Мэрия бул демилгени 2019-жылы ишке ашырууну пландоодо. Ал үчүн коомдук транспортко накталай эмес төлөм кабыл алган валидаторлорду сатып алып, орнотуу керек.

Башында шаар бийлиги накталай эмес төлөмдү автобустар менен троллейбустарда, андан соң гана маршруттук таксилерде сынап көрүүнү пландоодо.

Мэриянын планына ылайык, жол кире акысын электрондук түрдө төлөө транспорттук жыйымдардын көлөмүн эки-үч эсе көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Мэриянын бөлүм башчысынын орун басары Кубанычбек Жусупов азыр шаардык бюджет жылына транспорттук жыйымдардан 190 млн сомго чукул каражат алаарын, бирок учурдагы жол кире үчүн акы төлөөнүн азыркы системасы айдоочуларга кирешелерди жашырууга мүмкүндүк берип атканын айтты.

«Көмүскө киреше табуу көйгөйү бар, бул айдоочулардын абийирсиздиген болууда. Алар накталай акча алып, айрым сумманы кассага төкпөй [бийликтин ишениминен] кыянаттык кыла алышат», — деди Жусупов.

Жусупов мэрия коомдук транспортто жол кире үчүн электрондук акы киргизүүнү каржылабасын, аны тендердин жыйынтыгы менен шаар бийлиги тандап ала турган жеке инвесторго тапшырышаарын «Клоопко» курган маегинде айтты. Ал эми тендер ноябрда өтөт.

«Коомдук транспортто валидаторлорду инвестор коёт, кийинчерээк жеке транспортторго да орнотулат. Ар бир транзакциядан [жол кире үчүн] акча операторго түшөт. 25 пайызы [транзакциядан] муниципиалдык бюджетке, ал эми 75 пайызы инвесторго кетет», — деп түшүндүрдү Жусупов.

Ал кошумчалагандай, келечекте Бишкек мэриясы электрондук төлөм системасына толук көзөмөл алат. Инвестор долбоордогу өз үлүшүн жумшалган акчалар акталгандан кийин мамлекетке өткөрүп берет.

Бул кандай иштейт?

Коомдук транспортто электрондук акы төлөө үчүн бишкектиктер смарт карта сатып алышы керектелет. Аларды шаарда орнотулган атайын сатуу түйүндөрүнөн сатып алууга мүмкүн болот.

Жол кире акысын автобуста же троллейбуста төлөш үчүн жүргүнчү смарт картаны болгону валидаторго жакындатып кармашы гана керектелет. Ал керектүү сумманы алып калат.

Бишкектиктерге төмөнкү категориядагы смарт карталар же сапар карталары жеткиликтүү болот:

• Чоңдор үчүн (100 жол жүрүү) — 500 сом;

• Студенттер үчүн (60 жол жүрүү) — 350 сом;

• Окуучулар үчүн (60 жол жүрүү) — 200 сом;

• Пенсионерлфер үчүн (60 жол жүрүү айына бекер берилет).

«Бул азырынча жөн гана долбоор. Биз электрондук акы төлөө системасы жеткиликтүү болушун, ал эми калктын аялуу катмарларынын кызыкчылыктары эске алынышын каалап жатабыз. Бул долбоорду шаардык кеңеш жактырып бериши керек», — деп түшүндүрдү Жусупов.

Бишкек мэриясы смарт карталар менен гана чектелбейт. Планда банк карталары же уюк телефон аркылуу акы төлөө системасын да киргизүү идеясы бар. Бул мүмкүнчүлүктөр качан жеткиликтүү болуп калаары азырынча белгисиз.

Электрондук акы төлөө системасы киргизилиши менен бир жолку жол киренин акысы да көбөйүп-көбөйбөсү да белгисиз.

Маршруттук таксилерчи? Аларды электрондук акы төлөө системасына качан кошушат?

Жусуповдун айтымында, маршруткаларды электрондук системага кошуу аракети 2020 же 2021-жылдарга пландалууда.

Эгер Бишкек мэриясы электрондук акы төлөө системасын киргизе турган болсо, анда айдоочулар бензин же башка чыгымдарын кантип төлөп калышат деген суроого мэриянын транспорттук бөлүмүнүн башчысынын орун басары оператор түшкөн акчаларды жүргүнчү ташыган фирмаларга кайтарып берээрин, ал эми алар өз кезегинде, айдоочуларга кайтарып беришет деп жооп берди.

«Бул оңой эле: валидатордун номери бар, ал маршруткага тиркелген болот. Ага [маршруткага] канча жүргүнчү кирип, жол кире акысын канчасы төлөгөнү көрүнүп турат. Айдоочу ошол акчаларды алат», — деп түшүндүрдү Жусупов.