Куткаруучулар 2008-жылы августта «Боинг-737» кыйраган жерде. Сүрөт: Елена Скочило/Kloop.kg

2008-жылы 24-августта саат 20:30да «Боинг-737» Бишкектин «Манас» аэропортунан Ирандын Тегеранына учуп чыккан. Анын бортунда эки мугалим жана мектеп директорунун коштоосунда Азия чемпионатына учуп кетип бара жаткан Кыргызстандын баскетбол боюнча жаштар курамасы, жогорку класстын 11 окуучусу, бар болчу.

Учак абага көтөрүлгөндөн кийин беш мүнөт өтүп учкуч диспетчерден ыкчам конуу тууралуу суранган. Арадан дагы он мүнөт өткөн соң «Боинг-737» «Манас» аэропортуна конууга үлгүрбөй Жаңы-Жер айлына жакын кыйраган.

Натыйжада 65 жүргүнчү, анын ичинде кыргыз курамасынын жарымы каза тапкан. Ал каргашада болгону 25 адам, анын арасында экипаждын жети мүчөсү аман калган. Аман калгандардын арасында бир туугандар Жаныш жана Байыш Адиевдер болгон. Арадан он жыл өткөндөн кийин алар каргашаны жана достордон айрылууну кантип баштан кечиришкени жөнүндө айтып беришти.

Даректүү тасманын авторлору: Александра Титова

Тилек Бейшеналиев

Бекжан Асылбеков