Сүрөт: Кыргызстандын спорт жана жаштар иштери боюнча агенттиги

Кыргызстан Азия оюндарындагы жиу-житсу боюнча мелдеште биринчи алтын медалдын ээси болду. Андан тышкары, кыргыз балбандары дагы төрт күмүш жана төрт коло медаль жеңип алышкан. Дагы бир коло медалды оор атлетика боюнча балбан Иззат Артыков тагынган.

Биринчи алтын медалды Кыргызстанга Төрөкан Багынбай уулу алып келген. Жиу-житсу боюнча мелдеште ал 69 кг чейинки салмакта чыккан. Таймаштын чейрек финалында Багынбай уулу Түркмөнстандын өкүлүн жеңип, ал эми жарым финалдагы кармашта Таиланддан келген спортчуга үстөмдүк көрсөтө алган.

Финалда кыргызстандыкка каршы Бириккен Араб Эмираттарынан келген спортчу чыккан. Төрөкан Багынбай уулу чечүүчү кармашта 2:0 эсебинде жеңип, турнирдин алтын медалын тагынган.

Ушул эле салмакта дагы бир кыргыз балбаны Жакшылык Уранов коло байге үчүн таймашып, жеңишти таиланддык спортчуга алдырып жиберген.

Кыргыз балбандары мелдешти 24-августта Жакартада жыйынтыкташты. Алар мекенине 8 медаль менен кайтышат: төрт коло жана төрт күмүш медаль.

Магомед Мусаев турнирдин финалына эркин күрөш боюнча (97 кг чейинки салмакта) чыккан. Бирок ал турнирдин алтын медалын ирандык спортчуга алдырып койгон.

Кыз-келиндердин мелдешинде коло медалга Айсулуу Тыныбекова да татыган. Финалга чейинки таймаштарда кыргыз кызы үч жолу жеңишке жетип, чечүүчү кармашта монголиялык Оркхон Пуревдорждон утулуп калган.

Мурдараак Тыныбекова монголиялык спортчу менен эки жолу күрөшүп, экөндө тең артыкчыгын көрсөткөн. Азиадада кыргызстандык спортчу 62 кг чейинки салмакта чыгып, финалдык жолугушууда 0:11 эсебинде жеңилип калган.

Дагы эки күмүш грек-рим стилиндеги балбандардын эсебине түшкөн. Турнирдин ⅛ финалында Акжол Махмудов 2012-жылкы олимпиада чемпионун, 2016-жылкы Олимпиаданын коло жеңүүчүсүн жана Түштүк Кореялык Азиданын экс-чемпиону Ким Хенди жеңген.

Чейрек финалда кыргыз спортчусу Өзбекстандын өкүлүн жеңген. Ал эми жарым финалда ага түркмөнстандык Шермет Пермановду жеңиш үчүн болгону бир жарым мүнөт керектелген.

Финалда Махмудов ирандык Гараеи Моххамадалиге каршы чыгып, жеңишти 2:7 эсебинде алдырып койгон.

Ал эми 60 кг салмакка чейинки таймашта күмүш медалды Каныбек Жолчубеков тагынган. Финалда ал жапониялык Шиноби Отага жеңилип калган.

Ошондой эле, коло медаль үчүн күрөштө Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Амантур Исмаилов жана Үзүр Жузупбеков жеңишке жетишкен.

Дагы бир коло медаль Иззат Артыковдун куржунуна түшкөн. Оор салмактагы атлет 69 кг чейинки салмакта мелдешке чыккан.

Бул спортчунун Риодогу Олимпиадада допинг колдонгону үчүт эки жылдык дисквалификациядан кийинки биринчи турнири.

Кыргызстан өзүнүн он сыйлыгы менен жалпы медалдык зачётто 17-орунду ээлеген. Ал эми эсебинде 148 медалы, анын ичинде 68 алтын медалы бар Кытай алдыңкы орунда турат.

Жетинчи мелдеш күнүндө медалдар үчүн күч сынашууга жеңил атлеттер чыгышат. 10 миң метр аралыкка Универсиада-2017 чемпиону Дарья Маслова чыкмакчы.

Азия оюндары 18-августта Индонезияда башталган жана 2-сентябрга чейин уланат. Кыргызстандын атынан мелдешке 149 спортчу катышат.