«Мегакомду» «Республика — Ата-Журт» партиясынын депутаты Акылбек Жамангулов жетектемей болду. Ал үстүбүздөгү жылдын июнунда байланыш операторунун жетекчисинин чоң өлчөмдөгү маянасына кыжырданган. Жамангулов ким жана эмнеси менен белгилүү экенин айтып беребиз.

Июнда Жамангуловдун талапкерлиги Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчилик кызматына көрсөтүлүп, бирок ошо бойдон бекитилбей калган. Ал эми октябрда аны «Мегаком» байланыш операторунун башчылыгына дайындашты.

Акылбек Жамангулов «Мегакомдун» эң жаш жетекчиси, ал 23-октябрда 30 жашка чыкты. Ошол эле мезгилде Жамангулов саясаттык ишмердик да кылат. 2015-жылы ал «Республика — Ата-Журт» партиясынан парламентке депутат болуп шайланган.

Жамангулов 2015-жылга чейин бир нече заводдо башчылык кызматтарды аркалаган. Ал Кеминде ZETH Cement заводунун аткаруу директору, «Шанфэн ЗЭТ Цемент» ишканасынын башкы директорунун орун басары болуп, алтын казуу боюнча Gold King Plus компаниясын башкарган («24.kg» сайтынын маалыматына ылайык, ал аны азыр да жетектейт.

Саясатчы компанияларда жетекчилик кызматарды 10 жылдан бери аркалап келет. 2008-жылы ал «Тар -Суу» ЖЧКсынын аткаруу директору болуп, андан соң «Кыргыз агро азык-түлүк корпорациясында» бир катар жогорку кызматтарды ээлеп, үч жыл «Манас» аэропортунун башкармалыгынын мүчөсү болгон.

Жамангулов 15 жашынан, Балыкчынын ликер-арак азыктары заводуна адис болуп орношкондон тарта иштей баштаганы кабарланууда.

Жамангулов жана «Мегаком»

2018-жылы июнда Жамангулов парламентте «Мегакомдун» жетекчилигинин чоң өлчөмдөгү маянасына кыжырданган.

«“Мегакомдо” иштеген 1500 кишинин орточо айлыгы 66 миң сом экен. Ал эми жетекчилеринин айлыгы 20 миң долларга чейин экен. Кандай көрсөткүчтүн негизинде мындай айлык коюлган? Ишкананын демөөрчүлүк чыгымдары бир жылда 40 млн. сомго жакын экен. Мендеги маалымат боюнча бул акчаны өз айылына, туугандарына жумшайт экен», — деп сураган Жамангулов. Анда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «маселени чечүүнү» убада кылган.

Ага чейин Жамангулов компаниянын башчысы 300 миң сом киреше табат, ал эми бонустары менен бул сумма 700 000 сомго чейин чыгаарын айткан. Бирок «Мегаком» депутаттын билдирүүсүн четке кагып койгон. Байланыш оператору компаниянын директорунун маянасы Жамангулов айткан суммадан 2,5 эсе төмөн (700 000 сомдон 2,5 эсе төмөн, тагыраагы бул сумма 280 000 сом) деп билдирген.

Акылбек Жамангулов дагы эмнеси менен белгилүү?

Депутат Акылбек Жамангуловдун акыркы демилгелеринин бири — бул мамлекеттин эсебинен ири иш-чараларды өткөрүүгө беш жылдык мораторий киргизүү. Ал учурда саясатчы бир жылда мамлекеттин эсебинен орточо 105 той иш-чаралы өткөрүлөөрүн жана анын ар бирине эки миллион сом коротулаарын айтып чыккан.

Ал ошол ресуртарды айылдын 90 жылдыгы сыяктуу юбийлейлерине эмес, алардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө коротууну сунуштаган.

Депутат 2018-жылдын июлунда парламентте Бишкектин түштүк жагында 84 гектар жердин ижарага мыйзамсыз берилиши жөнүндө маселени көтөрүп, ал эми март айында Бишкек ЖЭБдин жаңы блогундагы камералар14,5 миң доллар тураарын билдирген — чынында «Электр станциялар» ишканасы ага макул эместигин айткан.

Жамангулов 2017-жылы депутаттар Алтынай Өмүрбекова жана Дастан Бекешев менен бирге коомдо резонанс жаратып, бирок натыйжада кабыл алынбай калган «блогерлер» жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелешкен. Алардын версиясы дээрлик толугу менен Орусиянын ошондой эле мыйзамынын көчүрмөсү, ага ылайык, адамдарды коомдук тармактардагы пост үчүн соттошот.