Жалал-Абад: тогуз жоокерди сабаган прапорщик камакка алынды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Таш-Көмүр шаарындагы аскер бөлүгүндө тогуз аскерди ур-токмокко алган прапорщик камакка алынды. Аскер прокуратурасы ага каршы кылмыш ишин козгоду.

Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокурору Руслан Тагаев окуя 10-июнь күнү таңкы саат бештерде болгонун «Клооптун» кабарчысына билдирди.

«Таш-Көмүрдөгү аскер бөлүгүндө тогуз жоокерди ойготуп, мас абалында уруп-сабаган прапорщик ошол эле күнү камакка алынды. Учурда ал ИИМдин Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайына камалды», — деди Тагаев.

Тагаев кошумчалагандай, жоокерлер сабаган прапорщикке каршы арыз жазуудан баш тартып коюшкан.

Аскер прокуратурасы шектүүгө карата «кызмат абылынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

ӨКМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов токмоктолгон жоокерлерге медициналык жардам көрсөтүлгөнүн жана алардын өмүрүнө зыян келбегенин «Клоопко» маалымдады.


ТЕМА БОЮНЧА: