Ошто маршруттук таксинин айдоочусу жеңил машина менен сүзүшүп, эстакадалык көпүрөдөн кулап кеткен. Жаракат алган алты киши Ош облустук ооруканасына жеткирилген, алардын ичинен бир адам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Түшкө маал 2-сентябрда Оштун борборундагы Ак-Буура дайрасынын үстүндөгү эстакадалык көпүрөдөн өтүп бара жаткан маршруттук таксинин айдоочусу унаасын башкара албай калып, жеңил автоунаа менен сүзүшкөн. Андан кийин ал беш метр бийиктиктен көпүрө алдынан өткөн жолго кулап түшкөн.

Маршруттук таксидеги алты адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Ал эми 48 жаштагы аялдын колу жана буту сынганы аныкталып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

«Биз кичи автобустун айнектерин сындырып, аял менен айдоочуну алып чыктык. Аялдын абалы жакшы болчу, бир нерселер жөнүндө сүйлөп жатты. Тез жардам машинасы келип, аларды ооруканага алып кетишти», — деди «Клоопко» кырсыкка күбө болгон Миталим Касымов.

Милициянын маалыматына ылайык, айдоочу унаанын тормозу иштен чыгып калгандыктан машинаны башкара албай калган.

«№102 маршруттун 27 жаштагы айдоочусу унаасынын тормозу иштебей калып машинаны башкара албай калган. Андан соң Хонда Фит үлгүсүндөгү автомобиль менен сүзүшүп, көпүрөдөн кулаган. Алты киши жаракат алып, бири реанимацияда, калган бешөөнүн абалы орто», — деди «Клоопко» Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Учурда жабыркагандар менен кичи автобустун айдоочусу Ош облустук ооруканасында.

Кичиавтобус кулаган эстакадалык көпүрө Ак Буура дайрасынын үстүнөн өтөт. Көпүрө 2015-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда эксплуатацияга берилген. Узундугу 250 метрге чукул көпүрөнү курууга 650 млн сом жумшалган.

Авторлошу: Динара Абдижапарова