Эмне болду? Конституциялык палата 3-октябрда экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө норманы баш мыйзамга каршы келет деп таап, өкмөт бул кол тийбестиктен ажыратуунун механизмин иштеп чыгышы керектигин токтом кылды, анткени азыр аны кылууга мүмкүн эмес.

«[...] экс-президенттин укуктук иммунитети так укуктук чектерге ээ болушу керек, ал эми иммунитеттен ѳтүү жѳнүндѳ жыйынтыктоочу чечим алдын ала жоболордон кѳз карандысыз жана иштеп жаткан президентти кызматтан четтетүү жѳнүндѳ чечимди кабыл алуудан оор болбошу керек», — деп айтылат чечимде.

Конституциялык палатанын чечими юрист Нурбек Токтакунов судьялардан экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө жобо Кыргызстандын баш мыйзамына туура же туура келбесин текшерүүнү сурангандан соң чыкты.

Кыргызстандын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө мыйзамдын 12-беренесинде төмөнкүлөр жазылган:

«Кыргыз Республикасынын экс-президенти колтийгис укукка ээ. Ал Кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы, ошондой эле кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес».

Юристтин пикири боюнча, бул жобо экс-президенттерге өз ыйгарым укуктарын аткарып турган кезде жасаган аракеттери үчүн жоопкерчиликтен, эң башкысы президенттиктен кеткенден кийинки да жоопкерчилигинен кутулуп кетүүгө мүмкүндүк берет.

Анан? Эми кезек өкмөттө. Конституциялык палатанын судьялары норманы баш мыйзамга карама-каршы келет деп тааныганы менен ал баары бир эле мыйзамда жазылуу бойдон калууда. Жаңы жобо күчүнө кириши үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүү керек, ал эми аны түзүп чыгууну судьялар өкмөткө тапшырышкан.

Бул кимге тийиштүү болот? Кыргызстанда эки экс-президент бар. Алар: Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев. Мурдагы президенттерди кол тийбестиктен ажарытуу жөнүндө жаңы жобо күчүнө кирип калса, анда бул биринчи кезекте, экөөнө тең тийиштүү болуп калат.

Демек бул, аларды, иммунитеттен ажыратуу процедурасы мыйзамда пайда болгондон кийин жасаган жосундары үчүн жоопкерчиликке тартса болот дегенди билдирет. Азыр аны кылмыштардын көпчүлүгү боюнча жасоого мүмкүн эмес. Бирок эгер, мисалы, Атамбаевди дүкөндү карактап жаткан жерин кармап алышса, анда аны, албетте, соттой алышат.

Бакиевди кантип соттошкон? Президент Курманбек Бакиевдин кол тийбестигин 2010-жылдын апрелиндеги революциядан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөт жокко чыгарган. Ошондон кийин Бакиевдин үстүнөн сот процесси башталган, бирок ал ошол кезде Беларусияда жүргөн. Ошол эле жылы августта Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев да кол тийбестиктен ажыратылган.

Убактылуу өкмөттүн аракеттери канчалык мыйзамдуу болгон — бул оор суроо.  Бакиевдин бийлиги Акаевдикиндей эле революциянын алкагында күч менен кулатылган. Ал эми революциянын түшүнүгү, Нурбек Токтакунов айткандай, Конституцияда жазылган эмес.

Атамбаевди соттой алышабы? Бул, бөтөнчө Атамбаевдин учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен тирешинин жана экс-президенттин дарегине айтылып жаткан сындардын шартында талаштуу маселе.

Юридикалык жактан алганда Атамбаевди мурда жасаган аракеттери үчүн мыйзамдын жаңы жоболору менен соттобоо керек. Негизги принцип жоопкерчиликти оорлоткон мыйзам артка иштебейт деп айтып турат.

Эгер парламент өкмөттүн мурдагы президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун жактыра турган болсо, анда Атамбаевди, мыйзам кабыл алынгандан кийин жасаган кылмыштары үчүн гана соттосо болот. Бирок ким билет — балким, өкмөт кандайдыр бир жол менен мыйзамдын артка иштебейт деген принцибин айланып өтө алаттыр.

ТЕМА БОЮНЧА: