Сагындык Келдибаевдин дарегине мындай айыптарды мурдагы депутат Ыргал Кадыралиева таккан. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) экс-депутаттын айыптарын четке кагууда, анын маалыматы боюнча, Келдибаев Орусиянын жарандыгынан 2014-жылы эле баш тарткан. Бул жөнүндө эмне белгилүү?

Мурдагы чакырылыштын депутаты Ыргал Кадыралиева 20-июнда эл өкүлү Сагындык Келдибаевдин кош жарандыгы бар деп айыптаган. Келдибаев «Республика — Ата-Журт» фракциясынан парламентке 24-апрелде депутат болуп келген.

«Федералдык миграция кызматындагы документ Келдибаев 2018-жылдын май айына карата Орус Федерациясынын учурдагы жараны экендигин айтууда», — деди Кадыралиева «Клоопко» курган маегинде.

Ал Келдибаевдин үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазууну убада кылып, эгерде анын чет элдик жарандыгы тастыкталып калса мандатын тапшырууга үндөдү.

Кадыралиева далил катары келтирип жаткан документ — бул компьютердин экранынан телефондун камерасына тартылып алынган сүрөт. Эгерде экрандагы сүрөткө ишене турган болсок, анда Орусиянын миграция кызматынын аныктамасы 2018-жылдын 3-июнуна карата актуалдуу жана ал учурда Келдибаевдин орусиялык паспорту жарактуу болчу.

Келдибаев өзү БШКга 2014-жылы эле орус жарандыгынан чыккандыгы жөнүндө аныктама берген, бирок Кадыралиева анын чындыгына күмөн санап жатат.

Келдибаевдин жардамчысы Артур Турганбаев ырастагандай, аныктама төгүн жана депутаттын кош жарандыгы жок.

«БШК Келдибаевде башка өлкөнүн жарандыгы бар же жогун ага мандан тапшырууга чейин текшерген. Алар текшеришкен, Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги да мындай документ бере алат», — деди Турганбаев.

Келдибаевдин Орусиядагы бизнеси

Жогорку Кеңештин сайтындагы Келдибаевдин өмүр баянында ал 2012-жылдан тарта 2013-жылга чейин «АСАГА+» ЖЧКнын директору жана түзүүчүсү болгону көрсөтүлгөн.

Орусиянын контрагенттерди текшерүү үчүн СПАРК сервисинин маалыматына ылайык, «АСАГА+» ЖЧК Красноярскта катталган, ал эми анын директору Назгүл Батаева. Бирок 2012-2014-жылдары Келдибаевде Орусиянын ИННи болгон жана ал компаниянын түзүүчүсү экени көрсөтүлгөн.

Орусиянын Юридикалык жактарынын бирдиктүү мамреестринин көчүрмөсүндө Батаева 2014-жылдан тарта «АСАГА+» ЖЧКнын түзүүчүсү деп жүрөт, ал эми Келдибаев боюнча маалымат жок.

Элчиликтин аныктамасы

Келдибаев депутаттыкка катталууга документ тапшырып жатып 2016-жылы ал Орусиянын жарандыгын алганын өзү эле анкетада билдиргенин Кыргызстандын Боршайкому билдирди. Бирок анын айтымында, ал жарандыктан 2014-жылы 23-декабрда чыккан.

Ошондой эле БШК Орусиянын элчилигинен муну тастыктаган аныктама да алганын кабарлады.

Ал эми Ыргал Кадыралиева Орусияда жарандуулукту элчилик эмес, Федералдык миграция кызматы (ФМК) аныктайт деген каршы пикирин билдирди.

«Элчилик — бул болгону кайсы бир мамлекеттин өкмөтүнүн өкүлү. Ошон үчүн мен элчиликтин аныктамасы жасалма деп шектенип атам», — деди ал «Клоопко» курган маегинде.

Ыргал Кадыралиева

Боршайком Келдибаевде Орусиянын жарандыгы бар-жогун тактоону чечип, орусиялык аткаминерлерге сурам жөнөттү.

Кадыралиеванын кызыкчылыгы болушу ыктымал

«Азаттык» үналгысы Кадыралиева менен Келдибаевдин үй-бүлөлөрүнүн ортосундагы ызы-чуунун ыктамалдыгы жөнүндө билдирүүдө.

Ыргал Кадыралиеванын агасы Канжар Кадыралиев Ош прокуратурасында иштеген. Башкы прокуратура 2014-жылы анын үстүнөн «опузалоо» жана «өзүм билемдик» үчүн кылмыш ишин козгогондугунун айынан бул кызматтан кол жууп калган.

Бул кылмыш ишин козгоого ишкер Сактан Келдибаевдин туугандары тарабынан жазылган арыз себеп болгон.

Сактан — Сагындык Келдибаевдин бир тууган иниси.