Президент Сооронбай Жээнбеков 27-июнь күнү парламентте сөз сүйлөдү. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 27-июнь күнү Жогорку Кеңеште депутаттардын алдына чыгып сүйлөдү. Анын парламенттеги билдирүүлөрүн толугу менен расмий сайттан окусаңыз болот, ал эми бул материалда абдан эле кыскартылган баяндаманы сунуштайбыз.

Жашоо жакшы болуп калды. Биз экономиканы өнүктүрүү үчүн ЕАЭБге кошулдук. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусу ири долбоорлорду каржылап жатат. Өлкөнүн коопсуздугун чыңдоо жана камсыз кылуу багытында Куралдуу күчтөрдү реформалоонун концепциялык багыттары аныкталды. Руханий баалуулуктарды өнүктүрүү жаатында аракеттер жүрүп жатат. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана диний чөйрөнү реформалоого, тарыхыбызды тактоого багытталган алгылыктуу иштер аткарылууда. Сот акыйкаттуулугун орнотуу жаатында аракеттер жасала баштады. Таза шайлоолорду камсыз кылууга өзгөчө маани берилди. Биометриканы пайдалануу менен добуш берүү процессин ачык-айкын өткөрүүгө жол ачылды.

Бирок жетишкендиктерге карабастан көптөгөн нерсени өзгөртүү керек. Келечектеги мыкты Кыргызстан мындай болушу керек: Коррупциядан арылган — бийлик,  адилеттүү — сот, өнүккөн — аймак, таза — шайлоо, ынтымактуу — коом, дени сак — улут, сапаттуу — билим, күчтүү — рух, бакубат — Кыргыз мамлекети. Бул ар бирибиздин турмуштук миссиябыз, асыл максатыбыз!

Жакынкы жылдары Кыргызстандын жаркын келечегин камсыз кылчу негизги максаттар бар — адам укугун бузам дегендерге аеосуз күрөш жүргүзгөн адилеттүү бийликти түзүү зарыл. Ал үчүн чечкиндүү реформаларга барышыбыз керек. 2019-жылы судьялар, юристтер жана милиционерлер жаңыча иштей башташат. Жаӊы кодекстер жана мыйзамдарды ишке ашыруу формалдуу түрдө болбошу керек. «Үлгүрбөй калдык» деген шылтоо кабыл алынбайт. Бул реформаны саботаж кылгандарга катуу чаралар көрүлөт. Өкмөт бул ишке зарыл болгон каражатты бөлсүн. Өнүгүүнүн эсебинен үнөмдөбөйлү.

Күч түзүмдөрүн реформалап, адилеттүү жана ачык-айкын мамлекеттик башкаруу орнотуу керек. Коррупцияга каршы күрөш — артыкчылык. Ал менен күрөштө саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт. Коррупция каршы күрөшчүлөр мыйзам бузуудан алыс болууга тийиш. Бюджетке кол салгандар, сөзсүз түрдө жазаланышы керек. Мамлекеттин укуругу узун. Жооп берчү күн эртеби же кечпи баары бир келет.

1-июлдан баштап аткаминерлердин декларацияларын текшерүү башталат. Ар ким маңдай тери менен тапкан акчасына жашашы керек. Байлыгын жашыргандарды аныктоо керек. Мамлекеттик кызматкердин айлык акысы анын минималдуу керектөөлөрүнө жетиши керек — аны көтөрүү керек. Мамлекеттик кызматка таза конкурс жана атаандаштык аркылуу адискөй кызматкерлер келиши абзел.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн басымдуу бөлүгүн электрондук форматка өткөрөбүз, бул чечим кабыл алуу процессин ачык-айкын кылат. 2019–жылы «Түндүк» электрондук системасын толук кандуу ишке киргизиш керек. Ошону менен катар «Коопсуз шаар» долбоорлорун ишке ашырууну тездетүү зарыл. Бардык тармактарга электрондук технологияларды киргизүү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты. Ушуларды ишке ашырсак, өлкөдө чыныгы таза коом курулат.

Коррупцияга каршы күрөштө депутаттардын колдоосу керек. Азыр кайсы коррупционерди кармаба, анын артынан депутаттын же кайсы бир саясий топтун «ушул адамды бошотуп койсоңуз» деген суранычтары түшүп жатат. Уурулар коомдун жек көрүүсүн сезип, арабызда баса албай турган чөйрөнү түзүү керек! Элдин ырыскысын уурдагандар эртедир-кечтир элдин ырыскысын кайтарат! Ал үчүн биз атайын эсеп ачтык.

Аймактарды тездик менен өнүктүрүү керек. Айылда заманбап жашоо шарттарынын болушуна, элеттиктердин билимге, ден соолукка, маданиятка жана кызматтык өсүүгө болгон муктаждыктарын канааттандырууга көмөк көрсөтүү зарыл. Мен алардын өнүгүшү үчүн реформа жүргүзүп, жумушчу топ түзөбүз. Инфраструктуралык долбоорлорду бүтүрүп, Кытай менен Евразиянын ортосунда транзиттик өлкө болуп калуу керек. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу, Түндүк-түштүк альтернативдүү жолду, Ысык-Көл айланма жолун курууну бүтүрүп, ички авиакаттамдарды калыбына келтирүү керек.

Бизде өтө бай суу-энергетикалык потенциалыбыз бар жана биз анын 10 пайызын гшана колдонобуз. Энергетикалык долбоорлорду өнүктүрүү зарыл: Токтогул ГЭСин модернизациялоо; Камбар-Ата ГЭСтерин жана Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскаддарын куруу жана башкалар. Жеңил өнөр жайда биздин потенциалыбыз бар, текстиль жана тигүүчүлүк багытындагы технополистерди куруу зарыл. Жыл бою иштеген руризмди өнүктүү керек. Тоо-кен тармагындагы табигый артыкчылыгыбызды толук кандуу пайдалануу керек. Бул аймактарда жумуш орундарын көбөйтүүнү багыттайт. Экологиянын сакталуусу — негизги талап болушу абзел.

Инветициялык климаттты жакшыртуу зарыл. Ал үчүн бийлик органдарынын тазалыгы, сот системасынын адилеттүүлүгү керек, ал эми негизсиз текшерүүлөрдү токтотуу керек. Деги эле бизнести муунтканды токтотуу керек. Салык жана бажы кызматынын иши ычык-айкын, түшүнүктүү жана ыңгайлуу болушу абзел. Салыктарды электрондук форматта төлөсө болот. Бажыда коррупцияга жол берилбеши керек.

Саламаттыкты сактоону, билим берүүнү жана жашоо шартын жакшыртуу керек. Электрондук методдорду кеӊири жайылтуу менен информациялык саламаттык сактоо системасын түзүү зарыл. Билим берүү сапаттуу болуп, Аар бир мектепти интернет түйүнүнө кошууну тездетүү зарыл. Менин ишимдеги артыкчылыктуу багыт — мамлекеттик ипотека.

2020-жылы парламенттик шайлоо өтөт. Парламенттик демократияны өнүктүрүп, авторитаризмдин орношунан качуу керек. Шайлоо адилеттүү, чынчыл жана ачык-айкын өтүшү абзел. Добушту эсептөө этабындагы ачык айкындыкка жетише алдык. Эми үгүт учурунун адилеттүүлүгүн камсыздап, алдын ала добуш сатып алуу мүмкүнчүлүгүн жоюу зарыл. Мыйзамдар жана мамлекеттик органдар шайлоого даяр болушу керек. Бардык партияларда бирдей шарты болуп, алар мыйзам бузбастан атаандаштыкка чыгышы керек. Партиялар добуш берүүдөн кийин өз тизмелерин өзгөртпөшү зарыл.

Борбор Азия өлкөлөрү жана Орусия менен мамилелерди чыңдоо — артыкчылыктуу багыт. Кытай — биздин стратегиялык өнөктөш. Түркия, Жапония, Корея, АКШ, Европа биримдиги жана Араб өлкөлөрү менен жакшы мамиледе болушубуз керек. Өлкөнү ЕАЭБге интеграциялоо — приоритеттүү багыт бойдон калат. ЕАЭБге мүчө мамлекет катары, чоӊ рынокко экспорт жасоо мүмкүнчүлүгүн максималдуу пайдаланышыбыз зарыл. Бирок биздин мигранттардын кызыкчылыктарын да коргоо керек.

Коомдогу биримдикти күчөтүү — баарыбыздын көӊүлүбүздүн борборунда болушу керек. Азыр өз кызыкчылыгын көздөп, коомубузга бөлүнүп-жарылуунун үрөнүн себүүгө аракет кылгандар бар. Аларга акыл-парасат менен мамиле жасап, тынчтыкты  баарынан жогору коюга тийишпиз. Жакында биз 2018-2023 — жылдары аткарыла турган ири иштерди, бардык тармактардын артыкчылыктуу багыттарын аныктайбыз. Ата-бабаларыбыз бизге сүйүктүү Мекенибизди, ажайып кооз жерибизди, уюткулуу, кайталангыс маданиятыбызды жана түпкүлүктүү  каада-салтыбызды мураска калтырды. Азыр ошол улуу эл, улуу журттун мураскери катары урпактардын келечегине арналган асыл максаттарды ишке ашыруу зарыл! Кыргызстаныбызды, ар бир жаранбызды Жараткан Кудай өзү колдосун!