Жогорку Нарын ГЭС каскаддарынын объектилери. 2016-жыл. Сүрөт: Тилек Бейшеналиев/Kloop.kg

Орусиянын «РусГидро» компаниясы «Жогорку Нарын ГЭС» Жабык акционердик коомундагы (ЖАК) үлүшүн Кыргызстандын «Электр станцияларына» сатууну чечти. Бирок «Электр станциялары» аны сатып алгысы келбейт. Ноябрда «РусГидро» Кыргызстанды Гаага сотуна берген. Ал Нарын дайрасында ГЭС каскаддарынын курулушуна салынган 37 млн доллар инвестициясына компенсация алгысы келет.

«РусГидро» «Жогорку Нарын ГЭС» ЖАКтагы акцияларын сатуу жөнүндө чечимди 6-декабрда кабыл алган: Орусиянын компаниясы долбоордогу үлүшүн «Электр станцияларга» 2,5 млн сомго өткөрүп берүүгө макул. Бул Бишкектеги бир бөлмөлүү батирдин баасы.

Ага карабастан Кыргызстан азыр «РусГидронун» «Жогорку Нарын ГЭС» ЖАКтагы акцияларын сатып алууну пландаган жок дейт Мамлекеттик өнөр-жай комитетинин өкүлү Эрмек Нуржанов.

Анын айтымында, бийлик орус мамкомпаниясынын үлүшүн сатып алып, ГЭС каскаддарынын курулушуна акча салган «РусГидронун» 37 млн долларын төлөп бере турган башка инвестор тапкысы келет. Азырынча андай инвестор жок.

«РусГидронун» акциялары 2,5 млн сомду түзөт деген бааны көзкарандысыз «Swiss Appraisal Russia» баалоочусу аныктаган.

«РусГидронун» маалыматына ылайык, анын «Жогорку Нарын ГЭС» ЖАКтагы акцияларын «Электр станцияларга» өткөрүп берүү тууралуу маселе 2016-жылдан бери чечилбей келет. Компаниянын пикири боюнча, Кыргызстан анын акцияларын сатып алууга милдеттүү, себеби кыргыз бийлиги келишимди биринчи үзгөн, ал эми бул эки тараптуу келишимде жазылган шарт.

«Көрсөтүлгөн чечимдерге, буйруктарга жана макулдашууларга карабастан, Кыргыз Республикасы “Жогорку Нарын ГЭС” ЖАКтагы үлүштү “Электр станциялар” ААКна кабыл алууга багытталган эч кандай чараларды көрбөй жатат», — деп жазат компания.

Каскаддын курулушунда иштеген кызматкерлердин вахталык шаарчасы. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

«РусГидро» «Жогорку Нарын ГЭС» ЖАКтагы үлүшүн эмне үчүн сатууну чечкен?

«Жогорку Нарын ГЭС» ЖАК Нарын дайрасында ГЭС каскаддарын курган кыргыз-орус ишканасы болгон. Компания 2012-жылы түзүлгөн: Орусия тарабынан долбоорго «РусГидро», ал эми Кыргызстан тараптан «Электр станциялар» ишканасы кирген.

Орусия менен Кыргызстан долбоорду ишке ашырууну 727 млн долларга баалаган. Бирок «РусГидро» объекттердин курулушун создуктургандыктан улам Кыргызстан долбоор боюнча келишимди 2016-жылы бир тарапту жоюп, курулуш токтоп калган.

Кыргызстан «Орусиянын экономикасынын абалы начарлап жана күйүүчү майга баа төмөндөп кеткендиктен» улам орус мамкомпаниясы менен келишимди үзгөнгө аргасыз болгонун ошол кезде президенттик кызматта отурган Алмазбек Атамбаев айткан.

Ага жооп иретинде «РусГидро» Кыргызстандан долбоорго салган 37 млн долларын кайтарып берүүнү талап кылган — кыргыз тарап менен түзүлгөн эки тараптуу келишимге ылайык, анын буга укугу бар.

2017-жылы июлда Жогорку Нарын ГЭС боюнча Liglass Trading менен келишимге кол коюу учуру. Солдон оңго: Дүйшөнбек Зилалиев (ал учурда Өнөр-жай мамкомитетинин башчысы болгон), Алмазбек Атамбаев (мурдагы президент) жана Liglassтын директору Михал Смелик. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

«РусГидронун» долбоордогу үлүшүн сатып алууга, анын чыгымдарын компенсациялап берүүгө жана ГЭС каскаддарынын курулушун бүтүрүүгө даярдыгын биринчилерден Чехиянын Liglass Trading компаниясы билдирип чыккан. Бирок чехиялык инвестор Кыргызстандын «РусГидронун» алдындагы карызын өз убагында төлөп бере албай калгандыктан келишим иш жүзүнө ашпай калган.

Liglass Trading менен келишимди үзүүгө кыргыз жана чехиялык журналисттердин материалдары да себеп болгон. Алар Liglass Tradingдин мындай долбоорду аткарууга тажрыйбасы бар-жогуна күмөн санашкан. Андан тышкары, Liglass Tradingдин Кыргызстандагы ишмердигине Чехиянын атайын кызматы да кызыга баштаган.

ГЭС каскадын куруудагы уурулук

Нарында ГЭС каскадарын куруу боюнча чыр-чатактар «РусГидронун» өзүн да айланып өткөн эмес. Компания Кыргызстандан долбоорго салган 37 млн долларынын ордун тургузуп берүүнү талап кыла баштаганда парламенттин депутаттары 2018-жылы февралда курулуштун жүрүшү менен таанышып чыгууну чечишкен.

Депутаттар курулуп аткан объекттерди көрүп чыккандан кийин аткарылган иштин баасы 37 млн долларды чапчыганына ишенбей, долбоордун реалдуу баасы кымбаттатылгандыгы тууралуу айтып чыгышкан.

2016-жылы «Клооптун» журналисттери Жогорку Нарын ГЭС каскаддарынын объектилерин курууга кеткен чыгымдарды изилдешкен

«Клооптун» журналисттери «Жогорку Нарын ГЭС» ЖАКтын 29 тендердик документин изилдеп чыгып, биргелешкен Кыргызстан менен «РусГидро» ишканасынын контракттары дайыма бир күндүк фирмаларга же «РусГидронун» туунду компанияларына өткөрүлүп берилип турганын аныкташкан.

Мисалы, ГЭСтерди куруу боюнча тендерлердин бирөөсүн Орусиянын «ЛенГидроСтрой» компаниясы жеңип алган — бул «РусГидронун» туунду ишканасы. Компания өз кызматы үчүн канча акча алгандыгын көрсөткөн так сан жок. Ар кандай баалар боюнча, «ЛенГидроСтройдун» тендерден тапкан кирешеси 117,6 миллиондон 669 млн сомду түзө алмак.

ГЭС куруудан улам экологияга тие турчу зыянды баалоо боюнча дагы бир кызыктуу тендерди Кыргызстандын «Чүй экологиялык лабораториясы» жеңип алган. Депутат Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, бул компания Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинде иштеген аткаминер Байбагыл Төлөнгутовдун аялына таандык. «Чүй экологиялык лабораториясы» өз жумушу үчүн 13,7 млн сом алган.