Билим берүү министрлиги кыргыз тилинде сабак өтүлбөгөн мектептерде кыргыз тилин окутуу ыкмасын өзгөртөт. Эми окутуу коммуникативдик ыкма менен болот, ага ылайык, мектеп окуучулары чындап кыргыз тилинде сүйлөй башташмакчы.
Бул эмне үчүн маанилүү? Кыргызстандын эгемендигине 27 жыл толгонуна карабастан, өлкөдө бала кезинен кыргыз тилин билбегендерге тилди окутуу жолго салына элек. Көбүнесе кыргызча билим бербеген мектептердин окуучулары мамлекеттик тилди баштапкы деңгээлде да үйрөнө албай бүтүрүп кетишет.
Азыр болсо бийлик жаңы ыкма кырдаалды оңдоп кетет деп үмүттөнүүдө. 2020-жылдан тарта кыргыз тилин мамтилде сабак өтпөгөн мектептердин бүтүрүүчүлөрү үчүн Жалпы республикалык тестирлөөдө милдеттүү кылууну пландашууда. Бул тууралуу кененирээк биздин материалдан окуңуздар:
Кыргыз тилин ЖРТ тапшыруу үчүн милдеттүү кылууну каалашууда. Бирок аны мектепте үйрөнсө болобу?
Коммуникативдик ыкма деген эмне?
Анын негизи — чындыкка жакын кырдалдаарда баарлашуу. Мугалим окуучулар чыныгы жашоодо кабылып калышы ыктымал болгон кырдаалдарды ойлоп чыгат. Алар көчөдө, дүкөндө, коомдук транспортто жана башка жерлерде сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн.
Мындай сабактар оюн формасында өткөрүлөт. Билим берүү министрлигинен коммуникативдик ыкма окуучуларга тил боюнча тоскоолдугун бузганга жардам берип, аларда баарлашуу тилин жана маалыматты угуп эстеп калуу жөндөмүн өрчүтөт деп айтышууда.
Мурда кыргыз тил сабагы кандай болгон жана азыр кандай болот?
Билим берүү министрлигинен «мурда ыкма жагынан көйгөйлөр болгонун» моюнга алышууда. Сабактарда көбүнесе теория менен грамматикага көңүл бурулган. Натыйжада орус тилдүү мектептердин окуучуларынын көпчүлүгү кыргыз тилин билбей эле окууну бүтүп кетишчү.
Окуучуларга сөздөрү өтө эле оор тексттерди окуп, баяндап берүүнү тапшырышчу. Натыйжада алар текстти жөн гана жаттап алып келишчү. Ошентип жакшы баа алган окуучу сабактан сүйлөө жөндөмүн өздөштүрбөй чыкчу.
Министрлик мындан ары окуучулар сабакта көбүрөөк сүйлөшө баштайт деп эсептейт. Алар өздөрү жөнүндө, жашоодогу кандайдыр бир окуялары жөнүндө айтып бере алышат. Окуучулар сабактын бардык этабында бир нече топко бөлүнүп, бири-бирине суроо берип, талкуулап иштешет.
Жаңы ыкма боюнча китептер барбы же жокпу?
Азырынча жаңы китептер бешинчи жана алтынчы класстардын окуучуларына гана чыгарылды. Алар мектепке октябрь же ноябрларда бериле баштайт.
Эгер мурда эски китептерде сабактар теориядан башталса, эми сабактар төрт бөлүктөн туруп калды: сүйлөө, окуу, жазуу жана угуу. Практикалык тапшырмалар көп болот. Мисалы, жаңы сөздөрдү практика жүзүндө колдоно башташат, ал эми тексттерден кийин окуучулар бири-бирине суроолорду бере алгыдай көнүгүүлөр болот.
Жаңы китептин авторлору окуучулар күналыс туш болгон үй-бүлө, достор, дүкөн жана базар темаларын камтышкан. Китептеги тексттер өтө оор эмес.
Андан тышкары, бул китептерде ар түрдүү элдердин үрп-адаттарын сүрөттөгөн тексттер бар. Алар окуучулар бири-бирин жакшы түшүнүп, башкалардын үрп-адаттарын сыйлашы үчүн кошулган.
Өзгөртүүлөр бардык класстарга тиешелүү болобу?
Жок, азырынча бешинчи жана алтынчы класстарга гана. Андан соң Билим берүү министрлиги китептерди жетинчи, сегизинчи жана тогузунчу класстар үчүн чыгарат. Китептер даяр жана 2018-2019-окуу жылында китептердин жардамы менен пилоттук мектептерде сабак өтө башташат. Ошондон кийин китептерден табылган кемчиликтер оңдолуп же жоюлуп, кайрадан көп нускада басылып чыгарылат.
Андан соң гана 10-11-класттар үчүн китептер түзүлө баштайт.
Мугалимдердин адистиги жогорулатылабы же жокпу?
Азыр акырындык менен башталды. 2016-жылы тилчилерди окутуу боюнча адистикти жогорулатуу борбору ачылган. Мурдагы окуу жылында 200дөй мугалим аталган борбордон коммуникативдик ыкманы үйрөнүп кетишкен. Алар азыр жаңыча сабак өтө башташты.
Бул мугалимдер Билим берүү министрлиги коммуникативдик ыкманы бир жыл мурда эле сыноо түрүндө киргизген пилоттук мектептерден болушкан. Бул окуу жылында борбордо башка мектептердин мугалимдери да окутулат. Жалпысы 700дөй мугалим болот. Алардын ичинен 100гө чукулу Бишкектин мугалимдери.
Бирок мугалимдер жаңы ыкманы бир гана адистикти жогорулатуу борборунан эмес, ай сайын өтө турчу семинарлардан да окуп үйрөнүшөт. Аларды жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрү уюштурат.