Кызыл тоголок менен УКМКнын жер тилкеси белгиленген. Андан кийин дайранын артында Атамбаевдин үйү жайгашкан чоң жер участогу турат.

«Клооптун» кабарчылары Чүй облусунун Арашан айлында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанынан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) таандык жер тилкесин табышты. Атайын кызмат комментарий берүүдөн баш тартты. Алар бул жерди Атамбаев президент болуп турган кезде сатып алганы белгилүү.

Материал жаңыртылды

Бишкектин борборунан 40 мүнөттүк алыс жолдо дача үйлөрү жайгашкан айылдар бар. Алардын биринде тоолор менен бактардын арасында жылчык-тешиги жок  бозомтук дубалдын артында жашыл чатырлуу, короосунда кандайдыр бир чарбалык курулушу бар жана анчейин деле байкалбаган үй турат. Бул жерге УКМК ээлик кылат.

Андан кийин дайра артында бул жерлер үчүн кооз жашыл өсүмдүктөрү, бассейни жана бүтүндөй үй комлекстери бар өзгөчө көрүнгөн имарат жайгашкан. Ошондой эле, Кыргызстандын экс-президентинин үйү бийик дубал менен тосулган. Анын артынан короодогу үйлөрдүн ичинен бирөөсүнүн жарымы гана көрүнөт.

Мамреестрдин кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу укугунун көчүрмөсүнө ылайык, УКМК жер участогун Атамбаев бул айылдан Бишкек мэри Албек Ибраимовдун аялынан жер тилкесин сатып алгандан кийин эки жылдан соң 2017-жылы май айында сатып алган.

Документтер боюнча, УКМКнын жери — бул курулушу жок, айыл-чарба ишмердигине ылайыкталган жер участогу. Чындыгында ал жерде жогоруда чарбалык курулушу жана короосу бар деп аталган чакан үй турат. Жер участогунун калган аймагына бак-дарактар тигилген.

Мамлекет жер тилкесин атайын кызматка мөөнөтсүз колдонууга берген.

УКМК «Мамлекеттик жашыруун сырды сактоо жөнүндө» мыйзамга таянып, бул жер аларга эмне үчүн керек жана аны кандай максатта пайдаланышаары жөнүндө айтып берүүдөн баш тартты.

«УКМКнын карамагындагы объекттер, алардын жайгашкан жери жана кандай максатта пайдаланыраары ачыкка чыгарылбайт», — деп жазышкан алар «Клооптун» расмий суроосуна жооп кылып.

Жаңыртуу: Атамбаевдин үйүнөн алыс эмес жерде жайгашкан жер тилкеси 1980-жылдардан бери атайын кызматка таандык болуп келген — жер участогу ведомстволук дача деп бөлүнүп берилип, ал эми 2017-жылы май айында УКМКнын 9-кызматына президентти кайтаруу үчүн өткөрүлүп берилгенин УКМКнын басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына билдиришти. УКМКнын 9-кызматы мамлекеттин жогорку кызматтагы аткаминерлерин кайтарат.

«[Атамбаев мамлекет башчылыгынан кеткенден кийин] бул жер участогу жеке жакка сатылган», — деп билдиришти УКМКдан. Бирок басма сөз кызматтан кеп «Клооптун» бул материалы айтып берип аткан дал ошол жер участогу тууралу болуп атабы же жокпу тактап беришкен жок.

Мамреестрдин кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу укугунун көчүрмөсүнө ылайык, Арашан айлындагы жер тилкеси бүгүнкү күнгө чейин УКМКга таандык.

Атамбаев жетектеген Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева атайын кызматтын жер тилкеси— бул ведомстволук дача деп эсептейт.

«Мен тактадым, бул байыртадан эле УКМКнын дачалары экен», — деди ал.

Жолдубаева башка эч кандай комментарий берген жок жана маалымат алуу үчүн УКМКга кайрылууну сунуштады.

Атамбаевдин жери жөнүндө 2016-жылы сентябрда белгилүү болгон. Ал учурда саясатчы Өмүрбек Текебаев Атамбаевди бул жерди Бишкек мэри Албек Ибраимовдон пара катары алган деп айыптаган. Анын айтымында, Ибраимов бул жерди Атамбаевге өз аялы Айнура Ибраимова аркылуу өткөрүп берген.

Атамбаевдин 2016-жылдын сентябрда тартылган үйү. Сүрөт: Kloop.kg

Документтер боюнча Атамбаев бул жер тилкесин Айнура Ибраимовадан 2015-жылы май айында сатып алган. 2018-жылдын май айына карата жерге ээлик кылгандардын тарыхына ылайык, Ибраимова жер участогун Атамбаевге сатканга чейин эки ай мурда сатып алган.

Анда Атамбаев бул жерди өз акчама сатып алгам деп билдирген. Мыйзам боюнча президенттин буга укугу бар жана анын декларациясына ылайык, ал учурда Атамбаевдин бул жер тилкесин сатып алууга финансылык мүмкүндүгү бар болчу. Атамбаев 2015-жылы 1,3 млн сом маяна алган. Андан тышкары, аманаттардан пайыз катары 7,5 млн сомдон ашуун киреше тапкан.