Көз карандысыз комиссия «Коопсуз шаар» боюнча тендердин жыйынтыгын жокко чыгарды

Арыз-даттанууларды кароо ведомстволор аралык комиссия «Коопсуз шаар» долбоорунун тендер жыйынтыгын жокко чыгарды. Орусиянын «Вега» компаниясынын мындай багыттагы долбоорлорду ийгиликтүү аткаргандыгы тууралуу документтери жок болгон.

Көз карандысыз компаниясынын маалыматына ылайык, Орусиянын «Вега» ишканасы конкурстук комиссияга «Коопсуз шаарга» окшош долбоорлорду аткаруудагы тажрыйбасы тууралуу бардык талап кылынган документтерди берген эмес.

Тендердин шарттарына ылайык, «Вега» жалпы суммасы 9 млн долларлык тастыктоо документтерин бериши керек болчу, бирок конкурстук комиссия бул документтерди алган эмес.

Көзкарандысыз комиссия Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитеттен (МТБМК) тендердин жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылууда, бирок, эгер «Вега» же Мамбайланыш комитети бул чечимге макул эмес болсо, анда ал аны сотто даттана алат.

«Клооптун» кабарчылары материалды жарыялоо алдында тендердик комиссиянын төрагасы Кубаныч Шатемиров менен байланыша албай коюшту. МТБМКнын басма сөз кызматы да комментарийлер үчүн жеткиликсиз болду.

«Коопсуз шаар» боюнча тендердин жыйынтыгына карата арыз Орусиянын «Маалыматтык технологияларынын коопсуздугу» (МТК) ишканасынан түшкөн. Ал конкурска мамлекеттик «Кыргызтелеком» компаниясы менен биргеликте катышып, бирок экөө тең «Вегага» утулуп калган.

МТК көз карандысыз комиссияга Орусиянын ИИМинен алынган документтерди берген. Документте ал «Веганын» Ульянов жана Тверь облустарындагы камераларынын сапатына арызданган. Орусия полициясынын маалыматына ылайык, «Веганын» камералары автоунаалардын ылдамдыгын жогору көрсөтүп, айрым жол эреже бузууларын каттаган эмес.

«Вега» «Коопсуз шаар» үчүн камераларды орнотуу боюнча тендерди 4-сентябрда жеңип алган. Компания жумуштардын баасын 2,3 млрд сомго баалаган. Тендер учурунда «Вега» эң төмөн баа сунушун берген. Ал эми тендер комиссиясы 21-сентябрда «Веганы» жеңүүчү деп жарыялаган.

«Коопсуз шаар» долбоору

«Коопсуз шаар» — мамлекеттик «Таза коом» программасындагы «Акылдуу шаар» долбоорунун бир бөлүгү. Бийликтин ою боюнча, «Акылдуу шаар» долбоорунун ишке кириши менен кыргызстандыктардын коопсуздугу жогорулап, ал эми мамлекеттик кызматтарды онлайн алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул долбоордон аткаминерлер коррупциянын төмөндөшүн жана мамлекеттик органдардын эффективдүүлүгүнүн жогорулашын күтүүдө.

2018-жылы январь айында кыргыз өкмөтү Кытайдын «Хуавэй» компаниясы менен шаардын көчөлөрүнө камераларды орнотуу боюнча келишим түзгөн. Бирок, белгиленген убакытка карабастан камераларды орнотуу жана ишке киргизүү мөөнөтү бир нече жолу жылдырылган.

Жыйынтыгында бийликтегилер «Хуавэй» компаниясы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу түрдө бузгандыгын айтып чыккан. Бул маалыматтан кийин өкмөттөгүлөр «Коопсуз шаар» долбоорун өз күчү менен ишке киргизээрин билдиришкен.

Буга карабастан Бишкекте төрт камера орнотулган. Алар сыноо тартибинде иштеп турган учурда 114 миң эреже бузууну каттаган.