Алтынчы чакырылыштагы кыргыз парламенти депутатарга каршы козголгон кылмыш иштеринин саны боюнча рекорд коюп коюшу ыктымал. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Кыргыз парламентинин алтынчы чакырылышы өз мөөнөтүнүн жарымына гана жеткенине карабай 11 депутат кылмыш иштеринин фигуранттары болуп калышты. Эгерде ушул абалда кете берсе, анда учурдагы чакырылыш эл өкүлдөрүнө каршы козголгон кылмыш иштеринин саны боюнча рекорд коюп коюшу ыктымал.

Жогорку Кеңеште буга чейинки беш чакырылышта иштеп кеткендердин ичинен кылмыш ишине фигурант депутаттар бешинчи чакырылышта (2010-2015) көп болгон. Анда беш жыл ичинде 15 эл өкүлү кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Депутаттарга карата кылмыш иштердин көбү 2012-жылы ачыла баштаган — болжолдуу ошол убактарда Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр күчүнө кирген.

Кантип мындай болуп калды?

  • Акыркы алты жылда жоопкерчиликке коррупционерлерди көбүрөөк тартса болот — 2011-жылдан тарта 2013-жылдары Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине коррупцияга байланыштуу бир нече берене кошулган.
  • Мыйзам боюнча, башкы прокурор депутаттарга кылмыш иштерин козгоо үчүн парламенттен уруксат алышы керек. Бирок эгерде кеп өзгөчө оор кылмыш жөнүндө болуп атса, анда ага бул уруксат керектелбейт. Депутаттар дал ошол өзгөчө оор кылмыштарга тийиштүү «коррупция» беренеси боюнча жоопкерчиликке тартылууда.
  • Экс-президент Алмазбек Атамбаев өлкө башчылык кызматында турганда коррупционерлер менен күрөшүп атканын айтчу. Атамбаевдин учурунда 24 депутат кылмыш ишинин фигуранты болуп калган. Алардын ичинен жок дегенде бешөө өздөрүнө каршы иштерди саясий мүнөздүү деп айтып чыгышкан. Мисалы, пара алуу үчүн соттолгон оппозиционер Өмүрбек Текебаев күнөөсүн мойнуна албастан, өзүнө каршы кылмыш ишин бийликтин «саясий буйругу» деп атап келет.
  • Атамбаевдин ордуна президенттикке келген Сооронбай Жээнбеков өзүнө чейинки бийлик коррупция менен натыйжасыз күрөшкөнүн айткан жана бул күрөштү күчөтүү керектигин билдирген. Анын ишиндеги жарым жыл убакытта эки депутат кылмыш ишинин фигуранты болуп калган. Андан тышкары, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Жээнбековдун башкы атаандашы Өмүрбек Бабанов ошол учурда экинчи кылмыш ишинин фигурантына айланган. Мартта Бабанов «бийликти күч менен басып алууга даярдануу жана массалык башаламандыктарды уюштуруу» үчүн айыпталган. Мурдагы саясатчы айыптоолорду «сандырак» деп атаган.

Азыр бул кылмыш иштеринин айрымдаруу тууралуу кененирээк айтып беребиз.

Аскарбек Шадиев. Кечмени кечип өтүү убактысы

Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Акыркы чуулгандуу иштер «Бир Бол» фракциясынын депутаты жана мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев менен байланыштуу. Ага эки кылмыш иши козголгон: биринчиси апрелде, ал эми экинчиси июнь айында.

Биринчи иш боюнча Шадиев «ыйгарым укуктарды кыянат пайдаланган» делип айыпталууда. Тергөөнүн версиясы боюнча, аткаминер 2017-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык ыйгарылбасын билип туруп, ага 2 млн сом бөлүп берүү өтүнүчү менен документке кол коюп берген.

УКМК депутатка каршы экинчи ишти «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп кеткендигинен» улам козгогон. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, депутат өзүнө каршы кылмыш иши козголгондон кийин дароо эле апрелдин аягында өлкөдөн чыгып кеткен. Ал Лейлек районунан дайра кечип Тажикстан тарапка өтүп кеткен.

Андан тышкары, Башкы прокуратура июнь айынын аягында кылмыштуу кирешелердин изин жашыруу жана мыйзамдаштыруу боюнча дагы бир кылмыш ишин козгогон. Анда Шадиев жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүнүн катыштыгы бар экени айтылган, бирок анда депутаттын шектүү же айыпталуучу макамы жок.

Ага азыр эмне болгон? УКМКнын версиясы боюнча, Шадиев апрелдин аягында (кылмыш иши козголгонго чейин бир күн мурда) Лейлек районунан дайра кечип Тажикстанга өтүп, ал жактан Орусияга, андан соң АКШга учуп кеткен.

Осмонбек Артыкбаев. Тергөө изоляторунан ооруканага

Сүрөт: КСДП

КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев энергетика министри болуп турган учурда Бишкек ЖЭБди жаңыртуу боюнча Кытайдын TBEA компаниясы менен 386 млн долларга Кыргызстан үчүн пайдасыз келишим түзгөн деп айыпталууда.

Ошондой эле, Башкы прокуратура Артыкбаевди, энергетика тармагынын башка аткаминерлери менен кошо Кытайдын компаниясынан тийиштүү техникалык документтерди талап кылган эмес деп айыптоодо — мисалы, техникалык-экономикалык негидемени.

Ага азыр эмне болгон? Учурда Артыкбаев УКМКнын тергөө абагынан ооруканага которулган. Ооруканада ага операция жасалышы керек.

Канатбек Исаев. Бабановдун атынан «бийликти басып алуу»

Сүрөт: Табылды Кадырбеков/Sputnik

«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Канатбек Исаев эки кылмыш ишинин фигуранты болгон.

Исаев Токмоктогу муниципиалдык жерди автобекеттин жана базардын курулушуна мыйзамсыз өткөрүп берүү жөнүндө биринчи кылмыш иши боюнча 12 жылга эркинен ажыратылган.

Бирок июнь айынын аягында Бишкек шаардык соту кылмыш ишиндеги «Коррупция» беренесин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесине которгон. Жаңы берене боюнча кылмыштын эскирүү мөөнөтү өтүп кетип иш токтотулган жана анын башка фигуранттары бошотулган.

Исаев 2017-жылы сентябрда Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдында бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн делип айыпталган. Башкы прокуратуранын божомолдошунча, эгерде 2017-жылдын 15-октябрындагы президеттик шайлоодо Бабанов утулуп калса бул нерсе ишке ашмак.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2018-жылдын июль айынын башында бул ишти кайра тергөөгө кайтарган.

Ага азыр эмне болгон? Исаев экинчи кылмыш ишинен улам УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Депутаттарга каршы башка кылмыш иштери жөнүндө бул жерден окуңуз: