Бишкектин аскер лицейинин башчысы курсанттар менен байланышкан чырдан кийин кызматынан кетти

Дайыр Асанов атындагы аскер лицейинин начальниги Мурат Бейшенов Бишкектин Жал кичи районунунун тургундары менен лицейчилердин ортосундагы араздашуусунан кийин ээлеген кызмат ордун бошотту.

Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү Тимур Шаршеналиев «Клооптун» кабарчысына Бейшенов лицейчилер жергиликтүүлөр менен араздашып кетишкенден кийин отставкага кеткенин айтты. Бирок, ал качан кызматынан бошотулаары боюнча так мөөнөттү ачыктаган жок.

Шаршеналиевдин айтымында, аскер лицейинин жаңы башчысы болуп мурда Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин аскер кафедрасында башчы болуп иштеген Дакир Узбеков дайындалды.

Аскер лицейинин курсанттары менен Жал кичи районунун тургундарынын ортосундагы араздашуу 4-февралда болгон. Милициядан уруш дем алыш күнү эки курсант жергиликтүү компьютердик клубга келгенде башталып кеткенин билдиришкен.

Араздашуудан кийин мушташ эшикте уланган. Окуя болгон жерге келген милиция алты адамды, анын ичинде бир офицерди кармаган.

Кийинчерээк лицейдин администрациясы «жарандар менен лицейчилердин ортосунда эч кандай мушташ болгон эмес» деп маалымдаган. Аскер лицейинин жетекчилиги 8-февралда 13 курсантты кайра окуусун уланта албай турган кылып окуудан чыгарып салган.


ТЕМА БОЮНЧА: