Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанда «Маарифтин» мектеп, билим берүү борборлорун ачуу жөнүндө макулдашты — бул анын Кыргызстандагы «Себат» түрк лицейлери менен байланыштуу идеологиялык каршылашы жана оппозициячыл диниятчы Фетхуллах Гүленге каршы күрөштүн бир бөлүгү.
Эрдоган Кыргызстанга 1-сентябрда келип, дароо эле өз сапарынын күн тартибин белгилеп койду — бул Кыргызстандагы «Хизмет» кыймылындагы гүленчилердин тарапкерлерине каршы күрөшүү.
Түркиянын президенти Кыргызстандын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда айткан сөзүндө, «Кыргызстан 15-июлдагы окуяны башынан өткөрүшүн» каалабай турганын билдирди. Бул билдирүү менен ал 2016-жылы Түркияда аскерий төңкөрүш жасоо аракети жөнүндө айткысы келген. Эрдоган төңкөрүштүн артында Гүлен турган деп ишенет. Бирок диниятчы бул нерсени четке кагып келет.
Түркиянын бийлиги 2016-жылы Кыргызстандан Гүлен жана «Хизмет» менен байланыштуу «Себат» түрк лицейлерин жабуусун талап кылган. Бирок башка өлкөлөрдөгүдөй бул нерсеге биротоло жетишүү мүмкүн болбой калган.
Кыргызстандын бийлигине түрк тараптын буйрук берип жаткандай өктөмдүгү жакпай калып, алар «Себатты» жабуу идеясынан баш тарткан. Бирок лицейдин атын «Сапат» деп өзгөртүп, анын түзүүчүлөрүнүн курамына Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин кириши керек деген компромистүү чечим сунушташкан.
Түркияга Кыргызстандын сунушу жакпай калып, бул мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Эрдогандын жакын мамилесине жана түрктөр менен кыргыздар «бир тууган эл» деп айтылган сөздөрүнө карабастан эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин сууп кетишине алып келген.
Андан соң 2017-жылы ошол кездеги спикер жана кыргыз парламентинин депутаты Чыныбай Турсунбеков мамлекеттер аралык мамилелерди калыптандыруу үчүн Түркияга барган. Турсунбеков сапарга чыгып келгенден кийин биринчилерден болуп «Сапатты» «Маариф» фонду башкарышы керектиги жөнүндө түрк бийлигинин идеясын ачыктаган. Кийинчерээк бул жөнүндө Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат да айтып чыккан.
Бирок жыйынтыгында Кыргызстан менен Түркия «Сапатты» өткөрүп берүү жөнүндө эмес, «Маарифтин» башкаруусу алдында альтернативалык мектеп, билим берүү тармактарын ачуу тууралуу макулдашышкан. «Эгерде "Маариф" Кыргызстанга келсе, анда алар мектептерди каржылоонун үстүндө иштеп, "Сапатка" атаандаштык кылышат», — деп билдирген Турсунбеков.
«Маариф» «Хизметке» каршы
«Айрым маалыматтар боюнча, 1990-жылдары Гүлен стратегиялык чечим кабыл алган. Ал өзүнүн жолун жолдоочуларга Түркияда мечиттер калкка керектүүдөн да көп экенин билдирген. Ошондуктан анын кыйымылы мектептерди ачууга бел байлашы керек», — деп айтып берген Түркиянын мурдагы тышкы иштер министри Яшар Якишд «Газета. Ru» басылмасына.
Гүленге байланыштуу мектептер көптөгөн өлкөдө бар, бирок өлкөлөрдүн да, мектептердин да, анын жолун улоочулардын так санын да айтуу мүмкүн эмес, анткени «Хизметте» мүчөлүк деген система жок.
Ислам диниятчысы Гүлендин саясаты ийгиликтүү болуп, анын «Хизмет» кыймылына бириккен бейрасмий мектептери Түркиядан тышкары жайылган. Исламды либералдуу чечмелөө менен билим берүү тармагын колдоо Гүленди түрк интеллигенциясынын арасында жана батыш өлкөлөрүндө белгилүү кылып койгон.
The Economist басылмасы «Хизметти» экстремисттик исламга каршы туруп, «исламга жаңыча көз карашты туюндурган тынчтык үчүн пацифисттик кыймыл» катары мүнөздөгөн.
Бирок Эрдоган «Хизметтин» мүчөлөрүнөн идеологиялык каршылаштарды, ал эле эмес террористерди көрөт. Түрк бийлигинин пикирине ылайык, Гүлендин жолун улоочуларда менчик террористтик FETO («Фетхуллахчылардын террористтик уюму») уюуму бар.
2016-жылдын июлундагы төңкөрүш аракети Эрдоганга мамлекеттик, билим берүү жана башка тармактарда масштабдык тазалоолор үчүн өбөлгө болгон. Анда 50 миңден ашуун адам камалып, ал эми дээрлик 170 миң адамга каршы кылмыш иштери козголгон.
Түркияда 2016-жылы мамлекеттик «Маариф» фонду ачылган. Формалдуу түрдө ал Түркиянын ичинде жана анын чет жакасында билим берүүнү жылдыруу үчүн, ал эми бейформал түрдө Гүлендин мектептерине каршы күрөшүү үчүн ачылган. Бул нерсени «Маариф» өзү деле жашыра бербейт. Мисалы, Малидеги Гүленге байланыштуу 18 мектеп «Маарифке» өткөрүлүп берилген — бул Эрдогандын өлкө бийлигине карата атайын кайрылуусунан кийин болгон.
«Түркия — биздин дос жана бир тууган өлкө. Мен силердин президент Эрдоган менен өзгөчө достук мамиледемин. Биз кандайдыр бир жагдайларга ортобуздагы мамилени буздурууга жол бербейбиз. Биз FETO террористтик уюмдары боюнча силер менен макулбуз жана бизде бул жагдайда саясий эрк бар», — деп билдирген жооп иретинде Малинин президенти Ибрагим Бабакар Кейта.
Швецияда жашаган Түркиянын оппозициячыл журналисти Абдуллах Бозкурт «Маарифти» «Эрдогандын троян күлүгү» деп атайт. Ал Эрдоган өзүнө жарактуу ислам идеяларын жайылтуу аркылуу фондду чет өлкөлөрдө таасирин күчөтүү үчүн колдонот деп эсептейт.
«Эрдоган өзүн дүйнөдө мусулмандардын лидеримин, халифимин деп сезет. Ал эми "Маарифти" түрк эмес мусулман топторунунун көңүлүн буруу үчүн курал деп ойлойт. Ал [фонддун жардамы менен] чет өлкөлөрдө өзүнө ишенген муунду өстүрө алам, өз кезегинде алар менин жаңы колдоочуларым болуп калышат деп үмүттөнөт», — деп жазат Бозкурт.
«Маарифтин» маалыматтарына ылайык, фонд эки жыл ичинде 21 өлкөдө миңден ашуун мектеп ачкан.
Ал эми Кыргызстанда мектептер качан ачылаары белгисиз. Кыргызстандын билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Марина Гречанная аларды ачуунун үстүндө жумушчу топ иш алып бараарын жана ал топ түзүлө да электигин айтат.
Ошондой эле, мектептердин иштөө форматы да, тактап айтканда, аларга окуучулар канча жаштан тарта алынаары, окуу акысыз же акысыз болоору да белгисиз. «"Сапатты" эч ким жабам деген жок. ["Маариф" ачылгандан кийин] алар ишин уланта берет», — деди Гречанная.
«Сапат» билим берүү тармактарынын басма сөз кызматы «Маарифтин» мектептеринин ачылышына комментарий берүүдөн баш тартты.
Эрдоган жана Гүлен
Түркия бийлигинин Кыргызстандагы «Сапат» мектеп, лицейлерин куугунтуктоосу — бул башында дос болуп жүрүп, андан соң бири-бири үчүн думшмандарга айланып калган Эрдоган менен Гүлендин мамилелеринин күзгүсү.
Эрдоган 2001-жылы Адилеттик жана прогресс партиясын (АПП) негиздеп, парламенттик шайлоого катышууну чечкен кезде Гүлен аны колдоого алган. Натыйжада АПП парламентке өтүп, ал эми Эрдоган премьерлик кызматка отурган.
Гүлен менен Эрдоган 2013-жылга чейин шайма-шай иштешишкен. Бирок алардын жолу 2016-жылы Стамбулда өткөн митингден кийин ажырап кеткен. Гүлен каршылыкка чыккандар катаал кууп таратылганын сындап чыккан, ал эми түрк бийлиги жооп иретинде Гүленге байланыштуу окуу жайларды жаба баштаган.
2013-жылдын аягында Түркияда коррупцияга байланыштуу чыр чыккан. Анда «Гүлендики» деп саналган ЖМКлар Эрдоган менен анын айланасындагыларга карата компромат таратышкан. Каржы кылмыштары менен күрөшүү боюнча башкармалык АПП партиясынан 50дөн ашуун адамды кармаган. Алардын ичинде министрлердин балдары, Эрдоганга жакын аткаминерлер, жада калса анын баласы Нежмеддин Билал да болгон. Ал эми Билал финансылык алдамчылык боюнча айыпталган.
Бул саясий кризистин чыгышын шарттап, калктын нааразалыгынын шартында министрлер кабинетин таркатып, жаңысын чогултууга туура келген. Эрдоган иликтөөнү өкмөткө каршы «таза эмес кутум» деп атап, анын артында Гүлендин кыймылы турат деп билдирген.
2016-жылы Түркияда аскерлер тарабынан уюштурулуп, жүзөгө ашпай калган төңкөрүш жасоо аракети болгон. Эрдоган анын артында Гүлен турган деп ишенет, ал эми Гүлен өзү анын дооматын четке кагууда. Бирок ошентсе да Гүленге мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети, ошондой эле, «кошумча мамлекет» түптөө аракети боюнча айып тагылган.