Кыргызстандын футбол боюнча курамасы. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/Sputnik

Эл аралык футбол федерациясы курамалардын дүйнөлүк рейтингдерин эсептөө боюнча жаңы системаны бекитти. Анын авторлорунун пикири боюнча, бул командаларды ФИФАнын рейтингинде адилеттүү бөлүштүрүүгө шарт түзөт. Эми андан Кыргызстандын курамасынын жылыштарын байкоо кыйла эле жеңил болот жана бул өлкө курамасынын өз поцизиясын жакшыртканга жаман эмес мүмкүндүгү бар.

ФИФАнын башчысы Жанни Инфантинонун айтымында, жаңы система тең салмактуурак жана логикалуураак болот. Ал Орусиядагы дүйнө чемпионатынан кийин киргизилет.

ФИФАнын рейтинги деген эмне?

ФИФА курамаларынын рейтинги — бул учурда куруманын күчүн билүүгө мүмкүн болгон система.

ФИФАнын жетекчилик комитети тарабынан киргизилген өзгөртүүлөргө чейин рейтинг ай сайын жаңыртылып турган — эми бул дароо эле матчтан кийин жаңыртылып турат.

Ар бир эле ышкыбоз сизге ФИФАнын рейтинги эмне үчүн керектигин жана ал кандай иштегенин айтып бере бербесе керек. Ошондуктан муну кененирээк карап көрөлү.

Эмне өзгөрдү?

Мурда ФИФАнын рейтингди эсептөө системасы упайлар адилетсиз бөлүштүрүлүп жаткандыгынын айынан сынга кабылып турган. Эл аралык футбол федерациясы эки жыл аралыгында жаңы формуланын үстүндө иштеп, аны сыноодон өткөргөн.

Анын негизине Эло ыкмасы алынган — мындай принцип боюнча азыр шахмат жана киберспорт турнирлериндеги упайлар эсептелинип келет. Андан сырткары, ФИФА жаңы системаны кыз-келиндер футболуна киргизип, анын жыйынтыктары көңүл жылытаарлык болуп калган.

Ошондо бизди кандай өзгөрүүлөр күтүп атат?

• ФИФАнын пикири боюнча, командалар достук беттештерин көбүрөөк ойношот

Мурдагы системада күчтүү командалар маанилүү чүчүкулактын алдында упайларды жоготуп алуу коркунучан оолактоо үчүн достук беттештерди азыраак өткөрүп, рейтингдерди манипуляция кыла алышкан. Мындай командалар ойношкон күндө деле өздөрүнө алсыз атаандаштарды тандашкан.

Жаңы система командаларды достук матчтарын көбүрөөк ойноого жана өздөрүнө күчтүү атаандаштарды тандоого шыктандырат.

ФИФА достук матчтарын маанилүүрөөк деп эсептешет. Анткени клубдан тышкаркы мындай оюндар менен беттештерде машыктуруучулар өздөрүнө курамда эксперимент кылып, жаңы таланттарды ачууга шарт түзө алышат. Бул келечекте оюндун сапатын дүйнө жүзүндө жакшыртат.

Мурда ФИФАнын рейтингинде матчтардын орточо эсеби менен алардын төрт жылдагы жыйынтыгы эле эсепке алынчу. Бул күчтүү курамаларга артыкчылык берчү, анткени алар бул убакыт аралыгында кадыресе эки ири турнирдин эки матчын ойноп коюшчу.

Бул аларга достук беттештерден качууга жана таймаштардын ортолорундагы тыныгууларда көп убакыт бою ойнобогонго, бирок ошол эле учурда рейтингдин башында турууга мүмкүнчүлүк берчү.

Жаңы системада соңку төрт жылдагы орточо эсеп колдонулбайт. Ошондо эгерде команда турнирге (Италия сыяктуу Дүйнө чемпионаты 2018ге) өтпөй калса, ал рейтингде төмөндөй берет. Ошентип ФИФА ири курамаларды көбүрөөк достук матчтарын ойноого мажбурлоону каалоодо.

• Эми рейтинг ар бир матчтан кийин жаңыртылат

ФИФА жаңы рейтингди жарыялоонун убактысын дайындабайт. Упайлар дароо кошулуп турат. Бул да көптөгөн адилетсиздиктен кутулууга жардам берет.

Мурда эгерде команда чүчүкулак башталганча эле матчта упай топтоп, бирок рейтинг айдын аягында чыга элек болсо, ал адилеттүү артыкчылык ала албай корзинага бөлүштүрүлбөй калчу. Эгерде рейтинг бир аз эртерээк чыкса ал рейтингдин башына чыга алмак.

• ФИФА конфедерациялардын коэффициенттерин теңдеп жатат

Бул абдан маанилүү. Эми Азия курамалары Азия Кубогунда, Европа курамалары Европа Чемпионаттарында канча упай топтошсо алар да ошончолук упай топтоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Жаңы формулада конфедерациялардын коэффициенттери таптакыр эле алынып салынат.

Мурда Европа (УЕФА) менен Түштүк Американын (КОНМЕБОЛ) конфедерацияларында барынан көп коэффициенттер бар болчу. Ошон үчүн дүйнөлүк рейтингде алдыңкы 50 орунду жалаң эле европалык жана түштүк америкалык командалар ээлеп турушат. Аларда формулаларды чыгарууда артыкчылык бар болчу жана өз жеңиштери үчүн упайлардын көбүн алышчу.

Мындай командаларга мисалы, Дүйнөлүк чемпионаттарга өтүүгө оңой болчу.

• Эми алар матчтын маанилүүлүгүнө жараша чегерилет

Бул эреже мурда эле бар болчу, бирок матчтарды бир гана достук оюндары менен континеталдык биринчиликтердин матчтарына бөлчү.

Жаңы кирген эрежелер боюнча, дүйнө чемпионатынын жарым финалында уткан команда топтук баскычта уткан командага караганда упайларды көбүрөөк алат. Ал эми плей-офф баскычындагы утулуштар үчүн командадан мындан ары рейтингдеги баллдары алынбайт.

Достук матчтарынын эми «салмагы» жеңил болуп калат. Жеңиш үчүн упайлар мурдагыдай көп эмес аз чегерилет, ал эми утулуш үчүн упай аз алынат.

Алар ФИФАнын расмий жылнаамасы боюнча матчтарга бөлүнүшөт — алар үчүн командалар көп упай алышат. Жылнаамадан тышкаркы матчтар (мисалы, континенталдык биринчиликтин алдындагы контролдук оюндар) үчүн упай аз чегерилет.

• Топтолгон/жоготулган упайлардын өлчөмү команданын салыштырмалуу күчүнөн көз каранды болот

Команда рейтингде канчалык бийик турса, анын упай ошончолук олуттуураак эсептелинет. Мына ушул Эло ыкмасы деп аталат (Венгер-америкалык физик Арпад Элого арналып аталган).

Күчтүү командадан матчты утуп алган алсыз команда (ФИФАнын рейтингине ылайык) алсыз команданы жеңген күчтүү командага салыштырмалуу көбүрөөк упай алат.

Күчтүү командадан утулуп калган алсыз командага салыштырмалуу алсыз командадан утулуп калган күчтүү команда көбүрөөк упай жоготот.

• ФИФА биринчилигинин кожоюн өлкөлөрү рейтингден адилетсиз төмөндөбөй калат, анткени тандоого катышып, автоматтык түрдө чемпионатка өтүшпөйт

Жаңы система командаларды достук матчтарын көп ойногонго шыктандырат. Бул деген мисалы, Катар 2022-жылдагы дүйнө чемпионатынын алдында достук матчтарында упай топтоп, өз тааласындагы биринчилик старт алганга дейре рейтингдин аягында жоголуп кетпегенге мүмкүнчүлүк алды дегенди билдирет.

Жаңы формула төмөндөгүдөй болот:

матчтан кийинки упай = матчка чейинки упай + матчтын маанилүүлүк индекси * (матчтын жыйынтыгы — күтүлгөн жыйынтык)

Матчтын маанилүүлүк индексинин коэффициенти:

05 – ФИФАнын расмий эмес күндөрүнөн тышкаркы достук матчтары

10 – ФИФАнын расмий күндөрүндөгү достук матчтары

15 – Улуттар лигасынын топтук баскычындагы матчтар

25 – Улуттар лигасыннын финалы жана плей-офф

25 – Континенталдык турнирлер менен дүйнө чемпионатынын тандоо матчтары (Азия Кубогу, Европа, Америка Кубогу жана башкалары)

35 – Чейрек финалга чейинки континенталдык турнирледин матчтары

40 – Чейрек финалдан башталган континенталдык турнирлердин матчтары. ФИФАнын Конфедерация кубокторунун бардык матчтары

50 – Чейрек финалга чейинки дүйнөлүк чемпионаттын финалдык баскычындагы матчтары

60 – Чейрек финалдан башталган дүйнөлүк чемпионаттын финалдык баскычындагы матчтар

Матчтын жыйынтыгы: жеңиш = 1; тең чыгуу = 0,5; утулуу = 0

Күтулгөн жыйынтык бул: 1/(10(- рейтингдеги айрымачылык/600) + 1)

Рейтингдеги айрымачылык: А курамасынын рейтинги - Б курамасынын рейтинги

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы. Сүрөт: AFC

Бул Кыргызстандын курамасына эмне берет?

Эми улуттук курама Азия Кубогуна катышуунун эсебинен рейтингде кыйла эле өйдө көтөрүлө алат. Анткени конфедерациялардын рейтингинин ортосунда туңгуюк жок болот.

Мисалы, Кыргызстан Азия Кубогу 2019да Түштүк Корея, Кытай жана Филиппиндердин командалары менен жолугушат. Келгиле, жаңы эсептөө системасы боюнча кыргыз командасы бул командалардын бири менен жолугушууда канча упай топтой алаарын көрүп көрөлү.

Азия биринчи старт алган учурда жаңы система киргизилген болот, ал эми рейинг, негизи кыйла өзгөрүшү мүмкүн, бирок биз ФИФАнын учурудагы рейтингин негизге алабыз. Демек, эгерде Кыргызстан Азия Кубогунун топтук баскычында Кытайдын курамасына каршы матчтан утса:

Жаңы формуланы эске салабыз:

матчтан кийинки упай = матчка чейинки упай + матчтын маанилүүлүк индекси * (матчтын жыйынтыгы – күтүлгөн жыйынтык)

Рейтингдеги айрымачылык: 363(Кыргызстандын упайлары))-423(Кытайдын упайлары)=-60, демек формулада жөн гана 60

күтүлгөн жыйынтык: 1/(10(60/600)+1)=0,5

матчтан кийинки упайлар = 363+35*(1-0,5)=380 жана ФИФАнын рейтингине 4 сап кошуу.

Эми күчтүү азиялык командаларга рейтингдин башына чыгууга жол ачылып, Иран жана Түштүк Корея сыяктуу курамалар топ-50нүн айланасындагы орундарга ыраазы болуп калаа берүүнү токтотот.

ФИФАнын рейтинги ири турнирлерди тандоодо чүчүкулак чоң мааниге ээ экенин эске алганда, жаңы система торго упай жыйноонун алдында курамалардын абалын кыйла эле жакшыртууга шарт түзөт.

Андан сырткары, бул алсыз курамаларды күчтүү атаандаштар менен ойноп, мындай матчтарда көбүрөөк тажрыйба топтоого түрткү кылат.

Бардык артыкчылыктарды кошкондо жаңы система жөнөкөй кишиге түшүнүктүүрөөк. Ал логикалуу жана ырааттуу.

Эми ышкыбоздор эч маселесиз эле оор формуларага башын оорутпай эле командалардын рейтингдеги кыймылдарына көз сала алышат.

ФИФАнын рейтинги эмнелерге таасир этет?

Кураманын ФИФАнын рейтингиндеги позициясы өзүнөн-өзү эле командага таасир этпейт, бирок ал дүйнөлүк чемпионаттардагы тандоо баскычтарында же континенталдык чемпионаттарда курамалардын чүчүкулагында эсепке алынат (Азия Кубогу, Евро жана башкалары).

Чүчүкулак учурунда команда рейтингде кайсыл орунда тургандыгынан корзиналарга бөлүштүрүү көз каранды. Чүчүкулакта бир корзинага күчү бирдей командалар чогулат. Ал эми бир корзинадагы командалар бир топто боло алышпайт.

Тактап айтканда, чүчүкулак учурунда курама биринчиде болуп калса — эң күчтүү корзинада, анда топтук баскычта ага күчтүү атаандаш туш келбей калат. Алсызыраактары гана туш келет. Демек плей-ооф баскычына чыгуу да жеңил болуп калат.

Азия Кубогунун топтук баскычынын чүчүкулагы артта калды, ошон үчүн ФИФАнын эсептөө системасындагы өзгөрүүлөргө келечекте көз салуу керек.

Үстүбүздөгү жылдын апрелинде Кыргызстандын курамасы дүйнөлүк рейтингде рекорддук бийик сапка чыга алган. Ал 75-орунду ээлеп, апрель айынын эң мыкты командасы деп табылган.

Азербайжандын курамасынан утулгандан кийин кыргызстандыктар дароо эле 17-сапка түшүп кетип, азыр 92-орунда турушат.

Азия Кубогунун топтук баскыч боюнча атаандаштары — Түштүк Корея, Кытай жана Филиппиндер — алар тиешелүүлүгүнө жараша 57, 75 жана 115-орундарды ээлеп турушат.

Орусиядагы Дүйнө чемпионаты аяктаганча ФИФА упайларды эски система боюнча эсептейт, ал эми мундиальдан кийин дароо эле жаңысын киргизет. Эл аралык футбол федерациясында жаңы формула учурдагы рейтингден жаңысына ырааттуу өтүүнү камсыздай алат деп эсептешет.