Казакстанда 2018-жылы февралда аткезчиликке шектелип кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун иши боюнча сот отуруму өтүүдө.

Кылмыш иши 126 томдон турат, күбө катары 70 адам өтүүдө. Ал эми соттолуп аткандардын ордунда кыргыз саясатчысынан тышкары дагы 11 адам бар.

Тергөөнүн пикири боюнча, Дамирбек Асылбек уулу аткезчилик менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топту жетектеген жана ал бир жыл ичинде чек ара аркылуу 407,5 млн теңгенин товарын өткөзүп, ошондон улам казынага 99 млн теңгеден ашуун бажы төлөмдөрү түшпөй калган.

Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын атайын кызматы тарабынан колго түшкөнгө чейин «Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңеште депутат болгон. Асылбек уулу кармалган соң, анда кыргыз жана казак жарандыгы бар экени аныкталган. Бул аны депутаттык мандаттан ажыратууга себеп болгон. Ал эми анын фракциядагы ордуна апрелде Руслан Чойбеков келген.

ТЕМА БОЮНЧА: