Парламенттин экс-спикери Ахматбек Келдибеков

13-декабрда парламенттин мурдагы спикери Ахматбек Келдибеков «Kyrgyztoday» басылмасын сотко берди. Ал басылмага 1 млн сом өлчөмүндө доо койгон. Бул Келдибековдун ЖМК менен соттошуп жаткандагы биринчи эле сот териштирүүсү эмес: мурдараак саясатчы «Азия Ньюс» гезитинин башкы редакторун да сотко берип, аны утуп алган.

«Kyrgyztoday» басылмасынын маалыматына ылайык, Ахматбек Келдибеков маалыматтар сайтынын редакциясынан эки материал боюнча төгүндөө талап кылгысы келет. Ал жакта басылманын журналисттери саясатчы кантип коррупция боюнча иштердин фигуранты болуп калгандыгы тууралуу айтып беришкен.

Мурдагы спикер өз кадыр-баркы менен ар-намысына келтирилген зыянды 1 млн сомго баалаган. Саясатчынын «Kyrgyztoday» басылмасынын үстүнөн берген доосун Бишкектин Биринчи май райондук соту кароодо. Ал иштин материалдарын экспертиза өткөрүп берген. Экспертиза материалда Келдибекодун ар-намысы менен кадыр баркына шек келтирген маалымат бар-жогун аныкташы керек.

Эксперттер өз баасын качан чыгараары азырынча белгисиз. Сот экспертизанын жыйынтыгын алмайынча Келдибековдун «Kyrgyztodayге» каршы ишин белгисиз мөөнөткө жылдырган.

«Клооптун» журналистинин комментарий алуу үчүн Келдибеков менен байланышууга болгон аракетинен майнап чыккан чок.

«Kyrgyztoday» эмне деп жатат?

Басылманын редакциясы Келдибековдун «Kyrgyztodayге» коюп жаткан дооматына макул эмес. Басылманын журналисттери материалда Ахматбек Келдибековго коррупция боюнча айып кандай тагылып, кандайча камакка алынгандыгы тууралуу факттарды гана жазышканын «Азаттыкка» курган маектеринде айтышкан.

«Kyrgyztodayдин» редакциясы өз сайтында Келдибековдун коррупция боюнча айыпталгандыгы тууралуу «6 жаштагы балдар да, 90 жаштагы чалдар да» билишет деп жазган.

Экс-депутат Келдибеков чындыгында эле кылмыш иштеринин фигуранты болгон. 2013-жылы ага каршы эки айып тагылган: коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Келдибеков Социалдык фонд жана Салык кызматынын башчысы болуп турган кезде коррупциялых схемаларга катышкан. Ал эми параменттин спикери болуп турган учурда Москвада Жогорку Кеңештин атайын өкүлчүлүгүн мыйзамсыз ачкан.

Келдибек күнөөсүн мойнуна албай, өзүнө каршы иштерди «саясий мүнөздүү» деп эсептеген.

Саясатчыга карата сот процесстери дайыма «Келдибековдун ден соолугуна» байланыштуу жылдырылган. 2015-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Келдибековдон коррупция беренеси боюнча актап, ал эми экинчиси боюнча 3 млн сом штраф төлөөгө милдеттендирген. Кийинчерээк штрафтын өлчөмү 10 млн сомго чейин көбөйтүлгөн — бул акчаларды Келдибеков 2017-жылы төлөп берген.

Келдибеков эмнеси менен белгилүү?

Ахматбек Келдибеков ар убактарда ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган. Президент Аскар Акаевдин учурунда ал Социалдык фондду жетектеген. Бакиевдин учурунда болсо Салык кызматын башкарган. Ал эми 2010-жылдан тарта 2011-жылдын декабрына дейре парламенттин спикерлик кызматын аркалаган.

Келдибек 2017-жылы президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөн, бирок соттолгондугу жабыла элек болгондуктан шайлоо өнөктүгүнө катышпай калган.

2016-жылы «Клооптун» журналисттери Ахматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматованын Болгариядагы бизнеси менен жер тилкесин табышкан.

Ал эми 2018-жылы октябрда Келдибеков «Азия Ньюс» зетинин башкы редактору Асланбек Сартбаевге карата сот процессин жеңип алган. Бишкектин Октябрь райондук соту Сартбаевди Келдибековго 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген.