Кармалгандарды бошотуу талабы менен 3-декабрда нааразычылыкка чыккандар.
Жергиликтүү тургундар жиберген сүрөт

Чаткал районундагы Терек-Сай айылынын 15 тургуну «милицияга күч колдонгон» деген шек менен кармалды. Шектүүлөрдү чыгаруу үчүн 2-3-декабрда 200дөй тургун нааразычылык митингине чыкты.

Терексайлык 15 тургун 2-декабрь күнү Жалал-Абад шаардык милициясына алынып келинди. Алар «бейбаштык» жана «бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү» беренелери боюнча айыпталууда.

Жалал-Абад облустук ИИБнин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубековдун «Клоопко» айтымында, шектелгендер бир ай мурда, 5-ноябрь күнү, өз милдетин өтөп жаткан куралсыз үч милиция кызматкерине «кол көтөрүшкөн».

«Чаткал районундагы Терек-Сай айылынын “Эти Бакыр Терек-Сай” алтын кен иштетүүчү аймагында кызмат өтөп жаткан “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине ошол айылдын 15 тургуну күч колдонушкан. Жыйынтыгында үч кызматкер ар кандай жаракаттарды алып, учурда алардын бири Бишкектеги бейтапканалардын биринде оор абалда жатат», — деп билдирди басма сөз катчы.

Турдубеков кошумчалагандай, бул окуянын негизинде 6-ноябрь күнү Ала-Бука райондук милициясы «бейбаштык» жана «бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

«Окуя болгон жерден алынган тасма изилденип милиция кызматкерлерине күч колдонгон 15 тургундун өздүгү такталган жана 2-декабрда Жалал-Абад облустук милициясынын тергөө кызматына алынып келинген. Учурда 15 шектүү 94-берененин негизинде Жалал-Абад шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп токтолду басма сөз катчы.

Турдубеков Чаткал районунда абал туруктуу экенин жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Эти Бакыр Терек-Сай» алтын кенинин кеңсесинин алдына нааразычылыкка чыккандар.
Жергиликтүү тургундар жиберген сүрөт

Терек-Сай айылындагы тургундардын бири «Клоопко» билдиргендей, 15 тургунду чыгаруу талабы менен 2-3-декабрда 200дөй тургун нааразычылык митингине чыгышкан.

«Түрк фирмасынын алдына 200-300 адам чыктык. Эрте менен чыкканбыз, караңгы киргенче турдук. Максатыбыз — Жалал-Абадга алып барып камап койгон 15 баланы чыгарыш керек. Боз үй тигебиз дедик эле милиция тиктирбей койду. Алты-жети автобуста 400дөй спецназ келди. Ошол 15 баланы чыгарып алсак, анан бул түрк фирмасын иштебей кетсин деп чыгабыз», — деди аты-жөнүн жашырууну өтүнгөн тургун.

Жергиликтүүлөрдүн «Клоопко» айтымында, милиция менен тургундардын чырдашкан окуясы 5-ноябрь күнү болгон. Анда тургундардын бири «Эти Бакыр Терек-Сай» алтын кенинин уу калдыктары сакталган жайга кирген жылкысын алып чыгуу үчүн барганда, аймакты кайтарып турган атайын даярдыктагы милиция кызматкерлери тургунду өткөрбөй коюшкан.

«Уулуу калдыктарды сактоочу жайга элдин нааразычылыгы болуп келе жатат. Ошол себептүү кен аймагына "спецназдарды" коюшкан. Жылкысына барган баланы [атайын даярдыктагы милиция кызматкери] өткөрбөй, ал тургун досторун чакырып, ортодо кайым айтыша кетишет. Топ бала келгенин көргөн милиция кызматкерлери качып баратып бири бутун сындырып алыптыр», — дейт тургундардын бири.

Терек-Сай алтын кенин иштетүү лицензиясын 2015-жылы «Эти Бакыр Терексай» компаниясы утуп алган. Бул компания «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун алдындагы мекеме болуп саналат.

Терек-Сай алтын кенинде алтындын өндүрүштүк запасы 20-25 тоннага жакын. Анда жыл сайын 150 килограммга жакын алтын концентраты өндүрүлүп, продукция Кытай жана Казакстанга сатылат. Учурда «Эти Бакыр Терек-Сай» алтын кенинде 420 жумушчу эмгектенсе, анын 96 пайызы жергиликтүүлөр.

Редакторлору: Гүлжан Эшбаева, Айсымбат Токоева