Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек мэрин шайлоо күнүн жарыялады. Шаардык кеңештин депутаттары 8-августта жашыруун добуш берүү аркылуу борбор калаа жаңы башчысын шайлашат.

Азырынча расмий түрдө бул кызматка эч ким талапкерлерди көрсөтө элек. Бул кызматка талапкерди шаардык кеңештин депутаттары жана Кыргызстандын премьер-министри сунуштай алат.

Мэр болгусу келгендер үчүн талаптар: кыргыз жарандыгы, жогорку билими, мамлекеттик кызматтан беш жылдан кем эмес иштөө тажрыйбасы бар жана кыргыз тилин эркин билиши керек.

Жаңы калаа башчысын шайлоо муктаждыгы Бишкектин депутаттары мурдагы мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө боюнча демилгесин көтөрүп чыгып, андан соң премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аны отставкага кетиргенден кийин жаралган.

Ибраимовдун кызматтан алынышы анын дарегине коррупция боюнча айып тагылган шартта болду. Ал отставкага кеткенге чейин бир нече саат мурда атайын кызмат мэрди жер тилкелерин жеке жактарга мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча «коррупциялык схемаларды түзгөнү» үчүн кармаган.

Ибраимовдун дарегине карата айыптоолор жөнүндө кененирээк бул жерден окуңуз

Контекст: Албек Ибраимов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жогорку кызматта отурган акыркы үзөңгүлөшү болчу.

Ал эми Атамбаев өзү Ибраимовдун иши сотто адилеттүү териштирилишине ишенбей турганын билдирген. Тергөө изоляторунда азыр мурдагы президенттин башка да үзөңгүлөштөрү отурат, алардын арасында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана бажы кызматынан экс-башчысы Кубанычбек Кулматов бар.