Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнө караштуу «Апрель» телеканалынын журналисттерине Сооронбай Жээнбековдон көңүлү калганын, Өмүрбек Бабановдун тартиптүү жүрүм-туруму (ошон үчүн ага каршы иштерди жабыш керек) жана «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын «чөөлөрү» тууралуу айтып берди. «Клооптун» супер кыскача баяндоосу.

Мен КСДПнын атынан президенттикке талапкерди тандап атканда Сооронбай Жээнбековго ишенгем — түштүктөн адам керек болчу. Түштүктөгү бардык кадрларды ошол караган — натыйжада анын бир да кадры мен тууралуу бир да жакшы сөз айткан жок. Жээнбековду көрсөтүү менин катам болду, мен көрсө андан көп нерсени байкабаптырмын. Биздин чатак тууралуу бардыгын Фарид Ниязов айтып берген. Ноябрга чейин бардыгына чыдадым, кудай алдында тазамын. Ал эми Жээнбековдун «көмүскө кассасы» тууралуу айтсам, анда мыйзам боюнча, шайлоо фондусу жогору болгон талапкер президент да эмес, жөнөкөй да мамкызматкер боло албайт. Эч кандай коррупцияга каршы күрөш жок. Коррупционердин бардыгы кайра бажы менен салык кызматына кайтып келип жатышат.

Өмүрбек Бабановго каршы иштер жабылышы керек. Соңку жылда ал бир нерсе өлкөдө биримдик, ынтымакты жана тынчтыкты бузгудай бир да аракет жасаган жок. Ачыгын айтканда Бабановду Жээнбеков экөөбүз [шайлоо алдындагы президенттик жарыш учурунда] алдап кеттик. Президент болбой калганда башкы прокурор менен УКМКнын башчысынан Бабановго каршы иштерди жапкыла деп сурангам, бирок ал кезде президент башка эле.

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылы өзүн «Кыргызстандын көпкөн чөөлөрү» деп атап алышы керек эле. Алар таптакыр кудайдан коркушпайт, кантип ушундай саткын ушакчылар болсун? Менин душмандарымдын башкы жана жалгыз куралы — бул ушак.

• Бул Атамбаевдин соңку айда «Апрель» телеканалына берген экинчи интервьюсу. Мурдагысын экс-президент телеканалга 19-ноябрда орус тилинде (бул жолкусун ал кыргыз тилинде сүйлөдү) берген. Ал учурда Атамбаев Жээнбековдун шайлоо штабынын «көмүскө кассасын» «реалдуу документ» деп атаган.

• 15-ноябрда адвокат Нурбек Токтакунов Жээнбековдун штабынын шайлоо өнөктүгүнө кеткен чыгымдары делген документти жарыялаган. Документке ылайык, штаб өзүнүн расмий бюджетиндегиден 10 эсе көп чыгым кылган — жалпы суммада бул 24 млн долларга чукул каражат.

• 2017-жылдагы президенттик шайлоо учурунда Өмүрбек Бабанов анын башкы атаандашы болгон, ал эми Жээнбеков болсо Атамбаевдин ишин уланта турган талапкер деп эсептелген. Бирок арадан бир жыл өткөн соң президенттер урушуп кетишкен. Бирок алар аны көпкө чейин жашырышкан. Атамбаев учурдагы президент өзүнүн кеңештерин укпай атканына, ал эми Жээнбеков болсо мурдагы президент өзүн «дос жана партиялаш катары» алып жүрбөгөнүнө нааразы.