Техникалык мүчүлүштүктөн улам «Коопсуз шаар» долбооруна жалданмачы мекеме тандалбай калды

Иллюстративдик сүрөт. Табылды Кадырбеков/Sputnik

Онлайн аукцион 23-августта өтүп, үч компания «Коопсуз шаар» долбооруна катышуу үчүн билдирме тапшырган. Бирок, натыйжада система жеңүүчүнү аныктай албай койгон.

МТБМК Бишкекте камераларды орнотуу үчүн 2,5 млрд сомго тендер жарыялаган. Бул камералар жол кыймылынын эреже бузууларын каттап, ал эми камераларды орноткон компания ар бир чогултулган штрафтан 240 сомдон алып турат.

Билдирмелердин бирөөсүн «Мегалайн» интернет провайдери тапшырган. Ал документте 50 млрд сомдон ашуун каражатты көрсөткөн. Ал эми бул тендерде көрсөтүлгөн суммадан 20 эсе жогору.

МТБМКнын башчысынын орун басары Кубанычбек Шатемиров, аукцион бүткөндөн кийин мамлекеттик сатып алуулар порталынын системасы «аныктала элек себептер» боюнча жеңүүчүнү көрсөтпөй койгонун билдирди.

«Биз муну техникалык мүчүлүштүк же катышуучунун катасы деп айта албайбыз. Техникалык операторлордун жыйынтыгын алгандан кийин силерге маалымат беребиз», — деди ал.

Аукицонго катышуу үчүн «Кыргызтелеком» жана «"Вега" радио курулуш концерни» билдирме жөнөткөн, бирок алардын документинде баа сунушу көрсөтүлгөн эмес.

Шатемиров 17-августта «Коопсуз шаар» долбоору 2018-жылдын аягында же 2019-жылдын башында ишке кирээрин жана система толук кандуу беш жылдан кийин иштей баштаарын билдирген.

Бийлик 2018-2019-жылдары камераларды Бишкектин 38 кесилишине, андан тышкары, Бишкек — «Манас» аэропорту, Бишкек — Кемин, Бишкек — Чалдыбар жана Бишкек — «Ак-Жол» көзөмөл өткөрмө бекетине барчу жолдорго орнотууну пландоодо.

Бийлик беш жылда «Коопсуз шаар» долбоорунан жолдордогу өлүмдөрдүн санынын кыскарышын, айып пулдан түшкөн акча жыйымдарынын (18 пайыздан 32 пайызга чейин) өсүшүн жана эреже бузуулардын эки эсе кыскарышын күтүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бийлик «Коопсуз шаарды» 2019-жылдын жазына чейин ишке киргизүүнү убада кылууда