү каалаган. Ал сүрөттөрдөн байыркы архитектураны, күмбөздөр менен мечиттердеги жазмаларды көрүп, качандыр бир кезде бул өлкөгө барууну самаган.

Натыйжада ал Өзбекстанга иштери менен барып, чек арадагы көңүлгө жакпаган окуяларды башынан өткөргөн. Аны чек арада токтотуп, экстремист же экстремист эмес экенин сурап тешкеришкен. Буга анын сакалы шек туудурган.

«Чек арада дайыма кармап, 10-15 мүнөткө бөлмөгө ээрчитип кетишет. Мамлекеттик коопсуздук комитетинин кызматкерлери маектешип, адамдын экстремисттик уюмдарга тиешеси бар-жогун текшерип аныкташат. Канча акча таап, эмне жумуш кылып, кай жерде иштегениңди сурашат», — дейт Малашев. Ошентсе да ал кыялым орундалды деп эсептеп, кайрадан Өзбекстанга барып келүүнү каалайт.

«Чек арадагы көйгөйлөр жөнүндө укканбыз, — дейт Кыргызстандын туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов, — азыр көйгөй эмнеде болуп жаткандыгын аныктоо үчүн бул кырдаалды талдап жатабыз. Бул тосмолордун бардыгын алып салуу үчүн биз муну Кыргызстандын, Казакстанын жана Өзбекстандын туризм министрликтери менен жолугушууда сүйлөшөбүз».

Бухарада бактын көлөкөсүндө эс алып жаткан киши. Сүрөт: Тариэль Малашев

Чек арадан өтүү үчүн кандай документтер керектелет?

Кыргызстандыктар чек арадан id-карта менен өтө алышпайт — тышкы паспорт керектелет. Эгерде Өзбекстандын аймагында үч күндөн ашуун жүрөм десеңиз, анда өлкөгө келээр замат убактылуу каттоого турушуңуз зарыл. Эгерде сиз мейманканада же хостелде консоңуз, анда сизди ошол жерге катташат — андан кийин өлкөдөн өтүп жатып талонду чек арачыга тапшырып чыгышыңыз керек.

Азамат Жаманкуловдун айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чек арадан өтүү тууралуу макулдашуу бар. Ошол макулдашуу боюнча, кыргызстандыктар Өзбекстанда 60 күн визасыз жүрө алышат.

Тариэл Малашевдин айтымында, Өзбекстанда беш күн саякаттоого болжолдуу 250 доллар кетет. Бул сумманын ичинде Бишкектен Ташкенге жол кире акысы, тамактануу, жашоо жана шаар аралык жол жүрүүлөр кирет. Азембелек, кийим-кече же башка эстелик буюмдарды сатып алуу үчүн да акча артып калат.

Бухаранын базарындагы кумуралар жана шамдар. Сүрөт: Мээрим Осмонова

Өзбек туристтери Кыргызстанда

2016-жылы 350 миң өзбек туристи кыргыз чек арасынан өткөн. Ал эми 2017-жылы бул сан 694 миңге чейин өскөн.

Азамат Жаманкулов бийликке Мирзиёев келгенден кийин Кыргызстанга кирген өзбектердин саны өскөнүн айтууда.

Жай мезгилдеринде өзбек туристтери Ысык-Көлдө эс алууну тандашат. 2017-жылы жайкы туристтик сезон учурунда Ташкен-Тамчы багыты боюнча түз авикаттам ачылып, бул Өзбекстандан туристтик агымдын өсүшүн шарттаган.

Ташкендин «Diplomatic travel» туристтик компаниясынын өкүлү Мохиба Зокиржанова Ысык-Көлгө турларга суроо-талап көп экенин жана ал өсүп жатканын айтууда.

«Бул жылы биз аптасына бери эле дегенде 320 туристти жөнөтүп турууну божомолдоп жатабыз. Суроо-талап жаралган бардык пансионаттарга жөнөтүп атабыз. Биз сунуштайбыз, ал эми туристтер өздөрү бааларга ылайык тандашат. Айрым туристтер өздөрү эле пансионаттарды тандап алышып, жыл сайын бир эле убакытта жөнөп кетишет», — дейт Зокиржонова.

Турлардын баалары ар түрдүү — туристтер тандаган баага жараша болот. Мурдагы жылы жолдомону минималдык баа боюнча 400 долларга сатып алуу мүмкүн болчу, бул жылы баа 650 долларга чейин өсүп кетти. Мохиба муну авиабилеттин баасы өсүп кеткендиги менен байланыштырды.

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Жээнбеков менен Мирзиёевдин 2017-жылдын 13-декабрында Ташкенде өткөн жолугушуусу. Эки өлкөнүн мамилеси мурдагы өзбек президенти Ислам Каримов дүйнөдөн кайтып, бийликке Мирзиёев келгенден кийин жакшыра баштаган. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Арлан Харов өзбек туристтери Ысык-Көлгө бери эле дегенде бир аптага келишээрин айтат. Ал муну өзбекстандыктар ысык климаттык аймакта жашагандыгы менен жана алар үч күндүк эс алуу үчүн 800 чакырым жолду басып өтпөй турганы менен түшүндүрдү.

«Биз Совет доорунда болгон мамилелерди калыбына келтирип жатабыз. Өзбекстандын калкы 30 миллиондон ашат, алар үчүн биздин Ысык-Көл менен Кыргызстан жакынкы курорт болуп саналат. Биздин максат — жакынкы беш жыл ичинде жыл сайын бир миллионго чейин турист тартуу. Бул жылы 200 миң, кийинки жылы 400 миң жана андан ары ушинтип улантабыз», — дейт Харов.

Өзбек туристтерин Кыргызстанга көбүрөөк тартуу үчүн Арлан Ташкенде көчмө көргөзмө уюштурган. Кыргызстандын Курорттор ассоциациясы жана Туризм департаменти менен биргеликте анын компаниясы 500дөн ашуун Өзбекстандын туристтик компанияларын, спорт федерацияларын жана ири компаниялардын профсоюздарын чакырган. Анда Кыргызстандын туристтик уюмдары менен Ысык-Көлдүн пансионаттары көрсөтүлгөн.

Туризм департаменти өзбек туристтери үчүн үч багытты өнүктүрүүнү пландап жатат. Алар: көл жээгинде эс алуу, ден соолукту чыңдоо жана спорттук туризм багыттары.

Азамат Жаманкулов Туризм департаменти өзбекстандыктарды Кыргызстанга бир гана жайкысын эмес, башка мезгилдерде да тартууну каалап атканын кошумчалады.

«Биз заводдордун жана фабрикалардын кызматкерлерин ден соолукту чыңдоого күзгү жана күзгү-кышкы маалдарга да алып келүүнү каалайт элек. Аларда заводдордо 30 миңден 60 миңге чейин адамдар иштейт. Биз ошол кызматкерлерди Ысык-Көлгө тартууну каалайт элек», — дейт ал.

Жаманкулов Өзбекстандын спорт федерациялары жана курама командалары менен жолугушуп, аларды Ысык-Көлгө спорттук машыгууларга чакырганын кошумчалады.

Жазында Кыргызстандагы өзбек элчиси менен жолугушууда Жамангулов Борбор Азияга жалпы туристтик виза жөнүндө маселесин талкуулаган.

«Бизге мисалы, Шенген визасы сыяктуу бирдиктүү виза иштеши үчүн мыйзамдарды жөнгө салышыбыз керек. Тактап айтканда, эгерде сиз Кыргызстанга виза алсаңыз, анда сиз бул виза менен Өзбекстанга, Тажикстанга жана башка өлкөлөргө кирүүгө укугуңуз пайда болот. Биз атаандаштык күрөш үчүн эмес, тескерисинче, бул багытта биргеликте илгерилөө үчүн иштешибиз керек», — деп эсептейт ал.