Коопсуздук кеңеши менен Мамлекеттик кадр кызматынын сунушу боюнча Анара Мамбеталиева Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысы кызматына кайтарылды. Мекеменин башчысынын иш бөлмөсүнүн алдында жалгыз пикет уюштурганы үчүн Мамбеталиеваны ушул жылдын август айынын аягында кызматтан бошотушкан.

Анара Мамбеталиева кызматына кайтарылгандыгы тууралуу буйрукту өзүнүн фейсбук барагында жарыялаган.

Коопсуздук кеңеши Мамэкотехинспекциядагы коррупция жөнүндө айтып берип, атүгүл коррупционер болушу ыктымал адамдардын ысымдарын ачыкка чыгарып, кызматтын ишинде «одоно эреже бузууларды» тапкан Мамбеталиеванын көрсөтмөлөрүн текшерди. Коопсуздук кеңешинин маалыматына ылайык, басма сөз катчынын айыптоолору «жарым-жартылай тастыкталган».

Тергөөчүлөр аныкташкандай, Мамэкотехинспекциянын жетекчилиги премияларды мыйзамсыз берип, айрым кызматкерлерге талаптагы суммадан ашыкча төлөшкөн, жеткирүүчүлөргө акчалар ашыгы менен берилип, андан тышкары, жумушчуларды бош кызмат орундарга дайындоодо эреже бузуулар табылган.

Өкмөткө Мамэкотехинспекциянын аткаминерлери ээлеген кызматтарына канчалык деңгээлде ылайык же ылайык эместерин кароону сунушашты.

Мамэкотехинспекциядагы коррупция чуусу

Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысы 11-июлда кызматтын башчысынын иш бөлмөсүнүн алдында пикет уюштурган. Анда Мамбеталиева колуна коррупцияга каршылыгын билдирген плакат менен чыккан.

Ал мекемеде 2016-жылдан тарта иштеген жана анын айтымында, коррупцияга каршы плакат менен чыкканга дейре, акыркы жарым жыл ичинде ведомстводогу жемкорлук менен күрөшүүгө аракет жасаган.

Мамбеталиеванын пикетинен кийин ведомстводо кызматтык иликтөө башталып, анын жыйынтыгында басма сөз катчы кызматынан алынган.

Басма сөз катчы жумуштан бошотулгандыгын ооруканада жаткан кезде, августтун ортосунда укканын билдирген.

Ал жумуштан бошотулгандыгы жөнүндө маалыматты августтун ортосунда жетекчиликтен эмес, басма сөз борбордун башка кызматкерлеринен уккан.

Анара Мамбеталиева кызматтан бошотулганы жөнүндө маалыматты 22-августта фейсбук барагында айтып чыгып, пикетке чыккандагы сүрөтүн жарыялаган.

Эртеси күнү эле ал президент Сооронбай Жээнбековго видео кайрылуу жаздырып, анда Мамбеталиева Мамэкотехинспекцияда жемкорлукка шектеп жаткан ири аткаминерлердин ысымдарын ачыкка чыгарган. Ошондой эле, ал өмүрүнө коркунуч туулуп атканын жана ага үндөбөй отурууну сунушутап атышканын айтып берген.

Жооп иретинде ведомство Мамбеталиеваны «иш бөлмөсүн, кызматтык унаасын жана 200 миң сомго чукул каражат боюнча отчёт тапшыра элек» деп айыптаган. Ал эми Мамбеталиева өзүндө бухгалтериянын алдында 200 миң сом өлчөмдө отчеттуулук кайдан пайда болгондугун билген эмес.

«Мен 200 миң сом жөнүндө ички комиссия иликтей баштаганда билдим. Эмнегедир сен карызсың, кийин жаман болуп калат дей башташты. Мен эгер карыз болсом, анда мени биздин ички комиссия, Башкы прокуратура жана каржы полициясы да текшерсин деп айттым», — деп билдирген ошондо Мамбеталиева «Клооптун» кабарчысына.

Мурдагы басма сөз катчы ырастагандай, ал ведомствого барып, иш бөлмө менен унааны тапшырууга аракет кылган, бирок ага мекеменин мурдагы директорунун чет өлкөдөн келишин күтүшү керектигин айтышып, кабыл албай коюшкан.