HRW: Активист Тунгишбаевдин Казакстанга экстрадицияланашы «кыжырды кайнатат»

Мурат Тунгишбаев 2018-жылы 19-июнда сот отурумда. Сүрөт: Давран Игамбердиев/«Азаттык»

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму казак активисти Мурат Тунгишбаевдин Казакстанга экстрадицияланышын «кыжырды кайнатат» деп атады. Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин этибар албай койгон.

Кыргызстандын бийлиги Тунгишбаевдин башпаанек сураганына карабастан жана экстрадиция боюнча чечимди даттанууга мүмкүндүк бербестен аны Казакстандын укук коргоо органдарына өткөрүп берип салган деп билдиришти Human Rights Watchтун укук коргоочулары.

«Бул кыжырды кайнатат. Кыргызстан казак активистин саясий жүйөөлүү кылмыш иштер күтүп аткан жана ал ырайымсыз мамиле менен кыйноого дуушар болуп калышы мүмкүн өлкөгө экстрадициялады», — деп айтылат Human Rights Watchтун билдирүүсүндө.

Укук коргоочулар Кыргызстандын АКШ, Германия жана Улуу Британия сыяктуу эл аралык өнөктөштөрүн кыргыз бийлигинин Тунгишбаевдин укуктарын коргоо боюнча өз милдеттерин аткара албай калганына көңүл бурууга чакырышты.

Кыргызстандын атайын кызматы казак активисти жана блогер Мурат Тунгишбаевди Казакстандын укук коргоо органдарына сот анын Казакстанга экстрадицияланышын мыйзамдуу деп тапкандан кийин бир күн өтүп 27-июнда өткөрүп берген.

Анын адвокаты Нурбек Токтакунов анын коргоо алган адамынын конституциялык укуктары бузулганын билдирген, себеп дегенде сот аларга чечимди даттанууга убакыт бербей койгон.

Мурат Тунгишбаевди Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери 10-майда Алматы сотунун жазма буйругунун негизинде кармашкан. Казакстанда ал качкын саясатчы жана оппозиционер Мухтар Аблязов менен байланышы бар делип айыпталууда.

Казакстандын укук коргоо органдарынын версиясы боюнча, Тунгишбаев Facebook жана Telegram аркылуу «Казакстандын Демократиялык тандоосу» үчүн «маалыматтык мүнөздөгү кызматтарды көрсөткөн» — Казакстанда экстремисттик деп таанылган кыймыл — жана Аблязовдун жетекчилиги алдында кыймыл топторун уюштурган.

Укук коргоочулар менен Тунгишбаевдин жакындары Бишкекте бир нече жолу аны Казакстанга экстрадиция кылбоо талабы менен митингге чыгышкан, анткени алар активист ал жакта кыйноого дуушар болот деп кооптонушууда.

Мурат Тунгишбаев — 2011-жылы нефтчилер Жаңы-Өзөндө массалык иш таштоого чыгышканда каршылык акциясын чагылдырган казак активисти.


ТЕМА БОЮНЧА: