Бишкектин №67 мектебиндеги сабак учуру. Даниль Усмановдун «Клооп» үчүн сүрөтү.

Журналисттер мектеп окуучулары быйыл окуй башташкан жаңы китептерден каталарды табышты. Билим берүү министрлиги китептерди басып чыгарган басмакананы айыптап, ал эми басмакана болсо күнөөнү субжалданмачыга оодарып койду.

12-октябрда «Кактустун» журналисттери мектеп окуучулары быйыл окуй башташкан география боюнча китептеги каталар тууралуу материал чыгарышкан.

Китепте бери эле дегенде миң грамматикалык жана тексттик каталарды табышкан. Андан тышкары, китептерде эскирип калган географикалык маалыматтар бар.

Алтынчы класстын окуучулары үчүн география боюнча китеп 2018-жылы чыгарылган. Китеп 47 миңден ашуун нускада чыгарылып, ал эми Билим берүү министрлиги аны жактырган.

Ошондон кийин журналисттер башка да жаңы китептерден каталарды таба башташкан. Мисалы, «24.kgнин» журналисттери 5-класттын окуучулары үчүн табият таануу боюнча окуу куралынын ар бир бетинен бир нече каталарды табышкан.

Андан кийин эмне болгон?

Билим берүү министрлиги китептердеги каталар жөнүндө алгачкы маалыматка дароо эле реакция кылган. Ал ошол эле күнү китепти басып чыгарган «Билим-компьютер» басмаканасын сотко берээрин билдирген.

Үч күндөн соң, 15-октябрда «Билим-компьютер» басмаканасынан каталар текстти кыргыз тилинен орус тилине которууда пайда болгонун маалымдашкан. Негизи китепти алардын субжалданмачысы «Инсанат» басмаканасы басып чыгарган.

Бирок «Инсанаттын» жетекчилиги билдиргендей, басмага жөнөтүү алдында соңку варинтты жактырган эмес жана ал китептер каталар менен басылгандыгы үчүн юридикалык жоопкерчилик тартпайт.

Натыйжада эмне болду?

География боюнча китеп кайра басылып чыгарылат. «Билим-компьютер» аны өз эсебинен жасоого даяр. Билим берүү министрлиги китептерди чыгаруу алдында «анчейин деле текшербесин» моюнга алды. Министрлик келечекте мындай кемчиликтерге жол бербеш үчүн басмага жиберүү алдында китептерди жактыруу системасын киргизүүнү убада кылды. Жаңы китептерди «күчтүү мугалимдер» текшеришмекчи.

Бул китептерде каталар табылган биринчи эле жагдай эмес. Февралда «Клооптун» кабарчылары физика боюнча мектеп окуучуларынын китептеринен туура эмес формулаларды жана жүздөгөн грамматикалык каталарды табышкан.

2017-жылы ноябрда Билим берүү министрлиги өзүнүн техникалык комиссиясын техникалык-эксперттик комиссияга өзгөртүп, анын артына мамтил бөлүмү менен Илимдер академиясынан эки кызматкерди бекитип берген. Бирок бул жаңы китептердеги каталарга жол бербөөдөн сактап калбаганы байкалып турат.