Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги пластик бөтөлкө. Сүрөт:Kloop.kg

Парламенттеги ар кайсы фракциялардын беш депутаты Ысык-Көл облусунда пластик баштыктарды жана бөтөлкөлөрдү колдонууга тыюу салууну сунушташты. Экологдор мындай пикирди колдоп, бирок акырындык менен киргизүү керектигин айтышууда.

Депутаттар полиэтилен баштыктарды жана желим бөтөлкөлөрдү Ысык-Көлгө ташуу жана колдонуу боюнча мыйзамды коомдук талкууга чыгарышкан. Эгер парламент бул мыйзамды кабыл алып калса жана президент кол койсо 2020-жылы ишке кирет.

Бул чараны Ысык-Көлдүн экосистемасын желим таштандыдан коргоо үчүн киргизгени жатышат.

«Анын менен бирге, полиэтилен баштыктары жана пластик бөтөлкөлөрү шаарларыбызды жана айылдарыбызды, озгөчө корголгон жаратылыш аймактарын булгап жатат, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдү да айланып өткөн жок», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.

Эл өкүлү жана бул мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Пархат Тулендыбаев «Клооптун»  кабарчыларына билдиргендей, азыркы тапта мыйзам кантип ишке ашаары, Ысык-Көл облусунда пластик баштыктарды жана бөтөлкөлөрдү колдонгондор үчүн кандай жаза колдонулаары да белгисиз.

«Биз бул маселелерди Ысык-Көл облустук администрациялары менен чечебиз. Кандай штрафтар керек экенин ойлонобуз. Штрафтардын өлчөмүн, көзөмөлдү,бардыгын бирге макулдашабыз», — деди Тулендыбаев.

Эл өкүлүнүн айтымында, демилгечилер полиэтилен баштыктарды жана желим бөтөлкөлөрдү колдонууга тыюу салуу Ысык-Көл облусуна кандай таасир берээрин текшерип көрүүнү каалашууда. Эгер мындай чаралар оң жыйынтыктарга алып келсе, башка региондордо да улантууну ойлонуп жатышат.

2016-жылы муниципалдык кызматкерлер Чолпон-Атанын жээгинде таштандыларды чогултуп жаткан кез. Сүрөт: Kloop.kg

Депутаттар мындай мыйзам долбоорун 2015-жылы эле кабыл алууга аракет кылышкан, бирок анда ал бир гана Ысык-Көлгө эмес, бүтүндөй Кыргызстанга тиешелүү болгон. Ошондо эксперттик топ желим баштыктарга тыюу салуу — бул айлана чөйрөнү сактоо боюнча эң эле натыйжалуу чара деген бүтүмгө келген.

2016-жылы Кыргызстандын көпчүлүк супермаркеттери кардарларга бекер полиэтилен баштыктарын берүүнү токтотушкан. Ал баштыктарды эми акчага сатып алуу керек (бирок кээ бир дүкөндөрдө баштыктарды бекер бергендер да бар).

Ошол кезде эколог Эмил Шүкүров бүтүндөй Ысык-Көл облусу «баштыксыз аймак» болушу керектигин айткан, анткени желим баштык жана бөтөлкө колдонуу экономикалык жана экологиялык жактан кооптуу.

«Ысык-Көлгө абдан көп эл барат, ал жакта өзүнчө эс алат да, толтура таштанды калтырат, анын ичинде ушул пакеттер да бар. Ошонун баары көлгө кошулуп, жээктеги эс алуучулардын ден соолугуна зыян келтирет», — деп түшүндүргөн эколог өз сунушун.

Анын айтымында, мындай тыюу салынса, жергиликтүү соодагерлер пластиктен башка нерсени бат эле таап алаарын дүйнөлүк практика көрсөтүп турат.

Пластик таңгак жаратылышта жүздөгөн жылдар ичинде чиригендиги үчүн кооптуу. Ал эми аны өрттөө атмосферага уулуу заттардын чыгышына алып келет. Пластиктин айынан жапайы жаныбарлар да өлүмгө дуушар болууда. Мындай таңгак аларга тузак же тор болуп калышы ыктымал.

Пластик инфраструктура үчүн кооптуу. Ал көп чогулганда канализацияны бөгөп, дайралардын нугун тороп, жада калса суу ташкынына алып келет. Ушунун айынан Түштүк-Чыгыш Азиянын бир нече мамлекети өз аймактарында полиэтилен баштыктарын колдонууга тыюу салышкан.

Чолпон-Ата жээгиндеги таштандылар. Сүрөт: Kloop.kg

Экологдор кандай пикирде?

«Клооп» тарабынан сурамжыланган экологдор депутаттардын пикирин колдоп, бирок тыюу салуу күтүлгөн натыйжаларга алып келээринен күмөн санашууда.

«Биз силер менен бардык Бишкектин жашоочуларындай эле жайында Ысык-Көлгө барабыз. Мисалы, биз өзүбүздүн машинабызда баратабыз. Бизде пластик баштыктарда тамактар, желим бөтөлкөлөр, суусундуктар жана башка нерселер бар дейли. Анда, бизди токтотуп текшергенден кийин: “Силер бул нерселерди алып кире албайсыңар” деп айтабы?» — дейт «Биом» коомдук фондунун башчысы Анна Кириенко.

Ал бийлик, бизнес, мамлекет жана жарандардын ортосунда бир пикирге келиши керек деп эсептейт. Мисалы, Кириенко сунуштагандай, бийлик керектөөчүлөрдүн пластик баштыктан крахмал баштыктарга өтүү аракетин сыйлап кызыктыруусу керек. Ал үчүн ишкерлер экологиялык долбоорлор менен гана иштеши үчүн аларды колдоо керек.

«Мен экономикалык эсептөөлөрдү кылган жокмун, бирок кызыктуу болот деп ойлойм. Экономикалык эсеп жүргүзүш керек. Биздин фермерлерди колдоо керек. Алар эсептөөлөрдү жүргүзүп, азык-түлүктөрдү кошулган каражатта алуу үчүн [эко-долбоорлордо катышыш керек]» — дейт ал.

«КСО Борбор Азия» агенттигинин жетекчиси Асел Арстанбекова бизнеске жарандар көнүшү үчүн желим бөтөлкөлөр менен баштыктардын жүгүрүмүнө көзөмөл орноткон тыюу салуу чараларын акырындык менен киргизүү керек деп эсептейт.

«Жок дегенде ичке жана абдан ичке баштыктарга тыюу салуудан же болбосо белгилүү бир пластик идиштерге тыюу салуудан баштаса болот. Мисалы, кичинекей идишти колдонууга тыюу салып, беш литрликке уруксат берсе болот азырынча», — дейт Арстанбекова.

Анын пикири боюнча, Ысык-Көлдүн экосистемасына комлекстүү чаралар жардам бере алат. Ал бир гана пластик баштыктар менен бөтөлкөгө тыюу салуу эмес, анын ичинде таштандыларды бөлүп чогултуу менен пластикти кайра өндүрүүнү уюштуруу зарыл.

«Эко Деми» коомдук фондунун башчысы Айжан Чыныбаеванын айтымында, пластик баштыктарды кайра иштетүүгө жөнөтүп, целлофан баштыктарды чогултуучу борборлорду ачууну сунуштайт.

«Жергиликтүү “Тазалыктын” ишчилери кичине баштыктарды [башка баштыктардан] өзүнчө бөлүп контейнерлерге салуусу үчүн биз таштанды ыргыткан жерлерде кырк тонналык контейнерлерди коюуну каалап жатабыз», — дейт Чыныбаева.

Бул демилге менен «Эко Деми» өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрылган.

«Бизде бул баштыктардан жерге төшөлчү таштарды жасай алган өнөктөшүбүз бар. Технология бар, ал Бишкекте. [...] Бул пластикти кай жерде колдонсо боло турган цикл бар», — деп кошумчалады Чыныбаева.

Авторлошу: Жанна Сүйүнбекова