Кыргызстанда эшектердин саны Кытайга «жаштык эликсирин» жасоо үчүн экспорттолуп жаткандыктан кескин азайып жатат деп жазууда Би-би-синин орус кызматы.
Кыргызстанда беш жыл ичинде эшектердин саны эки эсе, 2012-жылы 77 миңден 2017-жылы 33 миңге чейин азайган деп келтирет статистиканы Би-би-синин автору Наргиза Рыскулова.
Эшектин териси кытай медицинасында эцзяо желатинин өндүрүү үчүн колдонулат. Аны жардамы менен аз кандуулукту жана рак илдеттерин дарылашат. Андан тышкары, аны косметикада, кондитер азыктарында жана азык-түлүк кошулмаларында колдонушат.
Кытайда эцзяонун негизиндеги продукцияларды, маркетологдор ырасташкандай, кан айланышын жакшыртып, бойдон түшүп калууну алдын алган жана теринин картайышына каршы күрөшкөн «жаштык эликсири» катары жарнамалашат.
Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча мамкомитети эцзяонун касиети абдан эле ашкереленгенин, бирок бул сөздөр эшек терисин кайра иштетүүнүн темпине таасир этпесин эскертүүдө.
Би-би-си келтирген расмий маалыматтарга ылайык, Кытайда жылына 4 миллионго чукул жандыктын териси иштетилет. Өз кезегинде бул Кытайдын өзүндө эле эшектердин санынын кыскарышына катуу таасир эткен.
Башында Кытай эшектерди Африкадан импорттоп турган, бирок ал жакта жандыктардын чет өлкөгө сатылышына тыюу салынгандан кийин ал көңүлүн Борбор Азиянын базарына бурууга аргасыз болгон.
Кыргызстанда эшектердин санынын кыскарышын олуттуу көйгөй катары деле карашпаганы менен британиялык экологдор эки-үч жылдан кийин мындай жандыктар өлкөдө таптакыр эле калбай калышы ыктымалдыгын айтышууда.
Азырынча бийлик бул көйгөйгө эч кандай реакция кыла элек, өлкөдө эшектерди экспорттоо менен акча тапкандар бар. Мисалы, Би-би-синин кабарчысы менен сүйлөшүүдөн баш тарткан «Монблан Трейд» компаниясы.
Жаныбарлардын терисине карата бийик суроо-талап мыйзамдуу эмес кесепеттерге алып келет. Басылма эшектери уурдалган бир нече дыйкандын окуяларын айтып берген. Алардын бирөөсү эшегин үйүнөн алыс эмес жерде териси жок өлүп жатканын тапкан. Ал эми экинчи дыйкан милицияга кайрылган. Бирок ал Би-би-сиге айтып бергендей, милициядан анын арызын олуттуу кабыл кабыл албай, «эшектер менен иттердин жоголушуна байланыштуу арыздарды албайбыз» деп айтышкан.