КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов мындан ары партиянын мүчөсү болбой калды. Ал Социал-демократтардын саясий кеңешинин чечими менен партиядан чыгарылган. Бул «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын жыйналыштарынын шартында болду. Анын уюштуруучуларынын бири Сагынбек Абдрахмановдун айтымында, Өмүркулов кыймылдын сунушун колдогон.

Эмне болду?

КСДПнын саясий кеңеши 31-октябрда Өмүркуловду «партиянын уставы менен идеяларына каршы келген аракеттер» үчүн партиядан чыгарды. Ошондой эле саясий кеңеш парламенттин депутаттарына Өмүркуловду парламенттик фракциянын лидерлигинен чакыртып алууну сунуштаган.

Иса Өмүркулов октябрь айында өлкөнүн төрт облусунда, тагыраагы Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын жыйналыштары өткөндөн кийин КСДПнын мүчөлүгүнөн ажырады. Жолугушуунун уюштуруучуларынын бири Сагынбек Абдрахманов активисттерди Иса Өмүркулов колдогондугун «Азаттыкка» айтып берген.

Ал эми Өмүркулов өзү Абрахмановдун айткандарын четке кагууда.

Өмүркулов эмне деп айтууда?

Өмүркулов партиядан чыгарылган күндөн бир күн өткөн соң аны «[КСДПнын] идеяларын саткан бир ууч топ» кылганын айтты. Анын айтымында, өзүнүн партиядан чыгарылышы легитимсиз болгон. Бул тууралуу ал ЖМКдан уккан жана аны бул маселе чечилген жыйынга чакырып, протокол да беришкен эмес. (КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева аны четке какты. Басма сөз катчы ырастагандай, Өмүркулов 31-октябрда жыйынга чакырылган, бирок ал келбей койгон.)

«Мен эч бир мыйзамды, партиялык тартипти бузган жокмун. [...] Форумдун басма сөз кызматынын [КСДПнын] атынан мага чыккынчы деген сөз айтылып атат. Мен чыккынчы деп бүгүн мени партиядан чыксын деп добуш бергендерди эсептейм. Себеби булар партиянын жана революцияда [2010-жылы] курман болгон балдардын,  мындайча айтканда, ошолордун элесин, идеясын саткан болуп эсептелинет», — деди Өмүркулов.

Иса Өмүркулов (солдо) жана КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев (оңдо) 2018-жылдын мартында съездде. Сурөт: КСДП

Ошол эле маалда ал «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын колдойбу же колдобойбу деген суроого так жооп берген жок.

«Мага “КСДП Атамбаевсиз” деген сунуштар менен келгендер көп болгон, бирок мен ал боюнча өз позициямды айткан эмесмин», — дейт Өмүркулов.

Азырынча Өмүркулов КСДП фракциясынын лидерлигинен кетээр-кетпеси түшүнүксүз — бул чечимди фракциянын мүчөлөрү кабыл алышы керек. 2-ноябрда парламентте КСДП фракциясынын жыйыны өтүшү керек, бирок аны Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу иш-чарадан улам жылдырып коюшкан.

Өмүркүлов эмне үчүн чыгарылды жана КСДПда эмне болуп жатат?

КСДПнын жаңыдан шайланган төрагасынын орун басары Ирина Карамушкина Өмүркулов парламентте партиянын идеяларын коргобогондугу үчүн чыгарылганын «Клоопко» айтып берди. Ал Өмүркуловдун фракциядан чыгарылышын «жүзөгө ашкан факты» деп атады, анткени фракция саясий кеңештин чечимин аткарууга милдеттүү.

Карамушкина Өмүркулов сыяктуу эле парламентте КСДПнын атынан жыйындарга катышат.

«Саясий кеңеш партиядан Кожобек Рыспаевди чыгарганда, фракция ал чечимди жактырышы керек болгон. Бирок көшөгө артында оюндар башталганда (Рыспаев КСДП фракциясында калды) Иса Шейшенкулович фракцияда өзүнүн мүнөзүн көрсөтпөй койду. Фракция партиянын тапшырмаларын аткарышы керек», — деди ал.

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахманов Өмүркулов легитимсиз чыгарылды жана партия бул чечимди аткарбайт деп ырастоодо.

«КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов партиядан чыгарылды делген кечээки маалыматтар Алмазбек Атамбаевдин агониясы экенин көрсөтүп турат. Себеби бүгүнкү күндө партиянын лидери деп Ирина Карамушкина менен Фарид Ниязовду гана таанышат», — деп айткан Абдрахманов.

Алмазбек Атамбаев 2018-жылы апрелде КСДПнын саясий кеңешинин жыйынында. Сурөт: КСДП

Саясат тануучу Марс Сариев Өмүркуловдун КСДПдан чыгарылышын «Клоопко» курган маегинде «абдан татаал жана чырмалышкан жагдай» деп атады. Бирок ошентсе да саясат тануучунун пикири боюнча, бул чечим партия үчүн терс кесепеттерди алып келет.

«Бул КСДПнын толугу менен дискредитация болушу, ажырым, партия [саясий] күчүн абдан жоготууда. КСДПга мүчө депутаттар башка жээк, башка партия издей башташат. Бул аракеттер КСДПны алсыздатып, ажырымга алып келет. Акчалуу жана төбөсү көрүнгөн [КСДПдагы] фигуралар башка партияга өтүп кетиши ыктымал, ал эми КСДП кодолек партияга айланып калат», — деди Сариев.

Саясат тануучу Медет Төлөгөнов Иса Өмүркуловдун бийликчил партиядан четтетилишин — бул «Атамбаевдин беделине таасир этчү» КСДПдагы ажырым процесси деп атады.

Андан тышкары, ал КСДПнын парламенттеги депуттары фракция башчысын ээлеген кызматынан оодарууга бара алышпаса керек деп айтууда.

«Фракциянын [КСДП] өзүндө Атамбаевди колдогондор деле жок. Жыйынтыгында фракция Атамбаевге каршы турган күчтөргө, ал эми партиянын өзү Атамбаевдин өзүнө кала тургудай абал жаралышы мүмкүн», — дейт Төлөгөнов.

Иса Өмүркулов деген ким?

Иса Өмүркулов парламентке КСДП партиясынан 1995-жылы эле келген. Ошондон бери ал парламентке беш жолу депутат болуп шайланган. Андан тышкары, 2010-жылдагы революциядан кийин Өмүркулов эки жыл Бишкек шаарынын мэри болгон.

Ал 2013-жылы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын айланасындагы чуунун шартында мэрлик кызматтан кеткен. Тергөөнүн версиясы боюнча, Иса Өмүркулов парктын үч гектардан ашуун муниципиалдык жерин жеке курулуш үчүн мыйзамсыз чыгарган. Мамайыптоо Өмүркуловду беш жылга кесүүнү суранган, бирок 2014-жылы сот аны актаган.

Ал эми 2016-жылы Өмүркулов парламентте КСДП фракциясынын лидерлигине дайындалган.

Авторлошу: Айдай Эркебаева