Коопсуздук кеңеш Сеулда «мас болуп алып чатак чыгарганы» үчүн учактан алынган Эмгек жана соцөнүгүү министринин орун басарынын чуусунан кийин Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын ишинде эреже бузууларды тапты. Ал аткаминер мас абалында болгонун, андан тышкары, жалпы Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) ишиндеги эреже бузуулар жөнүндө айтып чыккан.

Контекст: 2018-жылы сентябрда Эмгек жана соцөнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова «мас абалында чатак чыгарганы» үчүн «Сеул — Алматы» учак каттамынан алынып, ошол эле күнү кызматынан бошотулган. Эки күндөн кийин Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан аткаминер чынында эле мас болгонун тастыктап, президенттин аппараты андан бул маалыматты жашырып коюуну суранганын кошумчалаган. Ошондон кийин ТИМ Султанды дипкызмат жөнүндө мыйзамды жана этиканы бузганы үчүн кызматтан алгысы келген.

Коопсуздук кеңеш Кылычбек Султандын Кыргызстандын Түштүк Корея жана Малайзиядагы элчилик кызматындагы ишинде эреже бузууларды тапты. Коопсуздук кеңеште анын төмөндөгү жоруктары тууралуу айтышууда:

• Ал Кыргызстандын Малайзиядагы элчилик кызматында туруп кыргызстандыктарды ТИМдин уруксаты жок өндүрүштүк практика өтүү үчүн кабыл алган.

• Элчи жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Султандын Малайзиядагы иши аяктагандан кийин аккредитациялык документтерди тапшырышкан эмес.

• Элчи 2018-жылы февралда коомдук тармактарда Кыргызстандын ТИМи менен кат алмашуусун жарыялаган. Анда Султан өзүнө аэропорттон офицерлерди тосуп алуу тапшырмасы берилгенинен улам ведомство менен урушуп кеткен.

• Кореяда Султанга бир айлык маянасынан тышкары 30 пайыздык ченеминдеги акчалай каражат айлыгына кошумча төлөнгөн, анткени ал Кореяда жубайы менен бирге жашашы керек болчу. Бирок анын жубайы ал менен жашабаганы жана мамлекет элчиге 6,5 миң доллар ашыкча төлөп берип койгону аныкталган.

• Султан Түштүк Кореяда элчи болуп туруп ага берилген резиденцияда эмес, узак убакытка дейре мейманканада жашаган.

• Султан Кореядан ТИМдин уруксаты жок дайыма Малайзияга каттап турган.

• Ал элчилик кызматы менен кошо  «Супер», «Супер кроссворддор» жана «Супер сканворддор» гезиттерин жетектеген.

Ошондой эле, Коопсуздук кеңеште «ТИМде так кадр саясаты жок» деп эсептешет, ошондуктан ал жакта маал-маалы менен кызматтык документтер жарыкка чыгып кетет. Коопсуздук кеңеш Султан жөнүндө материалдын бардыгын укуктук баа берүү үчүн башкы прокуратурага өткөрүп берди.

Ал эми Кылычбек Султан өзү какшык менен президенттик аппараттын башчысын жана тышкы иштер министрин жеңиши менен кутуктады.

«Досалы Эсеналиев [Президенттик аппараттын башчысы], Эрлан Абдылдаев [Тышкы иштер министри], Сиздерди жеңишиңер менен куттуктайм!!! Урматтуу [президент] Сооронбай Шарипович, “мүдүрүлбөс туяк” болбойт. Эң акыркы жаңылыш чечимиңиз мен болоюн. Ишиңизге ийгилик каалайм!» — деп жазган ал өзүнүн фейсбук барагында.

Султандын министрлик менен чатагы

Султан 2018-жылдын сентябрында өткөн басма сөз жыйында Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигиндеги коррупция тууралуу айтып чыккан. Анын айтымында, элчиликтин кызматкерлери диппаспортторду жана дипломатиялык макамдарды мыйзамсыз ыйгарышып, «опузалоо менен алектенишкен».

Ошондо Кыргызстандын ТИМи Султан кезектеги жолу мамкызматкерлердин этикасын бузду деп билдирген. Мекемеден аларда элчинин эреже бузуулары жөнүндө документтер бар экендигин кошумчалашкан. Министрликтин пикири боюнча, Султанды дал ошол жоруктары мындай кадамга барууга түрткү кылган.

Элчи менен ТИМ буга чейин да араздашкан.

Февралда Кылычбек Султан ведомство элчиликтин кызматкерлерин эл аралык Инчхон аэропортунан расмий эмес делегацияарды тосуп алууга мажбурлап жатканын билдирген. Анда ал өзүнүн фейсбуктагы барагында элчилик кыргыз офицерлерин тосуп алышы керектиги тууралуу ТИМдин документтерин жарыялаган.

ТЕМА БОЮНЧА: