Сот Исаевге каршы ишти токтотту (бирок ал тергөө изолятордо калат)

Канатбек Исаев. Сүрөт: Жоомарт Ураимов/Sputnik

Бишкек шаардык соту Токмоктун экс-мэри жана парламенттин депутаты Канатбек Исаевге жана соттолуп аткандардын дагы экөөсүнө каршы ишти токтотту. Алар Токмок шаарындагы муниципиалдык жерди жеке компанияга өткөрүп берүү боюнча айыпталышкан. Бирок Исаев мамлекеттик төңкөрүштү даярдоо боюнча айыпталып аткан экинчи ишинин айынан камакта калат.

Бишкек шаардык соту Исаевдин муниципиалдык жерди Токмоктогу автобекеттин жана базардын курулушуна мыйзамсыз өткөрүп берүү жөнүндө ишиндеги «Коррупция» беренесин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесине которду.

Бул өзгөртүүлөрдүн айынан Исаевдин ишин токтотууга туура келди — жаңы берене боюнча кылмыштын эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен.

Бирок Токмоктун мурдагы мэрине карата экинчи кылмыш иши козголгондуктан, ал камакта калат, ал эми соттолуп аткандардын дагы экөөсү — мурдагы вице-мэр Болот Имамадиев жана Муниципиалдык менчик башкармалыгынын экс-башчысы Мирлан Эсенбеков камактан бошотулду.

Депутат жер участогун мыйзамсыз өткөрүп берүү иши боюнча 12 жыл отурушу керек болчу, бирок мунапыс боюнча бул мөөнөт тогуз жылга чейин кыскартылды.

Канатбек Исаев 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болгон, ал эми 2010-жылы ал парламентке депутат болуп келген.

Ал 2016-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев сунуштаган  баш мыйзамга киргизиле турчу түзөтүүлөргө макул болбогонуна байланыштуу «Кыргызстан» партиясынын лидерлигинен кеткен.

Исаев 2017-жылы сентябрда Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдында бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн делип айыпталган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Исаев «массалык башаламандык уюштуруу үчүн кылмыштуу топтор менен сүйлөшүгө барган». Башкы прокуратуранын божомолдошунча, эгерде 2017-жылдын 15-октябрындагы президеттик шайлоодо Бабанов утулуп калса бул нерсе ишке ашмак. Исаев өзүн күнөөлүү эмесмин деп эсептейт.