Экотехинспекциянын басма сөз катчысы өз мекемесиндеги жемкорлукту айтып чыккандан кийин кызматтан алынды

Анара Мамбеталиева 11-июлда Мамэкотехинспекциянын имаратында. Сүрөт Мамбеталиеванын фэйсбук барагынан алынды

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева өз мекемесиндеги кызматкерлердин арасындагы коррупция тууралуу айтып чыккандан кийин ал иштен алынган. Эгер анын коопсуздугун камсыздап беришсе, ал инспекциянын ишиндеги мыйзам бузууларга байланыштуу далилдерди ачыкка чыгармакчы.

Мамбеталиева кызматтан алынганы жөнүндө 22-августта фэйсбук барагында жазган:

«Ич ара коррупционерлер менен алышып отуруп акыры мамлекеттик кызматка кайтып келбес берене менен иштен кеттим!!!»

Ал фэйсбуктагы пост менен кошо Мамэкотехинспекциянын имаратында коорупцияга каршы плакаты менен турган сүрөттү жарыялаган. Анда инспекцияны жемкор кызматкерлерден тазалоого үндөгөн чакырык жазылган.

Мамбеталиеванын айтымында, инспекция «коррупциянын сазына» батып жатат. Ал эми басма сөз катчы «чындыкты издегени» үчүн жумушунан айрылып калган. Ал мекемеде 2016-жылдан тарта басма сөз катчы болуп иштеп келген.

Ал эми Мамбеталиева өзү 15-августта эле жумуштан бошотулгандыгы жөнүндө маалыматты жетекчиликтен эмес, басма сөз борбордун башка кызматкерлеринен укканын «Клооптун» кабарчысына курган маегинде айтып берди.

«Мен жумуштан бошотулгандыгым жөнүндө кечээ эле уктум. Жада калса мага эч кандай документтерди беришкен жок. 16-17-августта ооруканада болчумун. Мага эч ким чалып, эч нерсе айткан жок», — деди ал.

Мамбеталиеванын айтымында, коррупцияга каршы плакат кармап түшкөн сүрөт 11-июлда эле тартылган. Ал ошол күнү Мамэкотехинспекциянын директоруна коррупцияга каршы үндөгөн чакырыкты сунуштап, ал ага макул болгонун айтат.

Андан тышкары, басма сөз катчы андан коррупционерлердин ысымын ачыкка чыгарууну суранган кесиптештери да бул демилгени колдоого алышканын айтууда: «Алардын арасында жетекчилердин да ысымдары болгон».

Мамбеталиева өзүнө коркутуп-үркүтүүлөр түшүп атканын «Спутник» басылмасына билдирип, бирок так кимден экенин айткан эмес. «Укук коргоо органдары менин коопсуздугумду камсыздап бергенде гана далилдерди ачыктап бере алам», — деп билдирген ал.

Мамэкотехинспекциянын жетекчисинин орун басары Расул Артыкбаев Мамбеталиеванын жумуштан бошотулганын тастыктап берди. Анын айтымына ылайык, борбордун басма сөз кызматкери директорго барган күнү эле 11-июлда башталган кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жумуштан бошотулган.

«Мамэкотехинспекция имаратында плакат менен макулдашылбаган акция, иш таштоо болгон. Андан кийин комиссия түзүлүп, ал кызматкердин жумуштан кетүүсү туурасында маселе көтөрүлгөн. [...] Комиссиянын тыянагы менен ал жумуштан кетирилди», — дейт Артыкбаев.

«Прецедент» компаниясынын юристи Эдиль Эралиев инспекциянын имаратында ал мекеменин басма сөз кызматкери тарабынан уюштурулган пикет кызматтан бошотуу үчүн негиз болушу мүмкүндүгүн «Клооптун» кабарчысына билдирди.

Авторлошу: Алексей Журавлёв