«Ал бир аз кир, кир дегенде түсү эле күңүрт». Эмне үчүн Караколдун тургундары кум аралаш суу ичишүүдө?

Айгеримдин (аты өзгөртүлдү) үй-бүлөсү Караколдо мындан жети жыл мурда салынган суу тазалоочу курулумаларга жакын жашайт. Ошого карабастан анын үйүнөн атайын чыпка да тазалай албаган кир суу чыгат.

Анын жолдошу күнүгө 15 литр суу сатып алат, анткени үй-бүлөсү чоргодон аккан сууну ичкенден коркот.

«Мен бул сууну балдарыма чыпкадан өтсө да ичтирбейм. Бул сууну ичсең эле ич өтө баштайт, биз суу түтүктөн аккан сууну таптакыр ичпейбиз. Канча жолу жергиликтүү органдарга кайрылдык, суу баары бир эле кир», — деп арызданат Айгерим.

Караколдун дагы бир тургуну Чолпон чоргодон аккан сууну чыпкадан гана өткөрбөстөн, кайнатууга туура келээрин айтууда. Ал түтүктөрдөн «кум аралаш кир суу» чыгып, ошондуктан сантехника дайыма бузулуп калаарын кошумчалады.

«Чыпканын тетиктерин тез-тез алмаштырам, сантехниканын баарына кумга жана кирге толуп, жараксыз болуп калат. Тыңыраак жуунуп, кир да жууй албайсың. Көзөмөлдөгүчтөр келип алып туп-тунук суу берип аткансып суунун акчасын талап кылганда күйбөгөн жериң күл болуп кетет», — дейт Чолпон. Ал эми башка караколдуктар чыпкаларды тазалагандан кийин курт-кумурскаларды табышканын айтышууда.

Суу түтүктөрү 1950-жылдары Караколдо шаардык суу каналы негизделгенден бери реконструкцияланган эмес. Болгону 2011-жылы Швейцариянын грантына суу тазалоочу курулмалалар салынган. Ага үч жыл жана 190 млн сомдон ашуун каражат кеткен. Бирок шаардыктар андан кийин деле суу таза болуп кетпегенин айтышууда.

«Жаан жаагандан кийин чоргодон дароо эле кир суу ага баштайт», — деп нааразы болушту алар.

Караколдо чорголордон күңүрт суу агат. Видеодон алынган кардр: Эдиль Байызбеков/Kloop.kg

«Сапатты бир аз жогото баштадык»

Суу тазалочу курулмалар Караколдун чет жакасында жайгашкан. Анда бир кабаттуу чакан имараттар бар. Бир нече баскычтан тазаланып өткөн суу шаардыктарга барат. Тазалоо системасынын бардыгы автоматташтырылган, ошондуктан курулумаларда эки оператор менен бир күзөтчү иштейт.

Суу тазалоочу курулмалардын начальниги Мелис Баялиев жайкысын ичээр суу күңүрт болуп калаарын, анткени тургундар аны сугат үчүн пайдаланаарын айтууда — бул аз көлөмдүү ишке ылайыкталган чыпкаларга күч келтирип коёт.

Караколдун суу тазалоочу курулмалары. Видеодон алынган кардр: Эдиль Байызбеков/Kloop.kg

Бул тууралуу Каракол суу каналынын башкы инженери Мирлан Абылов да айтууда. Анын айтымында, шаардын жашоочуларынын 70 пайызы сугат суусу менен камсыздалган эмес, ошон үчүн алар короолорун ичүүчү суу менен сугарышат.

«Биз тургундарыбызды түшүнүп, аларга сугат үчүн ичүүчү сууну колдонууга уруксат беребиз, бирок негизи андай кылган болбойт. [...] Жайкысын сууну пайдалануу суткасына 40-45 миң куб метрге чейин көбөйөт. Башында курулмалар 20 миң куб метрге гана эсептелип жасалган. Биз көлөмгө иштегенде сапатты бир аз жоготуп коюп жатабыз», — дейт ал.

Абылов Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Караколдо суу тазалоо үчүн тундургуч курулганын, бирок ал пайдаланууга бериле электигин айтып берди. Ошого карабастан ал шаарда суу жугушсуздандырылат, ошондуктан ал ден соолук үчүн зыяндуу эмес дейт:

«Суу азыр бир аз кир, кир дегеним түсү эле кир. Ал эми бактериалдык анализ жагынан бизде кынтык жок».