Мамэкотехинспекциянын мурдагы басма сөз катчысы коррупционерлердин ысымдарын ачыктады

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева президент Сооронбай Жээнбековго видео кайрылуу жаздырып, коррупцияга айыптап жаткан үч адамдын ысымдарын атады. Андан сырткары, ал президенттен үй-бүлөсүн коркутуп-үркүтүүлөрдөн коргоону суранды.

Мамбеталиева Мамэкотехинспекциядагы үч ири аткаминердин ысымдарын ачыкка чыгарды. Анын айтымында, алар мамлекеттик каражаттарды «туура эмес колдонушкан» — бул статс-катчы Таалай Асылбеков, кадр бөлүмүнүн жетекчиси Самат Керимкулов жана каржы бөлүмүнүн башчысы Гүлкайыр Жумашева. Мамбеталиева буга байланыштуу далилдер бар экенин «Клооптун» кабарчысына билдирди.

Мурдагы басма сөз катчы ырастагандай, мамлекеттик каражаттардын туура эмес пайдаланышына бир гана өзү эле эмес, инспекциянын башка кызматкерлери да күбө болушкан. Ал кызматтан алынгандан кийин өз кесиптештери «коркуп, бул туурасында ачык айтуудан баш тартышканын» билдирди.

Мамбеталиева кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча августтун ортосунда жумушунан бошотулган. Кызматтык иликтөө басма сөз катчы жумушка коррупцияга каршы плакат менен чыккандан кийин башталган. Басма сөз катчы аны жумуштан мыйзамсыз бошотушкан деп эсептейт. Ал президенттен өзүн мурдагы кызматка кайтарууну жана жетекчиликти коррупцияга байланыштуу текшерүүнү суранууда.

Ошондой эле, Мамбеталиева мекемеде коррупцияга каршы күрөшө баштагандан кийин ага жана анын жакындарына коркутуп-үркүтүүлөр келе баштаганын айткан.

«Урматтуу президент, коррупцияга байланышы бар адамдарга мен эскертүү берип, бул боюнча мен аягына чейин күрөшөм дегенден бери менин өмүрүмө коркунуч туулуп жатат. Ошондой эле, мени ар кандай каралоо аракети да болуп жатат. Ошондуктан мен сизден суранам, бүгүнкү күндө мени гана эмес, менин үй-бүлөмө дагы коркунуч туулуп жаткандыгына байланыштуу укугумду жана өмүрүмдү коргоп берүүңүздү өтүнөм», — деп кайрылган президентке Мамбеталиева.

Басма сөз катчы өз өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын «Клооптун» журналистине тастыктады.

«Видео материалдан кийин мага чалып, айтышты … [коркутуулар болуп жатат] бир гана телефондон эле эмес. Кече кечинде үйдө жок кезимде үч киши келип кетиптир. Ал учурда үйдө кичинекей балдар жана агам бар эле. Алар [үч эркек киши] үйдүн жанында үч саат турушуптур», — деди ал.

«Тапшырыла элек иш бөлмө»

Мамэкотехинспекция басма сөз катчы «Мамлекеттик жарандык жана муниципиалдык кызмат жөнүндө» беренени бузгандыгынан улам мыйзам чегинде эле бошотулганын ырастоодо, анткени ал иш учурунда мекеменин жетекчисинин кабылдамасында макулдашылбаган иш-таштоого чыккан.

Андан сырткары, ведомство Мамбеталиева «өз иш бөлмөсүн, кызматтык унаасын жана 200 миң сомго чукул каражат боюнча отчёт тапшыра электигин» билдирүүдө. Ал эми Мамбеталиева болсо Мамэкотехинспекция ага жумуштан бошотуу жөнүндө буйрукту бермейинче отчёт тапшыра албасын айтты.

Мурдагы басма сөз катчы ырастагандай, ал ведомствого барып, иш бөлмө менен унааны тапшырууга аракет кылган, бирок ага мекеменин директорунун чет өлкөдөн келишин күтүшү керектигин айтышкан. Кадр бөлүмү, статс-катчы жана жетекчинин жардамчысы андан машина менен иш бөлмөнү кабыл алуудан баш тартышкан.

Мындан тышкары, ал бухгалтериянын алдында 200 миң сомго байланыштуу отчёт кайдан пайда болгонун билбейт.

«Мен 200 миң сом жөнүндө ички комиссия иликтей баштаганда билдим. Эмнегедир сен карызсың, кийин жаман болуп калат дей башташты. Мен эгер карыз болсом, анда мени биздин ички комиссия, Башкы прокуратура жана каржы полициясы да текшерсин деп айттым», — деди Мамбеталиева.

Авторлоштору: Рустам Халимов, Назгүл Дөлөткелдиева