Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшкө жамынып атаандаштарынан өч албоого убада берди

Президент Сооронбай Жээнбеков парламентте Кыргызстанда бийлик коррупцияга каршы күрөшкө жамынып, саясий атаандаштардан өч албайт деп билдирди. Жарым жыл ичинде коррупция боюнча айыптар менен бери эле дегенде жогорку кызматты ээлген мурдагы үч аткаминер кармалган.

Жээнбеков 27-июнда парламентте сөз сүйлөп чыкты — өз сөзүндө ал коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп кала берээрин билдирди.

«Ар кандай көмүскө схемалар мамлекеттик бюджетке залалын тийгизди. Алардын кесепети социалдык маселелерди чечүүгө кедерги болду [...] Энергетикадагы негизги фонддор эскирди. Системанын карызы өтө олуттуу өлчөмгө жетип олтурат», — деди президент.

Бул жылы парламентте алгачкы жолу сүйлөгөн сөзүндө президент депутаттарды коррупцияга каршы күрөштү колдоп берүүгө үндөдү.

«Азыр кайсы коррупционерди кармаба, анын артынан депутаттын же кайсы бир саясий топтун „ушул адамды бошотуп койсоңуз“ деген суранычтары түшүп жатат. Бул күрөш коомдун колдоосуна, жарандардын аӊ сезимдүүлүгүнө жана активдүү позициясына да муктаж. Азыр „ууру болсо да биздин бала эле“ деген ой менен, бир айылдын баары теӊ кол топтоп, бошотуп коюу суранычын жөнөтүп жатышат», — деп билдирди Жээнбеков.

Ал антикоррупциялык күрөшкө жамынып алып саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбесин кошумчалады.

«Бул күрөш эч качан саясий өңүттө болбойт, ал мыйзам бузууларга, экономикалык кылмыштуулукка каршы жүргүзүлөт», — деди мамлекет башчы.

Атамбаевдин үзөңгүлөштөрүнө каршы кылмыш иштери

Соңку жарым жылда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөштөрүнө каршы коррупцияга байланыштуу кылмыш иштери козголгон.

Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосундагы тымызын тирештин шартында күч органдары коррупциялык беренелердин айынан мурдагы жана учурдагы жогорку кызматтын аткаминерлерин кармаган.

Бирок Атамбаев жетектеген КСДП коомчулукка экс-президент менен байланыштырып жатышкан адамдардын «ишмердүүлүгүнө терс баа берүү жасалма түрдө тааңууланылып» жатат деп билдирген.

КСДПнын төрага орун басары жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБди жаңыртуудагы коррупцияга жана жылуулук борборун жаңыртуу үчүн жалданмачыны тандоодо «чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын сүрөмөлөгөн» деп айыпталып кармалган. Ал эми Исаков өзүнө каршы кылмыш ишин «толугу менен чектен чыгуу» деп атаган.

Ошондой эле, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев да Бишкек ЖЭБди жаңыртуу иши боюнча «коррупция» жана «кылмышка шериктеш болуу» беренелеринин негизинде айыпталып кармалган. Сатыбалдиев бул айыптоолорду «сандырак» деп атаган.

Андан тышкары, Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов Бишкек ЖЭБди жаңыртуу долборуу боюнча Кытайдын TBEA компаниясы бөлгөн гранттык акчага мектеп куруудадагы коррупцияга айыпталган.

Кулматов өзү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагыларга «саясий куугунтук» жүрүп атат деп билдирген. Ал эми КСДПдан Кулматовго каршы кылмыш иш «ойдон чыгарылган себептер» боюнча козголгон деп айтышкан.

Кийинчерээк Кулматовдон орус жарандыгы табылып, анын үстүнөн «документтерди жасалмалоо» жана «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелеринин негизинде экинчи кылмыш иши козголгон.


ТЕМА БОЮНЧА: