Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күндөрү Кыргызстанда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси боюнча пайда болгон. Ал 2017-жылы 7-ноябрь Октябрь революциясынын күнүн Тарых, ал эми 8-ноябрды Ата-бабаларды эскерүү күнүнө алмаштырган мыйзам долбоорун парламенттин талкуусуна чыгарган.
Парламент бул демилгени колдоп, 2017-жылы 22-ноябрда Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнү расмий майрам катары бекитилген. 2017-жылы бул майрамдар бейрасмий белгиленген.
Кыргызстан 2017-жылга чейин Борбор Азияда тургундары 1917-жылдагы Октябрь революциясынын күнүнө карата 7-ноябрда иштебеген жалгыз өлкө бөлчу. Ошого карабастан өлкө көптөн бери бул майрамды Советтер Союзундагыдай мамлекеттик деңгээлде белгилеп же майрамдык жүрүштөрдү уюштурбай калган.
Эмне үчүн Атамбаев жаңы майрамдарды киргизүүнү чечкен?
Ал өз чечимин Кыргызстан «1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революциялары менен 1916-жылдагы кайгылуу окуяларга, тарыхый калыс баа бериши» керек деп түшүндүргөн.
Кыргызстан 2016-жылы кыргыздардын 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгын белгилеген. Бул кыргыз калкынын, андан тышкары, Борбор Азияны байырлаган башка элдердин Орус империясына каршы көтөрүлүшү болгон. Үркүндүн 100 жылдыгына карата Кыргызстанда анын курмандыктарына арналып, мемориал ачылган.
Алмазбек Атамбаевдин пикирине ылайык, 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшү жана анын арты менен болгон Октябрь революциясы — бул Кыргызстандын тарыхы үчүн кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө түрткү болгон эки маанилүү окуя.
«Кыргыз эли ата-бабаларыбыздын жана бүгүнкү бакубат турмушту негиздеген, элибиздин атын жана байыркы тилибизди кылымдар бою сактап келген, эгемендүү Кыргыз Республикасын түзүүгө жана бекемдөөгө жол ачкандардын жаркын элесин ыйык тутат», — деп билдирген экс-президент Атамбаев 2017-жылы.
Көтөрүлүш эмненин айынан болгон?
Көтөрүлүшкө чыккандар падышачылык бийлик тарабынын кысымына, көчүрүлүп келген орустардын пайдасы үчүн жерлердин тартылып алынышына жана салыктардын көтөрүлүшүнө нааразы болушкан. Андан кийин орус падышасынын Борбор Азиянын түпкү калкын Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда тыл иштерине катышууга үндөгөн мобилизация жөнүндө жарлыгы элдин сабырын кетирген. Бул талап аймактын согушка катышкысы келбеген мусулман калкына жакпай калган.
Падышачыл Орусиянын саясатына каршылыкка чыкандарын көтөрүлүшү орус айылдарын кыйратууга, андан сырткары полиция менен кагылышка алып келген. Кйинчерээк көтөрүлүш катуу токтотулган. Кыргыздардын көпчүлүгү, андан тышкары, каршылыкка чыккандардын башка да катышуучулары орус армиясынын куугунтугу менен жазалоо операцияларынан улам Кытайга качууга аргасыз болушкан.
Кыргыз калкынын Кытайга массалык жана шашылыш миграциясы курмандыксыз өткөн эмес. Жолоочулар аска-зоолордон өтүүгө аргасыз болушкан. Адамдар жолдун шарттарына чыдабай сууктан өлүп, мал-жандыгын жоготуп, аска-зоолордон учуп кырылышкан.
Ар кандай маалыматтарга ылайык, 60 миңге чукул адам 1916-жылдагы окуялардын курмандыгына айланган.
1916-жылдагы окуялардын артынан эле Орус империясында Февраль жана Октябрь революциясы болгон. Биринчиси Орус Империясында падышанын бийлигин жойгон, ал эми экинчиси бийликке большевиктердин келишин жана СССР деген жаңы мамлекеттин түптөлүшүнө алып келген.
Ошондон кийин Кытайга качкан кыргыздардын жарымы мекенине кайтып келишкен.
Орусиянын реакциясы
Кыргызстанда жаңы майрамдардын пайда болушу Орусияда терс бааланган. Орусиянын мамдумасынын вице-спикери Игорь Лебедев кыргыз бийлигинин чечимин «душмандык кадам» деп атап, Орусияда жүргүнчүлөрдү ташуу тармагында иштеген кыргызстандыктардын ишин оорлотууну сунуштаган.
Орусиянын басылмалары да четте калган эмес. Lenta.ru басылмасы Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күндөрүн «Орус империясына каршы көтөрүлүш» майрамы деп атаган. Ал эми «Взгляд» гезити 1916-жылдагы окуялардан Осмон империясынын изин тапкан.
Вице-спикер Лебедев Кыргызстанда жаңы майрамдардын пайда болушун «бетке түкүрүү» деп атап, аны төмөндөгүдөй түшүндүргөн:
«Биз Орусиянын тарыхын совет дооруна чейинки, падышачыл, постсоветтик, советтик деп бөлөбүз — бул биздин улуу өкөбүздүн бүткүл тарыхы. Эгер кайсы бир мамлекет биздин өлкөгө каршы көтөрүлүш күндү майрам кылса, анда биз аны биздин жарандарга, биздин тарыхка, биздин өлкөгө каршы душмандык кадам деп баалайбыз».
Бул майрамдарды Кыргызстандын учурдагы бийлиги кандай кабыл алат?
Атамбаевдин жолун улоочудан анын тымызын каршылашына айланган Кыргызстандын учурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков 7-ноябрь күнү эртең менен «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине гүл койду. Ал жакта Сталиндин репрессияларынын курмандыгына айлангандардын сөөктөрү коюлган.
Ал жакта сүйлөгөн сөзүндө Жээнбеков көбүнесе 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Октябрь революциясы жөнүндө эмес, дал ошо сталиндик репрессиялар тууралуу кеп кылды. Ал белгилегендей, Совет доорунда Кыргызстанда экономика, маданият, илим, билим берүү жана саламаттык сактоо дүркүрөп өнүккөн, бирок ошол эле учурда кыргызстандыктардын көпчүлүгү саясий режимдин курмандыгына айланган.
«Мындан туптуура 80 жыл мурда 5-7-8-ноябрь күндөрү ушул Чоӊ-Ташта мамлекетибиздин пайдубалын түптөгөн Жусуп Абдрахманов, Мурат Салихов, Осмонкул Алиев, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков жана башка 138 чыгаан инсандардын кырчындай өмүрлөрү кыйылган», — деп эскертти ал кийинчерээк куугунтуктар улантылганын кошумчалап.
Жээнбеков бул окуяларды «трагедияга жык толгон жана кыргыз элинин тарыхында өчпөс кара так калтырган окуялар» деп атады.